Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

Таштак тазалыкты тандайт


Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнө караштуу Таштак айылында коога учурунда топтолуп калган урандылар эми гана тазаланууда.

Бул аймакта быйыл сел көп жүргөндүктөн урандылардын катарын ар жактан агып келген таштандылар да толуктаган.

Ушул аптадан тарта БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарлыгы жана Эл аралык коргонууга көмөк берүү борборунун каржылык жардамы менен аталган аймак тазалана баштады жана суу жууп кеткен жолдор оңдолуп, атайын түтүкчөлөр орнотулууда.

Уюмдар каржылык жардам бергени гана болбосо, тазалоо иштердин дээрлик баарын жергиликтүүлөр өздөрү жасашууда.

Эл аралык коргонууга көмөк берүү борборунун өкүлү Элвира Икрамованын айтымында, таштандыларды алууга өзүнчө, селден жуулуп кеткен жерлерди оңдоого жана жерге суу түтүкчөлөрүн жаткырууга өзүнчө миң долларга чейин акча бөлүнгөн.

Таштактын тургундары жуманын аягына чейин бардык урандыларды тазалоону пландаштырып, сел жууп кеткен жерлерге түтүк жаткырып, калыбына келтирүүгө ниеттенип жатышат.

Таштак айылында үч миңден ашуун киши жашайт. Июнь коогасында 164 үй күйүп кеткен.

Сүрөт баянды бул жерден көрүңүз.
XS
SM
MD
LG