Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:14

Бүгүн – Элдик ыңкылап күнү. 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин 24-мартты белгилөө тууралуу коомчулукта ача пикирлер айтылып келет.

Мындан туура жети жыл мурда 24-мартта мурдагы президент Аскар Акаевдин башкаруусуна нааразы болгон миңдеген демонстранттар өкмөт үйүнүн алдына чогулуп, милицияны четке сүрүп таштап Ак үйгө кирип барган. Натыйжада президент үй-бүлөсү менен Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болгон. Ак үйдүн жетинчи кабатынан кагаздар менен бирге компьютерлер ыргытылган. Түнү менен шаардагы дүкөндөр таланып-тонолуп, шаар таанылгыс абалга келген.

Ошол кездеги оппозиция макулдашылган талапкер катары Курманбек Бакиевди президенттикке сүрөп, бийликке алып келген. Ал президенттикке келгенден бир жыл өтпөй кайрадан бийликти бир колго топтоосу байкалган. Буга нааразы болгон ошол кездеги парламент депутаттары 24-мартты майрам катары белгилөө сунушун кабыл алган эмес. Бирок 2007-жылы К.Бакиев парламентти таратып, жаңы шайланган парламентке өзү түзгөн “Ак жол” партиясын алып келген. 2008-жылы “Ак жол” партиясы бул күндү майрам катары белгилөө сунушун колдоп берген.

Анткен менен 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин 24-мартты белгилөө тууралуу коомчулукта ача пикирлер айтылып келет. Бир даары элге ок аткан бийлик такка келген күндү майрам катары белгилөө туура эместигин айтса, айрымдары миңдеген адам үй-бүлөлүк башкарууга каршы чыкканын жүйө тутуп, бул күн тарыхта өз ордун табышы керектигин белгилешүүдө.

Өткөн аптада Жогорку Кеңеш март ыңкылабын майрам катары белгилебей койсо да боло турганын айтышып, бирок расмий чечим кабыл алынган эмес. 23-мартта Жаштар, эмгек жана жумуштуулук министрлиги 24-март календарда кызыл бойдон кала турганын кабарлады.

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев ошол кезде Акаевдин үй-бүлөлүк башкаруусуна каршы чыккан оппозициянын алдыңкы сабында жүргөндөрдүн бири болчу. Ал 2005-жылы эле 24-мартты майрамдоого каршы чыккан. Анын себептерин партия жетекчиси мындайча чечмеледи:

- Бул жеке бир үй-бүлөнүн же жеке топтун бийликке келген аземи, салтанаты болбошу керек. 7-ноябрь деле 1917-жылы эмес, 30-жылдардан кийин мамлекеттик майрам деп эсептелген. Майрам болуш үчүн, ал күндүн тарыхый мааниси элге ачык, даана болуш үчүн убакыт өтүш керек. "Убакыт алыстаган сайын улуу нерсенин баркы билинип, көрүнөт", - деп, ошондо эле каршы чыкканбыз. Ошондо эле биз бул жерде адилеттүү пикир болбойт, саясатчылардын мууну алмашсын, чайкалган эл ордуна келсин, 10-15 жылдан кийин, балким 50 жылдан кийин биздин бала-чакалар баа бериши мүмкүн. Биз өзүбүзгө өзүбүз баа берип, өзүбүздүн, саясий топтун жеңиши катары мыйзам менен бекемдеп койгонго шашпашыбыз керек.

Өткөөл учурдун президенти Роза Отунбаева 24-март жана 7-апрель - эки тарыхый окуя тең татыктуу белгилениши керек экендигин сунуштаганы бар. Экс-президент 24-марттагы элдик ыңкылаптын жетишкендиктери кийинки шайланган президент Курманбек Бакиев бийлиги тарабынан уурдалып кеткендигин, ошентсе да 24-мартты элдик биринчи ыңкылап катары тарых барагынан өчүрүп коюуга мүмкүн эмес экендигине 2011-жылы ыңкылапка арналган жыйында токтолгон болчу.

Саясий серепчи Марс Сариевдин миңдеген адам көтөрүлгөн март ыңкылабы уурдалып кеткен деген пикирлерге кошулат.

