Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:38

Депутаттар интернетти тескөөнү сунуштады


Иллюстрация
Иллюстрация

“Республика Ата-Журт” фракциясы маалымат агенттиктерди, интернет басылмаларды жалпыга маалымдоо каражаттарына теңеп, көзөмөлгө алуу демилгесин көтөрүп чыкты.

“Республика Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабановдун ишендиришинче, интернет булактарын мыйзам менен көзөмөлдөө өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууну көздөйт.

- Биз сөзсүз түрдө маалымат агенттиктерин маалымат каражаттарына теңейбиз. Жазган адам маалыматына абдан жоопкерчиликтүү мамиле жасашы керек. Интернет аркылуу адамды каралап коюу оңой. Туура эмес маалымат жарыялап коюп, кайра актануу абдан оор. Бизде биринчи болуп кыйкырып чыккан кишиники эле туура боло берет. Ошондуктан клавиатуранын артында турган адамдар да жазардан мурда жоопкерчиликти сезиши керек.

Бабанов маалымат каражаттарын мыйзам аркылуу көзөмөлдөө аракети парламент тарабынан системалуу түрдө жүрөрүн кошумчалады.

Журналистттерди жүдөткөн демилгелер...

Буга чейин Жогорку Кеңеш чет өлкөдөн каржыланган медиа уюмдардын каражаттарына жана кожоюндарына чектөө киргизүүнү демилгелеп, коомчулуктун катуу сынынан соң аталган сунуш өзгөрүүгө дуушар болгон. Биринчи окууда колдоо тапкан мыйзам долбоору боюнча чет элдик жарандар телеканалдардын 35 пайыз үлүшүнө гана ээ боло алат. 65% үлүш кыргызстандыктардын колунда болууга тийиш.

Буга удаа эле парламент телеканалдардагы көрсөтүүлөрдүн 50 пайызы кыргыз тилинде болуусун милдеттендирген мыйзамды 2-окууда кабыл алган.

Журналист Аскер Сакыбаева телепрограммалардын мамлекеттик тилде болушун колдойт. Бирок ал Бабанов көтөрүп жаткан интернет булактарды маалымат каражатына теңөө мыйзамын сөз эркиндигин чектөөгө болгон кезектеги аракет деп эсептейт.

- Бийликтегилер интернеттин таасири күчөгөнүнөн коркуп жатышат. Алар бийликке карата айтылып жаткан сындарды чектегиси келет. Анткени журналисттер өлкөдөгү ишке ашпай жаткан реформаларды, былык иштерди чукуп чыгат. Эгер журналисттер туура эмес иш кылса азыркы мыйзамдар менен деле жоопко тартып, соттоп жиберсе болот. Муну бийликтегилер жакшы билет. Болгону мындай демилгелер жалпыга маалымдоо каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн чектөөгө багытталган.

Ошол эле учурда демилгени колдогондор да жок эмес. Улуттук “Кабар” маалымат агенттигинин башчысы Кубан Абдымен күн санап көбөйүп бараткан интернет булактарды тескеген мыйзам заман талабы болгонун айтат.

- Жаңы мыйзам замандын талабына ылайык болуп жатат. Күн сайын маалымат агенттиктердин, интернет сайттардын таасири күчөп баратат. Буга чейин интернетти жөн гана ресурс деп карагандыктан, жазган маалыматтары үчүн жооп беришчү эмес. Мыйзам кабыл алынса, аларды мыйзам чегинде жоопко тартууга мүмкүн болот.

Медиа тармагындагы юрист Акмат Алагушев интернет дүйнөгө тегиз жайылган мезгилде аны мыйзам аркылуу ооздуктоо мүмкүн болбогонун айтат. Анын оюнда мыйзамдарды кабат-кабат кабыл алган күндө да, заманбап медианы көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

- Азыр ар бир чөнтөктө телефон бар. Интернет аркылуу баарын көрсө болот. Демилгечилер болсо эскиче ойлонуп көзөмөлгө алабыз деп жатышат. Мыйзам кабыл алса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Андан көрө өзүн-өзү көзөмөлдөө механизмин жакшыртышыбыз керек. Дүйнөлүк медиаларды мыйзам чектебейт, алар өзүн-өзү көзөмөлдөйт.

1992-жылы кабыл алынган мыйзам боюнча маалымат агенттиктери, интернет басылмалар жалпыга маалымдоо каражатына кирген эмес. Медиа эксперттер ЖМК мыйзамына дембе-дем сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдүн бардыгы сөз эркиндигин чектерин айтышат.

XS
SM
MD
LG