Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:36

Келдибеков учса эле табышмак жаратчу болду


Парламент төрагасы Ахматбек Келдибеков жашыруун сапар менен Түркия аркылуу Араб Эмираттарына кеткени кабарланууда.

Ушул тапта Араб Эмирлигинде криминалдык лөктөр Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин кармалып жатканын эске алып, шектенген интернет басылмалар жазып чыгышты. Анткени буга чейин "Каприз" эс алуу борборунда А.Келдибеков менен К.Көлбаев жолукканы айтылып, бирок ал маалыматты Улуттук коопсуздук комитети тастыктаган эмес. Бирок төраганын кеңешчиси мындай маалыматты төгүндөдү.

25-июлда Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Түркияга жашыруун учканы кабарланды. Айрым парламент депутаттары төрага Түркияга учканы тууралуу маалымат келгенин, бирок анын кайда экендигин, чындап кеткен-кетпегенин тастыктаган маалымат жок экендигин айтышууда. Ал эми А.Келдибековдун маалымат катчысы менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

“Фергана” интернет басылмасы жазганга караганда, А.Келдибеков парламент аппаратынын кызматкерлерин жана мамлекеттик күзөт кызматынын коштоочуларын жанына алган эмес. Анткени андан аркы баруучу багытын сыр катары сактоо максаты бар.

Басылманын кабарлашынча, К.Келдибековдун бул жолку сапары Араб Эмирлигинде криминалдык лөктөр Камчы Көлбаев менен Алманбет Анапияевдин кармалышына байланыштуу.

Буга чейин “Ата Мекен” фракциясы А.Келдибеков Ысык-Көлдөгү “Каприз” эс алуу борборунда К.Көлбаев менен жолуккан деген маалымат таратып, Улуттук коопсуздук кызматы бул экөө бир эле маалда “Капризде” болушканы чын экендигин, бирок алардын жолукканы тастыкталбаганын билдирген.

Ошентсе да парламент төрагасынын коомдук кеңешчиси Тимур Муратов “Азаттыктын” суроосуна жооп берип, анда болгон маалыматтар боюнча төрага ушул тапта үйүндө эле экендигин билдирди:

- Менде болгон маалыматтар боюнча, дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, менде болгон маалыматтар боюнча төрага үйүндө иштеп атат. Жумушта жок. Азыр каникул убагы. Мен коомдук кеңешчиси катары ушундай жооп бере алам.

Төрага оюн кылып жатканы айтылууда

Төрага Ахматбек Келдибеков буга чейин Орусиядан миллионерлер түшчү “Челленжер” учагын алдырып, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Жаныбек Бакчиев экөө белгисиз жакка барып келишкени айтылган.

Анда төраганын маалымат кызматы “бул төраганын жеке иши” деп жооп кайтарган. Кийин ал жалпы 36 адамды коштотуп, бир учакты айдатып алып эс алуу маалында Малайзия, Индонезияга кетип калып да катуу сынга кабылган. Эми болсо анын Түркия аркылуу Араб Эмирлиги тарапка бет алганы айтылууда.

Саясий серепчи Табылды Акеровдун божомолунда, Келдибеков өзү атайылап “Дубайга кеткен экен” деген жалган маалыматты таркатып, кийин “мен бул жакта эле жүрөм. Мурда деле ушинтип калп эле асылышкан” деп чыгуусу да ыктымал.

Эгерде кеткени чын болсо, шайлоо маселеси боюнча же чындап эле Дубай тарапка баруусу мүмкүн. Кала берсе Көлбаевдер менен алаксытып, шайлоого байланыштуу Акаев же Бакиевдер менен жолугарын болжосо да болот:

- Өзү да президенттикке ат салышканга чечим чыгарып алган болсо, балким анда акча каражаттары боюнча сүйлөшүүлөргө барган болушу мүмкүн. Балким ал Акаев же Бакиев, балким араб өлкөлөрүндөгү ишкерлерге жолугуп, ушул максатта барган болуусу ыктымал.

Келдибековдун бул купуя сапары чын болуп чыкса дагы чоң сынга кабылышы ыктымал. Коомдук өтө маанилүү фигура саналган парламент төрагасы өлкөдөгү президенттен кийинки эле адам. Андыктан “жеке жашоосу” дегенге шылтап, анын кайсы өлкөгө кеткенин, эмне максатта кетип атканын, кимдер менен жолугуп жүргөнүн жашыра берсе, ого бетер шектенүүнү күчөтчүдөй.

XS
SM
MD
LG