Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:30

Мамлекеттик символдор: туудагы ката


Туу көтөргөн кыз. Бишкек
Туу көтөргөн кыз. Бишкек

Кыргызстанда мамлекеттик расмий символдорду колдонгондор аны санариптик стандартка таянып жасабайт жана анын туура пайдаланышын эч ким көзөмөлдөбөйт.

Кыргыз туусунун авторлорунун бири учурда Ала-Тоо аянтында илинген өлкөнүн башкы туусунда түндүктүн сүрөтү ката түшүрүлгөнүн айтып чыкты. Мамлекеттик стандартташтыруу борбору туу менен гербди жасоо боюнча атайын эски болсо да стандарттар бар болгону менен ал көпчүлүк учурда эске алынбай каларын билдирди.

Дизайнер Азамат Турсункулов мамлекеттик расмий белгилерге өз алдынча байым салып, көз жүгүртүп жүргөн адис. Анын айтымында, учурда базардан, атургай мамлекеттик мекемелерден өлкөнүн эн белгилерин ар кандай түрдө жолуктурса болот. Анын башкы себеби, аталган расмий белгилердин башкы дизайны тууралуу бирдиктүү документтин жоктугу:

Апта: Жоголгон Конституция, жоболоңдуу сөөк коюш...

​Апта: Жоголгон Конституция, жоболоңдуу сөөк коюш...

Конституция туу, герб сыяктуу мамлекеттик негизги символ болгондуктан, анын түп нускасы президенттик аппаратта сакталышы керек.

- Бизде герб менен туунун башкы дизайны деген документ жок. Мындан улам рынокто расмий символикалык белгилердин ар кандай түрлөрү жайнап кетти. Мамлекеттик символдордун ар бири анын башкы дизайны боюнча документине ылайык жасалышы керек. Мисалы, герб же туунун башкы дизайнынын ичинде анын ар бир түзүлүшү, ар бир композициясы, түсү, аны кайсы фондо, кайсыл өлчөмдү колдонушу баары так, таасын жазылышы шарт. Тилекке каршы, ошол стандарт азыр биздин гербибизде да, туубузда да сакталбай жатат.

Азамат мына ушундан улам базарда сатылып жаткан мамлекеттик символдордон баштап мекемелерде илинген эн белгилерде кемчиликтер көп кете турганын айтып жатат.

Мамлекеттик туунун авторлорунун бири Эдил Айдарбеков учурда туунун баштапкы үлгүсү Жогорку Кеңеште сакталып турганын айтып, бирок өлкөдө ага окшобогон желектер көп учурап жатканына кейиди:

- Керек болсо Ала-Тоо аянтында илинип турган башкы туунун түндүгү туура эмес чийилген. Аны баягыда бир айттык эле, ошол боюнча унутуп калышты го. Ал жерде түндүктө ката кеткен. Кимдир бирөө оюна келгендей эле чийип койгон. Ошол аянтта турган туубуз туура эмес жасалып жаткандан кийин башкасы кандай болмок эле? Ал эми мамлекеттик мекемелерге таратылып берген туулардын көбү туура эле. Бирок аларды көптөр түндүгүн төмөн каратып тескери илип алышууда.

Айдарбеков баштапкы түп нускада эн белгилердин кандай жасалышы жазылганы менен ага мамлекеттик мекемелерден баштап жалпы кыргыз коому кайдигер карап жатат деген пикирде.

Быйыл жайында бишкектик жаш дизайнерлер өз алдынча демилге көтөрүп, эн белгилердин бирдиктүү чен-өлчөмдөрүн санарипке салып, мамлекеттик мекемелерге белек кылган. Бул ишке катышкан адистердин бири Канат Карапашов ошол иш-аракет тууралуу мындай деди:

- Биз гербде бирдей стандарт болсун деп электрондук вариантын иштеп чыктык. Деталдарын жасадык. Бирдей герб колдонсун дедик. Мамлекеттик каттоо кызматы биз иштеп чыккан вариантты алган. Ал эми туу материалда кандай түстө болушу керек, кагазга басылганда кандай түстө болушу керек дегенди Мамлекеттик каттоо кызматы өздөрү иштеп чыкса керек эле. Бизге герб гана тапшырылган. Биз аны иштеп чыкканбыз. Бирок булардын иштелип чыкканына көп деле боло элек, ошондуктан өлкө боюнча таратыла элек чыгаар.

Ал жерде түндүктө ката кеткен. Кимдир бирөө оюна келгендей эле чийип койгон. Ошол аянтта турган туубуз туура эмес жасалып жаткандан кийин башкасы кандай болмок эле?
Эдил Айдарбеков

Кыргыз мамлекеттик стандартташтыруу жана метрология боюнча борборунун бөлүм башчысы Болот Нурматов бул тууралуу төмөндөгүдөй маалымат берди:

- Азыр менин колумда Кыргыз Республикасынын желегинин стандарттары турат. Бул стандарт Кыргызстанда 1999-жылы иштелип чыккан. Азыр так ушул стандарт иштейт. Туу жасагысы келген адамдар алса болот. Мында тууну кантип жасоонун техникалык эрежелери толук жазылган. Ошол эле учурда азыр биздин колдо туунун санариптик варианты да бар. Каалоочуларга жөнөтө алабыз.

Анткен менен Нурматов ар жерде илинип турган туулардын эмнеге бирдиктүү стандарттарга туура келбей жатканы боюнча мындай деди:

- Стандарттардын колдонулуп жатканын көзөмөлдөө боюнча биздин укугубуз жок. Биз эч кимди текшере албайбыз. Менин билишимче, мамлекеттик символикаларды даярдаган ишканалардын мындай стандарттардан кабары деле болбосо керек.

Нурматов мурда мамлекеттик символикалар тууралуу чыккан мыйзамда стандарттар кагаз жүзүндө түзүлгөн болсо, акыркы жылдарда ал бирдиктүү эрежеге бекемделип, санариптешип жатканына ишендирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору. Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 29-апрелде 44 жашында каза тапкан. 

XS
SM
MD
LG