- Эл чындыгында Акаевге каршы көтөрүлгөн. Боспиекте канча адам өлдү... Ошондуктан революция болду деп ойлойм. Бирок элитанын, мурунку партноменклатуранын жарымы аны пайдаланып, революцияны уурдап кеткен. 24-апрелде келген бийлик бат эле чирип кетти. Ошентсе да майрамды өткөрүш керек, анткени эл түндүк-түштүк дебей көтөрүлүп, Акаевди айдап чыккан.

Ал ортодо Ошто "Март Элдик революциясы" коомдук бирикмеси 24-мартты Элдик майрам катары белгиленишин талап кылып чыгышты. Аталган бирикменин өкүлү Абдылда Кутпидинов талаптары аткарылбаса, митингге чыгышарын, Элдин майрамы – Бакиевдики эмес экенин белгиледи.

Эл арасында болсо 24-марттагы ыңкылапка өлкө түштүгүндөгү толкундоолор көбүрөөк себеп болгону белгиленип жүрөт. Серепчи Табылды Акеровдун белгилешинче, 2005-жылдагы көтөрүлүш ишке ашпай калган. Анткени бийликке кландык топтор келип, алар бийликти акырындык менен өздөрүнө ылайыктап калыптандырып, үй-бүлөлүк-кландык системаны улантып кеткен. Ал эми 24-март - майрам эмес, үй-бүлөлүк башкаруу системасына каршы күрөшүү күнү катары гана белгилениши керек.

- 2005-жылы чындыгында өзөгүн түштүктүк саясатчылар түзгөн. Түндүктөн ал жерде бир-эки саясатчы болбосо, борбордук аянтта кошулган. Бирок толкундоолор жалпы өлкө боюнча жүрүп, Кыргызстан эли үй-бүлөлүк, кландык системага каршы экендигин көрсөтүшкөн. Мындай талаптар менен Кочкордо, Таласта, Ош менен Жалал-Абадда чыгышкан. Бирок саясатчылар абалды баамдап туруп, өз кызыкчылыктарында бийликке келип алышкан. Башкача айтканда жаңы кландык топ жана бизнес-элита бийликке келген. Ошондуктан 24-мартты майрам катары эсептөө тарыхый жактан алганда туура эмес болуп калат, бирок кландык, үй-бүлөлүк башкаруу системасын кулатууда чоң мааниге ээ күн катары эсептелет.

Канткен менен Кыргызстанда март ынкылабы болбосо апрель окуясы болбойт эле, апрель болбосо үй-бүлөлүк-кландык башкаруу, авторитардык, коррупциялашкан режимге каршы күрөшүү болбойт эле деген пикирлер айтылып жүрөт. Тарыхчы жана журналист Кыяз Молдокасымов 7-апрелди март ыңкылабынын уландысы катары көрөт.

- 24-март тарыхта сөзсүз түрдө өзүнүн ордун табыш керек. Эч качан аны жокко чыгарууга болбойт. Анткени ушул 24-март болбогондо Кыргызстанда коррупцияга баткан үй-бүлөлүк башкаруу, авторитардык система ооздукталбайт болчу. Марттагы жалпы элдик көтөрүлүш, элдик нааразылыктын натыйжасында президент качып кетүүгө аргасыз болгон. Айрым бир саясатчылар белгилегендей, “24-мартта түштүкчүл оппозициялык саясатчылар келип, бийликти ээлеп алган” дегендей пикирлер да туура эмес. Бул жерде түштүк-түндүк дебей жалпы кыргыз эли чыккан. Бийликти эл алып берди, аны шылуундар пайдаланып кетти.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, быйыл бул күн өзгөчө шаан-шөкөт менен белгиленбейт. Бирок президент Алмазбек Атамбаев тарыхый окуяга байланыштуу 23-мартта калкка кайрылып, алдыда дагы бир топ сыноолор күтүп турганын айткан.

Ошондой эле "биз коррупцияны, улутчулдукту, жердешчиликти жана маңкуртчулукту жеңишибиз керек. Кыйынчылыктарга моюн бербестен биз максат кылган жолубуздан эч убакта тайбайбыз”, - деп белгилеген.

(Президент Атамбаевдин кайрылуусун бул жерден окуңуз)

Президент кайрылуусунда белгилегендей, тарых өткөндөн сабак алууга үйрөтөт. Бирок март ыңкылабын майрам катары же такыр эле белгилебөө демилгелери апрель окуясына да доо кетириши мүмкүн дешет серепчилер.


пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG