Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Элеттин эсин оодарган лизинг


Лизинг баасы кымбат болгондуктан дыйкандар техникага жетпей кыйналууда.
Лизинг баасы кымбат болгондуктан дыйкандар техникага жетпей кыйналууда.

Кыргызстанда айыл чарба техникаларынын кымбаттыгынан көпчүлүк дыйкандар лизинг кызматын колдоно албай жатышат.

Калкты чет элдик арзан шаймандар менен камсыздоого болорун айткандар арбын болгону менен, Айыл чарба министрлиги мындай техникага сапат кепилдиги жоктугун эскертүүдө.

Ат-Башы районунун тургуну Жусуп Кудайбергенов лизинг баасынын кымбаттыгына байланыштуу төрт-беш жылдан бери техника алалбай келет:

- Жаңылыктардан тынымсыз лизинг тууралуу угуп, “Айыл банкка” кайрылганбыз. Бирок алар сунуштаган тракторлордун баасы пайыздык үстөктү кошкондо 30 миң долларды чапчып, айына жок эле дегенде 400-500 доллардан тиет экен. Элетте төрт-беш гектардай жер иштетип, жан баккан биздей жарандар үчүн бул чоң каражат да.

Жазгы талаа иштеринде техниканын тартыштыгы дыйкандарды кыйнайт
Жазгы талаа иштеринде техниканын тартыштыгы дыйкандарды кыйнайт

Айылда Жусуп Кудайбергеновго окшоп техникага жетпей жүргөн дыйкандар ондоп саналат:

- Биздин айылды эле мисалга алсак, үч кишиде гана трактор бар. Элдин баары аларга көз каранды. Техника талаш айрыкча жазгы талаа иштери башталганда жана күзүндө түшүм жыйнаган кезде бөтөнчө күчөйт. Колунда техникасы бар адамдар кааласа жерди айдап берет, каалабаса акча төлөп берем десең да көнбөйт. Мындай жагдайдан улам канча деген жерлер иштетилбей калууда. Мага окшоп лизингге трактор алам деп, бирок кымбатчылыктан улам ага жетпей жүргөндөр толтура. Шаарга улам каттаган аракеттен майнап чыкпай жатпайбы.

Бийлик “Айыл банк” аркылуу Беларус техникаларын гана лизингге бердирип, бизди жакын жолотпой жатат. Алар биз сунуштаган шаймандар эски деген шылтоону айтып келишет.
Манас Саматов

Атбашылык фермер быйыл лизингден пайда жок экенине көзү жетип, 34 жыл мурун чыгарылган эски тракторду айылдашынан 4 миң долларга сатып алууну максат кылууда.

Сырттан техника ташуу менен алектенген айыл чарба адиси Манас Саматов Германия, Италия, Түркиядан мурда колдонулган, бирок сапаты мыкты техникаларды арзан баада алып келсе болорун, анткен менен өкмөт буга макулдук бербей жатканын билдирди:

- Беларус өндүрүшүнө салыштырмалуу эски болсо да жакшы, бирок баасы эки эсе арзан техниканы алып келип, дыйкандарга сунуштай алабыз. Бирок бийлик “Айыл банк” аркылуу Беларус техникаларын гана лизингге бердирип, бизди жакын жолотпой жатат. Алар биз сунуштаган шаймандар эски деген шылтоону айтып келишет.

Манас Саматов
Манас Саматов

Манас Саматов муну карапайым дыйкандардын көйгөйүн көз жаздымда калтыруу, өзүмбилемдик жана элдин арзан техникага жетишине бут тосуу катары кабыл ала турганын кошумчалады.

Айыл жана суу чарба министрлигинин өкүлү Нурлан Кожогулов лизингге берилип жаткан техникалардын кымбат экенин моюнга алып, эски, бирок сапаттуу чет элдик шаймандарды алып келүүгө эмне себептен уруксат берилбей жатканын “Азаттыкка” минтип түшүндүрдү:

- “Айыл банктын” мурда пайдаланылган техникаларды лизингге бербей жатканы - алардын сапаты менен байланыштуу. Жаңы техникаларды чыгарган компания эгерде кандайдыр бир мүчүлүштүк болсо, аны оңдоп берет. Ал эми эски шаймандарды алганда мындай кепилдик жок.

Аталган мекеме кабарлагандай, “Айыл банктан”техникаларды лизингге берүү долбоору 2012-жылы башталган. Төрт жыл аралыгында 1600дөн ашуун техника дыйкандарга таратылган. Көбүнесе Беларустан алып келинген жабдыктар сатылат. Маселен, ”Беларус –МТЗ-82” үлгүсүндөгү трактордун баасы 1 миллион 180 миң сомдон арзан эмес. Ал эми Беларус ишканасынын сайтындагы маалыматтарга таянсак, анын заводдон чыккан наркы 700 - 800 миң сомдун тегерегинде. Бул өлкөдөн чыгарылган айыл чарба шаймандарын Кыргызстанга “Автомаш-радиатор” компаниясы ташыйт.

XS
SM
MD
LG