Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Жарандык коомду жаңжалдарга үстүрт мамиле кооптондурат


Лейлектин Андарак айылында былтыр 29-декабрда чыккан чатакты милиция ырбатпай басууга жетишти.
Лейлектин Андарак айылында былтыр 29-декабрда чыккан чатакты милиция ырбатпай басууга жетишти.

Укук коргоочулар этностук араздашууларга бийлик ат үстүнөн мамиле жасоодо деп тынчсызданышты.

Бийлик өкүлдөрү бул чукул билдирүүлөргө эмес, кылдат териштирүүлөргө муктаж маселе деп жатышат.


Жаңжал чыгаргандар жазасыз калып жатабы?


Укук коргоочулар кеңеши өз кооптонуусун Кыргызстан аймагында былтыркы ноябрь айынан бери катталган араздашууларга байланыштырды. Аттуу-баштуу укук коргоочуларды бириктирген коомдук кеңештин билдирүүсүндө акыркы фактылар боюнча бир да адам жазаланбай, чара көрүлбөй жатканы белгиленген. Улут аралык араздашуу боёгу бар чатактарга үстүрт мамиле Ош окуясынан да кооптуу кырдаалды түзүп, ал бийликтин легитимдүүлүгүнө доо кетириши ыктымал деп айтылат билдирүүдө.

Андарактыктар жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 31-декабры.
Андарактыктар жаңжалдан кийин, 2011-жылдын 31-декабры.
Ушул өндүү жүйөөлөргө таянган укук коргоочулар президент Алмазбек Атамбаевди, премьер-министр Өмүрбек Бабановду улуттук коопсуздуктун, коомдук тартиптин кызыкчылыгы үчүн бул маселеге олуттуу маани берүүгө, айыптууларды улутуна карабай жазалоого чакырышкан.

Өткөн эки айга чукул аралыкта Чүй, Жалал-Абад, Баткен аймактарындагы Жаңы-Жер, Маевка, Ала-Бука, Андарак айылдарында мушташтар чыгып, себептери жергиликтүү ар кайсы улут өкүлдөрүнүн өз ара пикир келишпестиктери менен түшүндүрүлгөн. Алардын эң опурталдуусу деп кыргыз-тажик калкы аралаш жашаган Андарак айылындагы декабрдын этегиндеги окуя эсептелди. Чогуу жашаган эки улуттун өкүлдөрүнүн ортосундагы чатактан айрым менчик жайлар талкаланып, өрттөлдү. Бийлик тартипти күчөтүп көзөмөлдөөгө аргасыз болду.

Акыркы маалыматтарга караганда, айылда элдешүү жараяны жүрүп жатат. Окуянын чыгышына айыптуу деп шектелген 5 киши депутаттык комиссиянын өкүлдөрүнүн кепилдиги менен бошотулганы 12-январда маалым болду. Чатакташкан эки тарап тең камактагыларды бошотууну сурап кайрылгандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров “Азаттыкка” билдирди. Депутаттын айтымында, тараптар келтирилген чыгымдардын бардыгын өз мойнуна алууга милдеттенишкен.

Ошол эле учурда укук коргоочулар көп улуттуу өлкөдө араздашуу тенденциясы өсүп кетпеши үчүн бийлик олуттуу кадамдарды жасашы керек деп жатышат. Кеңештин төрайымы Динара Ошуракунованын пикиринде, маселени жөндөө үчүн биринчи кезекте бийлик өз жарандарына кам көрүшү шарт, маселен, бийликтин алдында азыр талкаланган мүлктөрдү калыбына келтирип берүү сыяктуу конституциялык милдеттер турат.

Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Андарак дале милициянын күчөтүлгөн көзөмөлүндө.
Бийлик өкүлдөрү болсо этностор аралык мамилелерге байланышкан фактылар толук көзөмөлдө турганын, териштирүүлөрдүн жыйынтыктарына жараша чечимдер кабыл алынарын айтышууда. Аталган айылдардагы окуяларды азыр өкмөттүк, депутаттык комиссиялар териштирип жатат.

Депутаттык комиссиянын курамында Андарак окуясын иликтеп келген депутат Төрөбай Зулпукаров жаңжалдардын өзөгү социалдык маселелерде жатканын белгилеп, дароо чара көрө албаган бийлик өкүлдөрү да жазаланышы керек деп эсептейт:

- Мыйзам чыгаруучу катары менин жеке оюмда айыптуулар жазаланышы керек. Ошол эле мезгилде күч органдарынын убагында чара колдонбой, кечиккендиги үчүн алардын да жоопкерчилиги бар.


Жаңжалга алып келген жагдайлар иликтенүүдө


Улут аралык жаңжалдарга түрткөн, аралашкан, себепчи болгон жарандар Кылмыш кодексинде көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жазасын алышы керек деген принципти Кыргыз өкмөтү да карманып жаткандыгын “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров билдирди. Анын айтымында, премьер-министр 10-январда күч органдарынын жетекчилери менен жолугушту:

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов андарактыктар менен жолугушууда. 30-декабрь, 2011.
Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов андарактыктар менен жолугушууда. 30-декабрь, 2011.
- Жарандардын турмуш-шартка байланышкан талаптары аткарылбагандан кийин улут аралык араздашуу өңүтү келип чыгышы мүмкүн. Эгер жергиликтүү бийликтин жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү өз милдеттерин так аткарса ошондой өңүт болмок эмес. Премьер-министр Өмүрбек Бабанов ошол маселелерди укук коргоо органдарына так койду жана бийлик өкүлдөрү менен ич ара кызматташууну күчөтүүнү тапшырды.

Президенттик администрация болсо шашылыш билдирүүлөр менен чыкканга караганда талылуу деп саналган бул маселени кылдат иликтеп, туура чечим кабыл алууга артыкчылык берүүдө. Мындай маанайды президенттик администрациянын Этностук, диний саясат жана жарандык коом менен мамилелер бөлүмүнүн башчысы Мира Карабаеванын “Азаттыктын” суроосуна берген жообунан байкоого болот:

- Бул маселеге байланыштуу шашылыш билдирүү жасоонун мааниси жок. Биз ар бир окуянын өңүттөрүн иликтеп жатабыз. Бөлүмдүн кызматкерлери, маселен, Баткенге, Жаңы-Жерге барып келишти. Кечээ ал жерде дээрлик беш саатка созулган жыйын өттү. Чогултулган маалыматтарды жалпылоонун негизинде аракеттин конкреттүү планы иштелип чыгат.

Мира Карабаеванын маалыматына караганда, келерки дүйшөмбү күнү президенттин жана өкмөттүн карамагындагы тиешелүү органдар этностук чыр-чатак катары каралып жаткан акыркы окуяларды тармактар аралык жыйында талкуулаганы жатат.

Андарак: жаңжалдын эртеси

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG