Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58
Кыргыз маданиятынын негизги жерпайы, түгөнгүс башаты, руханий уңгусу - илгертен эле биздин төл адабиятыбыз, кыргыз адабияты болгон эмеспи. Адабиятыбызда кыргыз элинин эң башкы байлыгы - тил байлыгы, сөз байлыгы сакталып калды. Ошол баасы чексиз байлыкты кагаз бетине түшүрүп, чыгарма түрүндө сактап, китеп кылып басып койгон биздин жазуучулар, айрыкча классиктерибиз болду - муну эч качан унутпашыбыз керек.

Ошол классик жазуучуларыбыздын төл башыларынын бири, улуттук маданиятыбызга сиңирген зор эмгеги бар, ошону менен бирге башкалардан кескин айырмаланган тагдыры, эң бир кызыктуу чыгармачылык дүйнөсү бар сөз чеберлеринин бири - албетте Аалы Токомбаев.

Анын эмне деген өзгөчөлүгү, кандай чыгармачыл дүйнөсү, тагдыры жана табылгалары бар эле? Эгер узун сөздү кыска кылып туюнтсак, мындай деп жооп берүүгө болоор эле: Аалыкебиз бороон-чапкындуу заманда туулуп, ошол заманы сыяктуу уйгу-туйгу өмүрдү өтөдү. Турмушу кармашта, күрөштө жүрүп өттү. Совет заманы Аалы Токомбаевди кандай алаканга салып көтөрсө, ал да Совет заманынын ырын аягына чейин ырдап, чоорун бүт таланты менен тартты. Кан төксө кан төккөнүн ырдап, репрессия кылса репрессиясын жактады. Анткени ошол замандын кулуну, ошол кездеги идеологиянын чабарманы жана жоокери, жан дили менен берилип ырдаган ырчысы эле.

Чыгармаларында да ошол опурталдуу жылдардын, бороон-чапкындуу доордун көркөм элеси турат: “Жараланган жүрөк”, “Кандуу жылдар”, “Күүнүн сыры”, “Күндүн чыгышы”, “Мезгил учат”, “Акай мерген”, “Бакыт издеген индус” ж.б. Адабияттагы зор жетишкендиги “Кандуу жылдар” (жаңы редакциясынан кийинки аты “Таң алдында”) деп аталган ыр менен жазылган роман болду. Поэзиядагы өлбөс-өчпөс шедеври “Коммунизмге”, “Ленин китепканасынын окуучулары” ж.б. болду.

Күндөр учат канаты бар немедей,
Айлар сызат кербен тарткан кемедей,
Жылдар жылга куюулушат токтобой,
Кайда барат дөңгөлөнүп ченебей?
Ал баратат чокусуна таалайдын -
Коммунизм - ал түбөлүк середей, - деген саптар Аалыкени эле эмес, бүтүн кыргыз совет адабиятынын классикалык үлгүсү, социалисттик реализм адабиятынын накта шедеври десек эч бир аша кетпейбиз.

Аалы Токомбаев чыгармачылыкта да, жашоо турмушунда да чыныгы коммунист, тоталитардык-репрессивдик коомдун туундусу эле. Ошол себептен анын көз караштарын, саясий позицияларын жана дүйнө таанымын тең бөлүшпөгөн адамдар менен эч качан ымаласы келишчү эмес, ар дайым принципиалдуу саясий күрөшкө чыкчу. Пикири келишпегендерди марксисттик, таптык позициялардан туруп сындачу, жеке душманы, келишкис оппоненти катары карачу.

Ага далил - анын узак жылдар бою 20-30-жылдардагы кыргыз маданиятынын эң эле ири өкүлдөрүнүн бири, окумуштуу, жазма адабиятыбыздын түптөөчүлөрүнүн бири жана белгилүү коомдук ишмер Касым Тыныстанов менен болгон кармашы. Аалы Токомбаев менен Касым Тыныстановдун кармашы, абдан саясатташып кеткен эрөөлү - бул өзүнчө чоң тарых, керек болсо жалпы улуттук мааниси бар трагедия десек да болот. Ырас, бул каршылашуунун башын Тыныстанов баштады; ал Аалыкенин Ленин тууралуу кошок иретинде, жоктоо иретинде жазган поэмасын туура эле, адилеттүү эле сындагандан соң экөөнүн ортосунда узакка созулган пикир келишпестик башталып, ал бара-бара сөөк өчтү душмандыкка айланды.

Кийинчерээк Тыныстановду күнөөлөө чоң саясий процесске айланып, “пантүркист”, “буржуазияны жактаган улутчул” ж.у.с. оор айыптар тагылды. Касым өмүрүнүн акыркы жылдарын жалаң коргонуу, актануу менен жүрүп өткөрдү. Акыры Касым Тыныстанов 1938-жылы атылып кетти.

Бирок Аалы Токомбаевди жалаң эле партиячыл, саясатчыл жазуучу жана акын деп мүнөздөгөн бир беткейлик, абдан чоң жаңылыштык болоор эле. Жок, Аалыке кыргыз элинин таманы ташка тилинген оор күндөрүн да, теңдикке жетпей зарлаган заманын да, кийин өзгөрүш доорго бет буруп, жаңы турмуштун даңгыр жолунда кайра жаңырганын да көп ырдады. “Кандуу жылдар” аттуу орошон чыгармасын Аалыке өзү айткандай “жүрөк канын сыя кылып” туруп жазды; нечен философиялык мааниси бар ырларды, азыркыга чейин кызыктуу жана терең повесттер менен аңгемелерди жазды, драматургияда да күчүн сынады. Ошентип кыргыз адабиятынын чыныгы дулдулу, узакка чуркаган күлүгү боло алды.

Ырас, Аалы Токомбаев менен Чынгыз Айтматовдун 80-жылдардагы катуу кармашы - эч бир эстен кеткис тарыхый окуя. Ток этээрин айтсак, бул катуу конфликтте эки адам эмес, эки доор кагылышты. Экөөнүн тең катуу туруп жактаган чындыгы, терең ишеними, көз карашы болду. Аалы Токомбаев кетип бараткан коммунисттик доордун акыйкаттарын жан дили менен жактаса, Чынгыз Айтматов жаңы көз жарып келаткан постсоветтик доорду, түп тамырынан өзгөрүп кеткен коомдук жана улуттук аң сезимди ортого алып чыкты.

Мына азыр Кыргызстаныбыз эгемен болгонуна 22 жылга толуп баратат. Тарых баарын орду-ордуна койду. Аалы Токомбаев кыргыз маданиятынын сеңирдей болгон бийиктеринин бири катары ордун баары бир ээледи. Касым Тыныстанов болсо жазма адабиятыбыздын баштоочусу, зор окумуштуу-агартуучу жана коомдук ишмер катары татыктуу ордун баары бир тапты. Ал эми Чынгыз Айтматов болсо бүгүнкү күндө кайра жаралган Кыргызстандын, жалпы эле түрк дүйнөсүнүн жаркын жылдызы, символу болуп калды.

“Сайдыкы - сайга, суунунку - сууга” дегендей, саясат саясаттын орду менен, маданият маданияттын нугу менен кете берет экен. Башкача айтканда, көз алдыбызда тирүү тарых катары сакталып калган Аалыкенин “Өмүр бизден өтүп кетсе - эл эмгектен эскерсин” деген сөзү эң бир кеменгерлик менен айтылган сөз экени дагы бир жолу билинди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG