Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Көп балалуу аял диний кастыкты козуткан деп соттолду


Сирияга баратып, Москвада кармалган кыргызстандык келин
Сирияга баратып, Москвада кармалган кыргызстандык келин

Таш-Көмүр шаардык соту диний кастыкты козутууга күнөөлүү деп 45 жаштагы көп балалуу аялды эркинен ажыратты.

Тартип коргоо органдары айыпталуучу Шамалды-Сайдагы диний экстремисттик уюмга мүчө аялдар канатынын уюштуруучусу экендигин билдирдүүдө. Бирок келиндин жакындары ал негизсиз жана мыйзамсыз кармалганын билдирүүдө.

Сот жообуна тартылган аялдын тун кызы Назира Тажибаева буларды айтты:

- Сот иштери мыйзамсыз болуп, апам камалып кетти. Болгондо да үйүбүздөн табылган бир дептер үчүн соттолду. Бирок тинтүү учурунда үйүбүздөн эч бир далил буюмдар алынган эмес. Ал эми ичинде ырлары бар дептер кайдан чыкканын өзүбүз да билбей турабыз. Тинтүүгө оперлер келген учурда апам үйдө жок болчу. Дептер табылды деп аны теологиялык экспертизага жөнөтүшкөн. Кийин анын ичиндеги жазуулар мыйзамга каршы келет деп кылмыш ишин козгоп, апамды соттоп жиберишти. Балдары бар экендигин сот көңүлгө алган жок. Апам оорукчан, ден соолугу жайында эмес болчу.

Назира Тажибаева турмушка чыгып, башка жерде жашаганына карабастан, үйүндө калган үч инисин багууга келген. Үйдүн кенжеси 9 жашта, 3-класстын окуучусу. Атасы болсо бир топ жыл мурда кетип калган экен.

Назира экспертиза иштери да мыйзамсыз өткөнүн кошумчалады.

- Кыргызстанда диний материалдарды иликтеген теолог-экспертер жок экен. Биздин иш боюнча табылган материалга экспертиза жасаган үч теологго андай сертификат берилген эмес экен. Бирок алар эмненин негизинде аныктап чыкканын билген жокпуз. Бизди күмөн санаткан жагдай - апам намаз окуп, башына жолук оронуп жүрөт. Акыркы учурларда базарга гана барып келгени болбосо, ооруп сыртка да чыга албай калган. Жакында айылдык мечиттин жанында медресе ачылды. Ошол жакка инимди жетелеп алып барып, ата-энелер чогулушуна катышып турган. Балким укук коргоо органдары ошого шек санап жаткандыр деп ойлоп калдым. Азырынча облустук сотко даттанууга камынган жокпуз. Анткени бизге кеңеш бергендер "апаңарды баары бир чыгарбайт" деп айтышты.

Жети баланын энеси Наргиза Тажибаева учурда Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында кармалууда. 2015-жылдын декабрь айында ИИМдин 10-башкармалыгынын кызматкерлери үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн.

Облустук ИИБнын 10-бөлүмүнүн улук кызматкери Дастан Турдукулов бардык иштер мыйзамдын негизинде жүргүзүлгөнүн айтты:

- Тинтүү учурунда диний китеп жана дептер табылып, Бишкектен келген тергөө тобу өздөрү менен бирге алып кеткен. Ал жактан теологиялык экспертиза дайындашып, анын негизинде кылмыш ишин козгошкон. Андан соң бул ишти УКМК тергеп, сотко өткөрүп берди. Табылган бардык материалдарга Тажибаева меники деп кол коюп берген. Бул жерде эч кандай жасалмалуулукка жол берилген эмес. Баары күбөлөрдүн катышуусунда болгон.

Тажибаева “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмуна активдүү мүчө катары 2010-жылдары эле милициянын каттоосуна алынган. 2012-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренеси менен сот жообуна тартылып, эки жылдык мөөнөтүн абакта өтөгөн.

Турдукулов Тажибаева эркиндикке чыккан соң экстремисттик уюмдан кетпей, Шамалды-Сайда бул уюмдун аялдар канатын уюштура баштаганын кошумчалады.

- Биз ушул уюмга кирген аялдардан сураганда баары Наргиза Тажибаевага карата көрсөтмө беришкен. Алардан алынган диний багыттагы китептердин баарын ушул эже таратканын айтышкан. Тажибаева телефон аркылуу аялдарды бир жерге чогултуп, анан өзү "Хизб-ут Тахрир" партиясы боюнча маалымат берип келген. Соттолуп чыккан соң ар кимдин өз укугу деп уюмдан чыкпай койгон.

Шамалды-Сай шаарчасында учурда 31 адам “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюмуна мүчө катары каттоого алынса, алардын 16сы аялдар. Былтыркы жылы булардын катарындагы 44 жаштагы Барчынай Абдуллаева да төрт жарым жылга эркинен ажыратылган. Адистер соңку учурда бул аймакта аялдар канатынын активдешүүсү байкалып жатканын билдиришет.

“Ислам таалими” коомдук борборунун жетекчиси Дилмурат Орозов түшүндүрүү иштери солгундап калганын белгилеп, бул багытта орган кызматкерлери катуу чараларды көрүү керектигине токтолду.

- Биз буларды акчага сатылган деп да айта албайбыз. Баракчаларды таркатпай калса алар жоголду дегенге болбойт. Анткени "Хизб-ут Тахрирдин" мүчөлөрү ишендирүү жана ынандыруу жагынан өтө катуу иштеп жатышат. 2000-жылдары мен облустун казысы болуп иштеп турган убактарда Шамалды-Сайда бул диний экстремисттик партиянын өкүлдөрү дыйкан чарбасын уюштуруп алышкан болчу. Ошол учурда биз алар менен сүйлөшкөнбүз, түшүндүрүү иштерин алып барганбыз. Бирок акыркы учурларда мындай иштер таптакыр унутта калып кетти. Алар көрбөй жатышат же көрмөксөнгө салып жатышат. Мамлекет жана муфтият тарабынан бул багытта катуу иштер жүргүзүлүш керек.

Облус аймагында учурда "Хизб-ут Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна мүчө катары 530дан ашык адам каттоого алынган. Быйылкы жылы диний экстремизмге байланыштуу 75 факт катталып, 45 кылмыш иши ачылган.

XS
SM
MD
LG