Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:16

Орусияда мигранттар полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркап келет.

Полициянын опузалап пара алуусу, мыйзамсыз камоосу, кордоп, басмырлоосу Орусияда кеңири жайылган көрүнүш. Укук коргоочулар кээде терс мамилеге мигранттар өздөрү да шыкак берип жатканын айтышууда.

Москвада иштеген Азамат Токошев орус полициясынын кызматкерлери аны жөн жерден эле күнөөлөп, айып төлөөгө мажбур кылганына капа. Бирок ал бул туурасында тиешелүү органдарга арызданган эмес:

- Метродон чыкканда эле токтотуп, документтин бар-жогуна карабай мигрант аттуунун баарынан 500 рублдан алышты. Менден сураганда, «документтерим туура, эмнеге беришим керек?» дедим. Депортация кылабыз деп коркутканына карабай, пара берген жокмун. Анан Федералдык миграциялык кызматка алып барышып, ал жактан документтерим туура экенин көрүштү. Ошого карабай, "жолду туура эмес жерден өттүң" дешип жөндөн жөн эле миң рубль айып төлөтүштү. Кечээ болсо, мени менен чогуу иштеген кишини эртең менен 8де кармап, түшкү 2де араң коё беришти. Аны да эч себепсиз эле камап коюшкан.

Мигранттарды текшерүү. Орусия. 2013-жыл.

Мигранттарды текшерүү. Орусия. 2013-жыл.

​Фамилиясын атабоону өтүнгөн Жамиля аттуу мекендеш өткөн жумада полицияга кармалып, чөнтөгүндө болгон акчасын кактырганын айтып берди:

- Полиция бөлүмүнө алып барышты. Компьютер аркылуу эч нерсе текшеришкен жок. Бирок шымымдын чөнтөгүнөн баштап капчыгыма чейин тинтүү жүргүзүштү. Канча айып пул төлөйм десем, сеники 5-7 миң рублга жетти дешти. Менде андай акча жок экенин айтсам, камап коюшту. Мени кармаган полициячылар ичип алышкан экен, экөө тең жыттанып турду. Мен аларга 2 миң берейин, калганы өзүмө керек дедим. Болбой эле жанымдагы 4 миң рублдин 200үн гана кайтарып берип жолго салышты.

Мигранттардын көйгөйү боюнча иштеген «Тонг Жахони» уюмунун жетекчиси Валентина Чупик күнүнө аларга мындай арыз менен 50 адам кайрыларын айтты. Бир сутка ичинде 130 арыз түшкөн дагы учур болуптур.

- Полициянын кеңири тараган мыйзамсыз аракеттердин бири – «славян эмес» жарандарды токтотуп, документтерин текшерүүсү. Ошол эле учурда текшерүүнү кандай негизде, эмне үчүн өткөрүп жаткандыгын да түшүндүрүп беришпейт. Негизи полиция кызматкерлери чет элдик жарандын Орусияда кандай негизде жүргөнүн тескеп, документтерин текшере албайт. Аларда андай мүмкүнчүлүк жок. Муну Федералдык миграциялык кызмат гана көзөмөлдөйт. Анткени өлкө аймагындагы чет элдик жарандарды каттоо базасы бир гана Миграциялык кызматка тиешелүү. Ага полициянын эч кандай тиешеси жок. Полиция жөнүндө мыйзамда алар бир гана миграция кызматкерлери менен бирдикте текшере алары көрсөтүлгөн.

Өзбек жараны Раззаков орус полициясы менен соттошуп, Европа сотунан утуп алды.

Өзбек жараны Раззаков орус полициясы менен соттошуп, Европа сотунан утуп алды.

​Чет элдик жарандарга укуктук жактан жардам көрсөткөн «Гражданское содействие» комитетинин кызматкери Анастасия Денисова болсо полиция кызматкеринин күнөөсүн далилдөө абдан оор болсо да, чындыкка жетүү мүмкүн экенин белгиледи.

- Биз адам өз укуктары үчүн күрөшүүнү каалаганда гана жардам беребиз. Эгерде чет элдик жаран коркуп, өз укугун коргоону каалабаса, колубуздан эч нерсе келбейт. Ошондуктан, полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттерине каршы козголгон иштер абдан аз. Бизге арызданып кайрылгандар саналуу, аягына чейин күрөшүп, ийгиликке жеткендердин саны андан бетер аз. Биз аларга жардам берип, укугун коргоого даярбыз. Бирок жабырлануучу бул өтө көп убакытты аларын түшүнүшү керек. Кээде мындай иштер бир нече жылга созулуп кетет.

Анастасия айым иштеген уюм Орусияда полиция кызматкерлеринен кордук көргөн Өзбекстандын атуулу Рашид Раззаковдун ишин Европа сотуна чейин жеткирип, акыры ишти утуп чыккан.

Адам укуктарын тескеген Европа соту бул иш боюнча өз бүтүмүн чыгарып, орус өкмөтүн Раззаковго 20 миң евро төлөп берүүгө милдеттендирген.

Дагы бир көйгөй - бул мигранттарга болгон соттун мамилеси. Москвадагы «Презумпция» адвокаттар коллегиясынын директору Филипп Шишов көпчүлүк учурда фемида эмгек мигранттары катышкан иштерге көңүлкош мамиле кыларын айтууда. Бирок ошол сотто гана мигранттар өз укугун коргой алышарына токтолду:

Кыргыз жараны Маратбек Эшанкулов адвокаты менен. Орусия.

Кыргыз жараны Маратбек Эшанкулов адвокаты менен. Орусия.

- Жакында эле бир нече мигрант Орусиянын миграциялык мыйзамдарын бузган деп айыпталып, камакка алынган. Биз бул ишти кайрадан козгоп чыкканбыз. Соттун жүрүшүндө полиция кызматкерлери тарабынан документтерди бурмалоо болгону билинди. Сот учурунда полиция кызматкери да, тергөөчү да «биз бул протоколго кол койгон эмеспиз» деп чыгышты. Акырында сот мигранттарга берилген жаза мөөнөтүн 12 айга чейин кыскартты. Алар эркиндикке чыкканда полиция кызматкерлерин сотко берсе болот эле. Бирок ага барышкан жок. Полиция кызматкерлери тарабынан укук бузуу көп болуп жаткандыгына карабастан, мигранттар өз укуктарын коргоону каалабайт. Ошондуктан, полициянын күнөөсүн далилдөө өтө оор. Мен мындай мамилени колдобойм. Приниципиалдуу түрдө ар бир адам өз укугун коргошу керек. Мыйзам баарына бирдей. Бүгүн бир адамдын укугу бузулса, эртең экинчи адам жабыр тартышы мүмкүн.

Филипп Шишов - Орусияда арыктап кеткени үчүн айыпталган кыргызстандык Маратбек Эшанкуловдун адвокаты. Эскерте кетсек, Маратбек Эшанкулов паспортундагы сүрөт өзүнүкү экенин далилдөө үчүн 3 жыл бою соттошуп, акыры жеңишке жеткен.

Укук коргоо органдарынын ишин аудио-видеого тартууга уруксат берүү боюнча мыйзам долбоору Орусиянын Мамлекеттик Думасында өткөн жылы апрелде талкууланган. Бул норма полициянын коррупциялык жана мыйзамсыз аракеттеринен коргоочу механизм болмок. Ушул жылдын февралында Орусиянын «Полиция тууралуу» мыйзамына өзгөртүү киргизилип, бирок ал каралган эмес.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG