Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:33

Жаңыдан курулуп, ушул жылдын январь айында ишке берилген чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборунун шарттары катаал экенин укук коргоочулар тынбай айтып келишет.

Өткөн айда Украина, Армения, Грузия жана Тажикстандын сегиз жараны Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоо борборундагы шарттарга нааразылык көрсөтүү максатында кан тамырын кесип жиберишкен.

Жоомарт Рыспаевдин кайниси Элдияр беш айдан бери Москвадагы чет элдик жарандарды убактылуу камоочу жайда жатат. Полиция кызматкерлерине өзүнүн аты-жөнүн жашырганы үчүн анын иши учурда сотто каралууда. “Операция болгонун, кийин ур-токмокко алынганын укканда, бошотуп алуу жолдорун издей баштадым”, - деди Жоомарт. Анын айтымында, Элдияр мурда борбордогу шарттарга жана тамак-аштын аздыгына эле даттанчу экен:

- Ошол жерде жаткан кезде сокур ичеги болуптур. Анан аны шаарга алып келип, операция кылдырышкан. Жанында күзөтчүсү бар экен. Бул жактагы эжелери барса жакындатпай, алыстан эле сүйлөштүрүп коюптур. Аялым ыйлап келди. Угушумда, ал жактан бирөөлөр тополоң кылып, айтор, кан тамырын кесип жиберген. Ошондо ОМОН келип күнөөлүүсүн да, күнөөлүү эмесин да уруптур. Бул операциядан кийин болуп жатат. Ошондо телефонун дагы алып коюшкан. Азыр эми байланышка чыга албай отурабыз.

Айымкан Кулукеева

Айымкан Кулукеева

Орусиядагы кыргыз элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева чоочун жарандын паспорттору менен иштоо -кыргызстандык мигранттардын арасында кеңири жайылган дейт. Жарандардын көпчүлүгү так ушул себептер менен камакка алынат. Мындай убакта элчиликке жарандардын аты-жөнүн тактоого убакыт керектелип, жарандар убактылуу камалуучу борбордо көбүрөөк кармалышат.

- Бүгүнкү алган маалымат боюнча учурда Кыргызстандын 136 жараны борбордо камалууда. Алардын 64үнүн документи жок болгону үчүн кармалган. 11 жаран экинчи сотту күтүп жатат. Калгандарынын себептери – ар кандай. Мезгил - мезгили менен бул борборго барып турабыз, кыргызстандык жарандардын абалын, кандай жардам керектигин сурап, билебиз. Эки-үч жума мурун эле биздин консулдар барган. Жарандардын саны ар кандай болот, кээде 20-30 чакты, кээде жүздөн ашып кетет. Депортация боюнча сот чечими чыкса, анан Орусия тараптан жол киресине акча төлөнүп, анан Кыргызстанга жөнөтүлөт. Жарандар паспортторун жоготуп алышат, же иш берүүчүлөр паспортторун алып, маянасын бербей койгондо документин кайра алуунун ордуна таштап басып кетишет.

Адвокат Вадим Захаряев бир жумадан бери камактагы кардары менен кездеше албай убара. Бул жайдагы күзөт кызматчылары адвокаттардын ишине тоскоолдук жаратышууда деди Вадим мырза.

- Мага бир Кыргызстандын жаранынын туугандары жардам сурап кайрылышты. Ал жаран учурда спецприемник деп аталган бул борбордо экен. Ага жакында эле сокур ичеги болуп, операция жасалыптыр. Бул борборго түшүп калганда, ага карата күч колдонулуптур. Дегеле борборго кирип, жабыр тарткандар менен жолугуунун өзү азап. Мен адвокат катары ордер көрсөтүп, коргоочум менен жолуга алам. Бул жакта андай мүмкүн эмес. Биринчиден, мага окшогон адвокаттардын кезеги толтура, экинчиден, камактагылар менен жолугушуу, сүйлөшүү жана башка аракеттер боюнча эрежелер расмий түрдө бекитиле элек.

Орусиядагы мигранттар

Орусиядагы мигранттар

​“Жарандык укук комитети” укук коргоочу уюмдун жетекчиси Андрей Бабушкин чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайдын өзүнүн мыйзамдуулугу боюнча суроо көтөрдү:

- Москвадагы чет элдик жарандарды кармоочу борбордо 700дөй киши бар. Борбор өзү миң кишиге эсептелген. Бул борбор ушуга чейин расмий түрдө ачыла элек. Ошондуктан, ал жакта жарандарды кармоонун мыйзамдуулугу да бир топ суроолорду жаратат. Камактын шарттары орус мыйзамдарынын талаптарына туура келбейт. Берилген тамак-аштары эптемей. Жарандарды камакта кармоо мөөнөтү дагы суроо туудурат. Эмнегедир, Федералдык миграциялык кызматынын жетекчилиги оор эмес административдик тартип бузуу үчүн адамдарды 10 күндөн эки жылга чейин камоону чечкен. Анан дагы ал жакка ОМОН, полиция кызматкерлери киргизилген. Кайсы мыйзамдын чегинде киргизилгени мага түшүнүксүз.

Өткөн жумада мигранттарды коргоочу «Адам укуктары боюнча коом» аттуу регионалдык уюмдун башчысы Иззат Амон мекеменин күзөт кызматкерлери сабаганын кабарлап, сотко кайрылган.

Федералдык миграциялык кызмат башкармалыгы болсо, чет элдик жарандар Орусиядан сыртка чыгарылбашы үчүн өз ден соолугуна зыян келтирүүдө деп жооп кайтарышкан.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG