Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:31

Боронов: Селде жоголгон бала изделүүдө

Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана тоо этектериндеги аймактарда сел коркунучу сакталып жатканын эскертүүдө.

Өткөн аптада Кадамжайда болгон селдин кесепеттери, жаратылыш кырсыктарын алдын алуу аракеттери тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов "Азаттыкка" маек курду.

"Азаттык": Кубатбек мырза, Кадамжайдагы селден кийин дайынсыз кеткен баланын тагдыры эмне болду?

Кубатбек Боронов: Баланын кийимдери табылды. Өзү дайынсыз болууда. Издөө иштери уланып жатат. Куткаруучулар машине кулаган жерден баштап, Өзбекстандын чек арасына чейинки аралыкта сууну бойлой издеп жатышат. Жергиликтүү бийлик коңшу мамлекеттин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, кандайдыр бир илинчек болсо кабарлап койгула дешти.

"Азаттык": Селдин кесепеттерин жоюу иштери кандай жүрүүдө? Кадамжай-Пүлгөн-Айдаркен жолу ачылдыбы?

Кубатбек Боронов: 27-майдагы биринчи селден кийин ачылып калган эле. 28-майда кечке жуук экинчи жолу да сел жүрүп, натыйжада кайра жабылып калган жол кечээ ачылды. Таш-топурак жолдун жети-сегиз жерине түшкөн. Азыр тазалоо иштери уланууда. Каттам эки тарапка тең ачык. Бирок жол тар, тазалоо, кеңейтүү иштери жүрүп жатат.

"Азаттык": Селден келген чыгымдар тууралуу айта кетсеңиз.

Кубатбек Боронов: Азыр эсептөө иштери жүргүзүлүп жатат. Кечээ жол ачылганга чейин Орозбеков айылына барууга мүмкүн болбой, комиссия жөө-жалаң барып иштеп жатты. Жол ачылгандан бери үч-төрт топ болуп иштөөгө киришти.

Кадамжай: селдин кесепети
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:15 0:00

"Азаттык": Бул аймак кооптуу аймактардын катарында беле? Ушул селди алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар беле?

Кубатбек Боронов: Кандай деп ойлойсуңар? Эмне жасоого мүмкүнчүлүк бар? Бул жер асканын бети. Асканын бети жардырылып жол салынган да. Тосуп, кандайдыр бир дамба орнотууга мүмкүнчүлүк жок.

"Азаттык": Кыргызстанда мындай жолдор көп да. Алардын кооптуулугу иликтенеби?

Кубатбек Боронов: Сөзсүз иликтенет. Бирок жамгыр кайсы жерде, канча жаай турганы белгисиз. Акыркы мезгилде, 3-4 жылдан бери жаан да ар кандай жаап атат. Бир жерге 10-15 мүнөт катуу төгөт, ошол жерде сел пайда болот. Кыргызстан тоолуу болгондуктан, бул жерде же тиги жерде жаайт, азыр же эртең жаайт, сел жүрөт деп айта албайбыз. Ар бир айылда кокту-колот, тоо-таш бар. Жай жерден деле сел жүрүшү ыктымал болуп жатпайбы. Кокту-колоттордо мындай коркунуч жогору. Тоо этектериндеги бардык айылдар сел коркунучуна дуушар болушу мүмкүн.

"Азаттык": Кадамжайдагы сел кеткен аймактарга алдын ала эскертүүлөр берилген да?

Кубатбек Боронов: Кооптуу аймактарга кирет. Жергиликтүү бийлик кооптуу аймак экенин билет. Ар бирине чыгарылган тыянактар жыл сайын берилип турат. Бирок асканын бетине коргоочу дамбаларды курууга мүмкүн эмес.

Кадамжай: сел чыгымы такталууда

1/13
28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
Сел катуу жүргөн Орозбеков айылында үч үй жашоого таптакыр жараксыз болуп кыйраган. Дагы аныктоо иштери жүрүп жатканын аймакта түзүлгөн штабдан “Азаттыкка” билдиришти.
2/13 Сел катуу жүргөн Орозбеков айылында үч үй жашоого таптакыр жараксыз болуп кыйраган. Дагы аныктоо иштери жүрүп жатканын аймакта түзүлгөн штабдан “Азаттыкка” билдиришти.
28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
3/13 Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
4/13

27-майдагы сел кырсыгында дайынсыз жоголгон үч жаштагы Эльдар Жороевди издөө иштери уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматтар боюнча, бала кырсыкка кабылган "Хонда CRV" автоунаасында болгон.
5/13 27-майдагы сел кырсыгында дайынсыз жоголгон үч жаштагы Эльдар Жороевди издөө иштери уланып жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги өкүлчүлүгү кабарлады. Маалыматтар боюнча, бала кырсыкка кабылган "Хонда CRV" автоунаасында болгон.
28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
6/13

7/13

8/13

9/13

10/13

11/13

Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Азырынча каттамга уруксат бериле элек.
12/13 Учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Азырынча каттамга уруксат бериле элек.
28-майда президент Алмазбек Атамбаев өкмөткө Кадамжайдагы селдин кесепетин жоюу үчүн чара көрүүгө тапшырма берип, каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Кадамжайга учуп барып, жергиликтүүлөрдүн сел жүрүп өткөндөн кийинки абалы менен таанышты.
13/13

Артка
Алдыга

Куржундар
XS
SM
MD
LG