Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Соттон запкы жеген жарандар адилетсиз сотторду иштен алып, мыйзам бузуу менен чыгарылган чечимдерди кайра кароону талап кылууда. Талдоочулар Кылмыш жана жаза кодексиндеги бири-бирине кайчы келген мыйзамдарды ирээтке келтирмейин жана соттордун айлыгын көтөрмөйүн абал өзгөрбөйт деп жатышат.

Парламенттин алдына чыккан жүзгө чукул адамдын ар бири соттун адилетсиздигине даттанып, чуркурап жатышты. Алардын бири - Бишкек шаарынын тургуну Жамалкан Кадыркулова.

Кадыркулованын 17 жаштагы уулу Азамат Токтонасыров балдар рэкетчилигинин курмандыгы болгон экен. Өспүрүм оор жаракатты көтөрө албай, чырактай кезинде өмүрүнөн ажыраган.

Жамалкан айым уулун сабаган балдарды жазага тарттырам деп эки жылдан бери соттон сотко жүгүрүп, Жогорку Сотко чейин жеткенин, бирок андан майнап чыкпай, кылмышкерлер дагы эле эркиндикте жүргөнүн ыйга мууна кеп салды.

- Ал бала соттолгон жок. Күнөөлүү деп эсептелгени менен мунапыс берип коюшту. Моралдык да, материалдык да чыгымдарды төлөп беришкен жок. Мен кирбеген жерим калган жок. Ондон ашык депутатка кирдим. Карайбыз, изилдейбиз дегени менен жыйынтык жок.

Курманбек Осмоновго, Каныбек Осмоналиев, Мадылбеков, мен кирбеген депутат калган жок. Бир дагы сот акыйкат чечим чыгарган жок.


Жалгыз уулунан ажыраган Жамалкан айым акыры өзү оорулуу болуп калып, дарынын күчү менен жүргөн экен. Жолдошу уулунун кайгысынан майып болуп калыптыр.

- Баламды шампандын бөтөлкөсү менен эки жолу башка чааптыр. Эси ооп жыгылып калса, башына таш ыргытышыптыр. Отургучтун жыгачын жулуп алып чаап, 30 топ бала тепкилеген. Жалгыз, караан туткан баламдын сөөгү сөпөт болуп жатып калды. Күндүн эмне болуп алмашып жатканын билбей эле минтип күнү-түнү Ак үйдүн алдында жүрөм, депутаттар мени таанып бүтүштү.

Абадай зарыл адилет чечим

Жамалкан айым өндүү сот адилетсиздигине кабылган жарандардын арызын карай турган демилгечи топ “Ата Мекен” партиясынын алдында түзүлгөн. Үч айдан бери иштеп жаткан бул топко миңге жакын арыз түшүптүр. Ушул тапта 400дөй мыйзамсыз чечимдер чыгарылганы аныкталган. Демилгечи топтун жетекчиси Тилек Жанышев мындай чечимдерди чыгарган судьялардан арылуу керек дейт:

- Бизге маалымат түшүп жатат. Баягы эле соттор өздөрүнчө чогулуп алып, сотторду тандоо кеңешине өздөрүнүн кишилерин киргизип, ошолор аркылуу кайра сот болуп шайланып калабыз деп жатышыптыр.

Эгер мыйзамды бузган соттор кайра шайлана турган болсо, анда бул соттордун чечимине баш ийбейбиз.


30-июнда Сотторду тандоо кеңеши куралат. Мыйзам боюнча анын курамына коалициялык көпчүлүктүн, оппозициянын жана сот тармагынын өкүлдөрү кирет. Парламенттин депутаты, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов буларды айтты:

- Адилеттик чечим болуш үчүн соттук кадрларды өтө кылдат тандоо керек. Алардын баскан эмгек жолун, өмүр жолун жакшылап изилдеп, жашоо образынан бери билип, иликтөө керек. Андан соң чечим кабыл алыш керек.

Ишеним чексиз эмес

Коррупцияга каршы агенттиктин мурдагы стат-катчысы, сот системасы боюнча эксперт Бакыт Бакетаев сотторду алмаштырып жаңылоо менен адилет чечимге жетебиз” деген көз карашка кошула албайт.

Бакетаевдин айтымында, соттордун иштөө инструменти болгон мыйзам, беренелер бири-бирине карама-каршы келген учурлар көп. "Судьялар ошондой жагдайларды пайдаланып, суудан кургак чыгып жатат" дейт талдоочу.

- Мына бул сотторду кир деп, анан башка таптаза сотту алып келип койсун. Бир айдан кийин ал ошол эле беренелерди пайлаланып, анын колу деле капкара болуп калат. Алар иштеп жаткан инструменттер коррупциялашкан, кир болуп жатат. Ошону колу менен кармаса эле кир болуп калып жатат.

Туура эмес чечим кабыл алды десеңиз, беш-алты беренени койот. “Мына, берене жазылган, парламент кабыл алган, мен ошонун негизинде чечим чыгардым” деп койот. Эл чыга берет. Сот билген чечимин ушинтип чыгара берет. Биринчи ошол инструментин оңдоп, анан айлыгын көбөйтсө болот. Антпесе айлыгын да, башкасын да ошентип эле ала берет.


Кыргызстандын сот системасын иликтеген Дүйнөлүк банктын жакында жарыяланган корутундусунда кыргыз сотторуна элдин ишеними төмөн экендиги айтылат. Сурамжылоого катышкан 500 адамдын 34 пайызы гана кыргыз соттору аркылуу өз таламын талашуу мүмкүн экендигин айтышкан.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG