Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:12

Оппозиция тынчтык митингин өткөрөт


Оппозиция митингдерди чектөөгө каршы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Оппозиция лидерлеринин маалымат жыйыны, 03.04.2014

10-апрелде күч түзүмдөрү коомдук тартип сакталарын, эл арасында чочулоого эч кандай себеп жоктугун билдирүүдө. Оппозиция бийлик митингдин өтүшүнө тымызын тоскоолдуктарды жаратууда деп айтып чыкты.

Улуттук оппозициялык кыймылдын тынчтык митингдери Бишкектеги Горький атындагы сейил бакта жана айрым облустарда уюштурулат. Кыймылдын лидери Равшан Жээнбеков 3-4 миң киши катышат деп болжонуп жатканын, борбор шаарга аймактардан катышуучулар келе баштаганын билдирди. Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы “Кумтөр эл байлыгы” бирикмесинин лидери Замир Меңдибаевдин айтымында, айылда аксакалдар кеңешип, Бишкекке бир жарым миң кишини жиберүүнү чечишкен. Жалал-Абад облусунда митингди колдоо комиссиясы түзүлүп, анын мүчөсү Дөөлөтбек Эргешов облустун өзүндө да митинг болорун билдирди. Ал Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин “көчкү түшүү коркунучунан улам жол убактылуу жабылат” деген маалыматын сындап, муну бийликтин митингдерге тоскоолдук жаратуу аракети катары баалады.

- Көчкү түшпөйт. Жалал-Абаддан жолго чыккандар өтүп эле кетип жатыптыр. Муну жалган маалымат деп жатышат. Ал жөн эле бийликтин митингге барчуларды коркутуп, бардырбай коюу эле амалы. Жалал-Абаддын өзүндө да митинг болот. Атайын митингди колдоо боюнча комиссия түзүлдү. Анда ар бирибиздин милдетибиз аныкталган. Мен мисалы митинг учурундагы тазалыкка жооп берем.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүнтөн тарта 12-апрелге чейин Ош - Бишкек жолунда көчкүнү атып түшүрүү иштери башталгандыктан, жол жабыла тургандыгын кабарлаган. Министрликтин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов бул пландуу эле жүргүзүлуп келе жаткан иш экенин, андан саясат жасоонун өзү туура эместигин билдирди:

- Кокус кар көчкү түшүп калса, жарандар көпкө чейин туруп калбасын деп, зарыл иши жокторго жолго чыкпай туруусун эле эскертип жатабыз да. Жол ачык эле. Толук жабылып, эч кимди өткөрбөй коюу деген жок. Бирок көчкүнү аткылоо иштери жүрүп жатат. Мунун митингге тиешеси жок.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидери Равшан Жээнбековдун пикиринде, митингди өткөрүү боюнча бийлик тарабынан олуттуу бут тосуулар ачык билинген жок. Бүгүнкү күндө митингди уюштуруунун алкагында шаардык мэрия, күч түзүмдөрү менен тазалык, тамак-аш, техникалык мүмкүнчүлүктөр тууралуу иш кадимкидей эле жүрүп жатат. Бирок ошол эле учурда соңку 3-4 ай аралыгында бийлик тарабынан оппозицияны тымызын каралоо аракети байкалууда.
Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков
- Каралоолор бүгүн эле чыга калган жок. Акыркы 3-4 айда байкап жатам. Мисалы, кечээ КТРден, ЭлТРден, 5-каналдан берди. Эми бул саясат, нормалдуу эле нерсе. Саясатка барган киши буга даяр болушу керек. Бирок бул баягы эле эски технология болуп жатат. Акаевдин убагында Бакиевди, Атамбаевди, Текебаевди жамандачу. Бакиевдин убагында Атамбаев менен Текебаевди жамандачу. Азыр эми Атамбаев өзү келип башкаларды жамандап жатат. Жол тосуу, куугунтуктоо өңдүү нерселер кайра эле кайталанууда.

Ички иштер министринин орун басары Бакытбек Жусубалиев эртеңки митингде коомдук тартип сакталарын айтып, кооптонууга эч кандай негиз жоктугун билдирди. Ал аймактарда эл жазгы талаа жумуштары менен алек болгондуктан, митингге көп деле киши келбейт деген ойдо:

- Оппозициянын көп киши келет деген сөздөрү апыртылып айтылып жатат. Азыр айылда эл көчөттөрдү отургузуп, жерлерин айдап жатат. Элдин баары ушундай бир окуяларды туура эмес кабыл алууда. Коомдук тартип сакталат. Азыр эч кандай кооптонууга негиз жок.

Эртеңки митингди утурлай шаршембиде Алайда экс-депутат Акматбек Келдибековдун тарапкерлери анын камактан бошотулуусун талап кылып, Алай райондук акимчилигинин алдына митингге чыгышты. Нааразылык акциясына чыккандар акимчиликтин алдында бир жеңил унааны өрттөп жиберишти, өрт өчүргүчтөр аны басып калууга үлгүрдү. Бакыт Жусубалиев Алайдагы кырдаал көзөмөлдө, ушул тапта абал тынч экенин тастыктады.

Саясат таануучу Аалыбек Акунов 10-апрелдеги митинг Кыргызстандын өнүгүү багытын өзгөртүп жиберет деген ойдон алыс экендинин белгилейт. Профессор Акунов бүгүнкү күндө бийлик дагы, оппозиция дагы саясий күрөштү эски форматтын алкагында жүргүзүп жаткандыктан, Улуттук кызыкчылык деген түшүнүк көшөгө артында калып, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып жатканын айтты:
Аалыбек Акунов
Аалыбек Акунов
- Эки жактан тең туура эмес иш кетип жатат. Бийликтегилер мына жолду 3-4 күнгө жаап, айрым оппозиция мүчөлөрүнүн артынан куугунтук уюштуруп жатканы буга чейинки эле режимдин ыкмаларын пайдаланып жаткандай маанай калтырат. Бул абдан туура эмес. Ал эми оппозиция тарапты айта турган болсок, мына эки жолу бийлик алмашты. Экөөндө тең эле ушинтип митингге чыгып жүргөндөр, анан бийлик алмашса, ушулар эле келет экен да.

Оппозициянын митинг өткөрүү демилгесине буга чейинки Биринчи май райондук сотунун Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана Өкмөт үйүнүн жанында митинг, пикет өткөрүүгө 1-майга чейин тыюу салган чечими түрткү болгон. Акцияларды чектөөнү өтүнүп, сотко Биринчи май райондук администрациясы кайрылган. Бирок прокуратура райондук соттун бул чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылган. 8-апрелде шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарды.

Бириккен улуттук оппозициялык кыймыл ушул жылдын 26-февралында түзүлгөн. Кыймылдын башкы сабында депутат Равшан Жээнбеков, эки жолку ыңкылапчы Азимбек Бекназаров, “Ата-Журт” партиясынын лидери Камчыбек Ташиев, “Улуттар биримдиги” партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматов, саясатчылар Өмүрбек Суваналиев, Өмүрбек Абдрахманов, Кубанычбек Кадыров бар экени айтылган. Бирок Мелис Мырзакматов бул кыймылга байланыштуу өз позициясын ушуга чейин билдире элек.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG