Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:28

Ош: элдин үрөйүн учурган мушташ


Ош шаары. Иллюстрация үчүн сүрөт.
Ош шаары. Иллюстрация үчүн сүрөт.

Ошто жүздөй баланын мушташы атышуу менен коштолгону айтылууда. Азырынча жабыркагандар катталган жок. Милиция окуя иликтенип жатканын кабарлады. Бирок мындай массалык чырдашуулар Ошто байма-бай катталып жатканын шаар тургундары белгилешүүдө.

Ош шаарынын Назгүл аттуу тургуну 16-августтан 17-августка караган түнү орун алган окуяга күбө болгондордун бири. Ош шаарынын Курманжан датка кичирайонундагы Исанов көчөсүндөгү үйлөрдүн алдында калайман мушташ саат 11-12лер чамасында башталган. Жашоочулар коркконунан жарыктарын өчүрүп жатып калышкан:

Ош шаары. Курманжан датка кичирайону.
Ош шаары. Курманжан датка кичирайону.

- Үйгө эртерээк кирип, уктап кетипмин. Күйөөм артымдан кирмек, ошого эшик ачык болчу. Бир маалда эле ызы-чуу болуп кетти. Терезени карасам, аябай көп балдар ары-бери жүгүрүп, мушташып жатышыптыр. Бакырып, кыйкырып эле тияк-биякка чуркап жатышат. Бир нечеси биздин подъезддерге чуркап киришти. Мен эшигимди кулптаганга араң үлгүрдүм, алар тарткылап кетишти. Ар бир эшикти каккылап жатышты. Сыягы наркы балдардан качып, бекинүүнү ойлошту окшойт. Биз коркконубуздан жарыктарды, телевизорлорду өчүрүп, күттүк. Анан ошол жерде жарым сааттай туруп, бир маалда таркап кетишти. Калганы не болгонун билбейм.

Күбөлөрдүн дагы бири Айбек балдардын колунда таяктар, темир союлдар болгонун билдирди:

- Саат түнкү он бирлерден өтүп, биз дүкөндү жаап баштаганбыз. Анан эле “Народный” дүкөнү тараптан жүздөй бала ызы-чуу болуп жатыптыр. Көбүнүн колунда кадимки таяктар бар экен. Кээ бирлеринин колунда темирден жасалган союлдар, арматуралар, мыктар бар болчу. Алар бири-бирин кууп жатышты. Анан арткы жактан эле эки-үч жолу мылтыктын атылган үнү чыкты. Негизи Курманжан датка (Юго-Восток) менен Кулатов (Западный) кичирайондору ушундай коркунучтуураак райондор болуп саналат. Бул эки райондо тынымсыз мушташтар орун алып турат.

Исанов көчөсүндөгү дүкөндөрдүн биринде соода кылган соодагер Айгүл Саматова да мушташып жаткан жаштардын арасында куралчан адамдарды өз көзү менен көргөнүн айтууда. Ал тургай эки-үч жолу ок атуу болгонун да ырастады:

- “Тут”, “карма” деп кыйкырып жатышты. Бытырап эле кетишкенде мен балдарым жакка чуркап кеттим. Кийин не болгонун билбейм. Бирок автоматчан бир баланы көрдүм. Куралды мойнуна асып алып, беймарал ары-бери басып жүргөн эле. Анан бир аздан кийин эле ок атылган үндөр угулду. Биз болсо “Ош коогалаңы” башталып кеттиби, же дагы бир баш аламандык башталдыбы деп, аябай корктук.

Ош шаардык милициясы
Ош шаардык милициясы

Бирок күч кызматтары бул окуя жөн гана жаш балдардын келишпестиги болушу мүмкүн деп, жагдай олуттуу эмес экенин билдирүүдө. Маалым болгондой, мушташкан балдар 18-23 жаштардын тегерегинде болгон.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Замир Сыдыков буларга токтолду:

- Окуя орун алган учурда биздин кызматка 10 чакты телефон чалуу болгон. “Курманжан датка кичирайонунда балдар чогулуп жатат, колунда таяктар бар, ызы-чуу болуп жатат” деп кабарлашкан. Натыйжада патрулдук милициянын төрт экипажы окуя болгон жерге дароо жетип барышкан. Кызматкерлер сирена жандырып барган учурда ал жерде эч ким болгон эмес. Балдар туш тарапка качып кетишиптир. Кылмыш иликтөө бөлүмү, аймактык тескөөчүлөр азыр бул факты боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Азырынча топтолуп жүргөн балдардан жабыркадык деп эч ким арыз жазган эмес. Ошентсе да бул инцидент тыкыр иликтенет.

Адистердин белгилешинче, мындай массалык мушташ жыл башынан бери Ош шаарында биринчи жолу болгон окуя эмес. Былтыр да мындай окуялар беш-алты жолу катталган. Биринде, маселен, спортчу балдар чатакташса, биринде жергиликтүү студенттер, дагы биринде чет элдик студенттер, башка учурда болсо милиция кызматкерлери менен спортчулар мушташкан эле.

Ошто мушташтар көбүнчө түнкүсүн орун алат.
Ошто мушташтар көбүнчө түнкүсүн орун алат.

Ош облустук милиция башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров жагдай мындан тереңирээк деп эсептейт:

- Шаарда мындай мушташтар көп. Майда мушташ, чоң мушташтар күн алыс эле болуп жатат. Азыр кырдаал өтө оор. Ош шаары азыр Сицилия эле болуп калды. Калааны азыр бандиттер башкарып жатат. Автоматчандар ары-бери чуркап жүрүшөт, ар кимди тоноп жатышат. Тонолбогон ишкер калбады. Беткаптарды кийип же беткапсыз эле ар жерде чатак чыгарып, бирөөлөрдү коркутуп, карактап кеткендер андан көп. Буга күч кызматтары эч кандай чара көрбөй жатат.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, соңку мушташта Ош шаарындагы спорт клубдардын балдары катышкан. Бирок аны күбөлөр да, күч кызматтары да тастыктай элек.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG