Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:48

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кумтөр боюнча парламент кабыл алган токтом боюнча түшүндүрмө берди.

- Өмүрбек мырза, Жогорку Кеңеш бир нече айга созулган талкуудан соң Кумтөр кени боюнча бүгүн токтом кабыл алды. Алгач парламенттин токтомуна түшүндүрмө бере кетсеңиз.

- Жогорку Кеңеш бир жарым жылдан бери токтомдорун өкмөт жетиштүү деңгээлде аткара алган жок деп тапты. Депутаттар өкмөттүн Кумтөр кени боюнча “Центерра Голд” менен макулдашкан меморандумун жактырган жок. Мындан соң Жогорку Кеңеш өз токтому менен өкмөткө төмөнкүдөй тапшырма берди: биринчи, “Центерра Голд” менен сүйлөшүү жүргүзүп, Кумтөрдү өзүнчө бөлүп алып, Кыргызстандын үлүшүн 67% кем болбосун деген тапшырма.

Экинчи, өкмөт сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын күтпөстөн эле, жакынкы күндөрдө “Центерра Голд” менен келишимден бир тараптуу чыгуу боюнча документтерди даярдап, Жогорку Кеңешке киргизсин деген тапшырма болду. Мына ушул эки тапшырма 23-декабрга чейин аткарылсын деген мөөнөттү белгиледик.

- Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд” компаниясы менен 67% үлүшкө макулдашса, келишимден бир тараптуу чыгуу боюнча тапшырма күчүн жоготобу?

- Эгерде “Центерра Голд” макул болуп, Кумтөрдү өзүнчө бөлүп чыгарып, Кыргызстандын үлүшүн 67% жеткирүүгө макул болсо учурдагы келишим жокко чыгышы керек. Анда эки тараптын макулдугу менен жокко чыккан болуп эсептелет. Эгер “Центерра Голд” мындай шартка макул болбосо, Кыргызстан бир тараптуу келишимден чыгып, Кумтөргө өз көзөмөлүн жүргүзүшү керек.

- Келишимден бир тараптуу чыгуу процедурасы кандай болот?

- Биздин азыркы түшүнүгүбүз боюнча өкмөт 2009-жылдагы келишимди жокко чыгаруу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке киргизет. Анын бир бөлүгү болуп 2003-жылдагы келишимди дагы жокко чыгаруу сунушу киргизилиши керек. Мына ушундай мыйзам аркылуу биз келишимден бир жактуу чыгып, өкмөткө тиешелүү тапшырма беребиз.

- Бул эми Кыргызстан тараптын позициясы болууда. Бирок “Центерра Голд” компаниясы Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 50% ашырууга эч мүмкүн эмес, келишим бузулса, Эл аралык арбитражга кайрылабыз деп билдирди. Сиздин оюңузча “Центерра Голддун” мындан аркы аракеттери кандай болушу мүмкүн?

- Албетте, алар эл аралык сотко берүүгө аракет кылат. Бирок алардын бараар жери алыс деле эмес. Кандай болгон күндө да, алтын бизде, чындык биз тарапта. Алар биз айткан сунушка макул болууга мажбур болот деп ишенем. Акыркы 50 жыл ичинде Латын Америкасы, Азия, Африка өлкөлөрүндө мындай окуялар жүздөп болгон. Ал өлкөлөрдө да алтын, мунай, газ сыяктуу кен байлыктарды мурдагы колонизаторлор текейден арзан сатып, ээлик кылып алган. Эл көтөрүлүп, бийлик, өкмөтү алмашып, мындай келишимдер кайра каралган. Бул дүйнөдө боло келген көрүнүш. Мындай окуялар Өзбекстан, Казакстан, Орусияда деле болуп жатат. Бул компания биз менен макул болууга мажбур болот. Бирок биз аракет кылбастан туруп эле, жетекчилерибиз баш болуп, “күн көрбөй калабыз” деп өз элибизди коркутканыбыз туура эмес.

- Кыргыз өкмөтү Кумтөрдөгү өндүрүш токтоп калса экономикага терс таасир тийгизет деп айтып жатпайбы?

- Эмне үчүн Кумтөр иштебей калышы керек? Өкмөт көзөмөлдү алып, аны иштеткенге милдеттүү. Андай кылгандын ордуна, “кен казуу токтоп, иштебей калат” деп өкмөт элди коркутуп жатат. Бул ойдон чыгарылган нерсе.

- Ал эми өкмөт Жогорку Кеңештин токтомун толугу менен аткарат, андан майнап чыгарат деп ишенсек болобу?

- Бүгүн өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев “муну аткаруу мүмкүн эмес, бул аткарылбайт” деп коркутту. Токтомго кол коюлуп, күчүнө кирген соң азыркы өкмөт аны аткарат. Аткара албаса, анда “муну жасай алам” деген азаматты таап, өкмөттүн башына отургузуубуз керек.

- Демек, Кумтөр боюнча 2003-жылы жана 2009-жылы кабыл алынган келишимдерди жокко чыгаруу процессинин башталышы деп атасак болобу?

- Ооба, ошондой жараяндын башталышы.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG