Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

ВИЧ илдеттүү энелер: өкмөт териштирсин!


Ош облусундагы ВИЧ илдеттүү энелер оорунун жугуу жолдорун, себептерин атайын комиссия түзүп, текшерип берүүнү өкмөттөн талап кылганы жатышат.

Ушундай мазмундагы кат даярдалып жатканын илдетке чалдыккан энелер Ошто атайын маалымат жыйынын уюштуруп, жарыя кылышты. Жабыркаган энелер расмий тарап илдет жуккан кишилердин баарына бирдей мамиле жасабай жатат деп эсептешип, талаптары аткарылбаса, өкмөт үйүнүн алдында нааразылык акция өткөрүүнү болжоп жатканын айтышты.

Энелерден расмий кат өкмөткө баргандыгы тууралуу маалымат тарай элек. Парламент болсо ВИЧ илдетине кабылгандардын жөлөк пулун көтөрүү сунушу өкмөткө берилгендигин кабарлоодо.

Айыккыс илдет өздөрүнө кантип жугуп калганын билбей жүргөн айымдар укуктары корголбой жатканына нааразы. Алардын бири, атын атоону каалабаган 35 жаштагы айым аларга карата мазактоолор көбөйүп жатканын айтты:

- Кимге барып кайрылышыбызды да билбей калдык. Биз бул ооруну көчөдө, жаман жолдо жүрүп жуктуруп алган жокпуз го. Биз деле ак никеде жашап, кайын эне-кайын атанын кызматын кылып жүргөн айылдык эле келиндерден элек. Эмне үчүн жогорку кызматтагылардын бирөөсү да келип, "ооруну кайдан жугуп калганына күмөнүң барбы, кайсы ооруканада жаттың эле, кандай оору менен кайрылдың эле?" деп сурап коюшпайт?

Көкүрөгү кирдеп турган бул айым Кара-Суу районунун тургуну. Анын тагдырлаштары Ош облусунда 30 чакты бар. Бардыгынын бирден баласы ВИЧ менен жабыркайт. Аларга оору энелеринен өткөн деп диагноз коюлган. Дарттан жабыркап жүргөн дагы бир карасуулук айым аларга туура эмес жолдо жүргөн аялдар катары мамиле болуп жатканына нааразы:

- Жолдошубузда ВИЧ жок. Эмне үчүн күйөөбүз таза да, биз оорулуу болуп калабыз? Эгер бизде илдет болсо, күйөөбүзгө да жугушу керек эле го. Төрт-беш баламдын ден соолугу жакшы, алтынчысы эмнеге ВИЧ болуп калат? Мага окшогондордун дээрлик бардыгы талаада кетмен чаап жүргөн аялдар. Көчөдөн жугузду деп күнөө койгон туурабы? Баары эле оору жуктурганда никедеги аялдар болушкан. Бул өлүп кеткир дарт шприцтин учунан эле жугуп калат экен да. Өкмөт тиешелүү адамдардан комиссия түзүп териштирсин!

2007-жылы Ноокатта жана Ош шаарында дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ондогон ымыркайга aдамдын иммундук таңсыктыгына алып келчү вирус (ВИЧ) жукканы аныкталган эле. Бул айымдар болсо дартты кантип илештирип алганын дагы эле биле албай убара. Алар деле оору медициналык мекемелерде жуккан деген ойдо.

"Кан каерде болсо, ошол жерде вирус болот. Жугуу мүмкүнчүлүгү толугу менен бар болгон төрөтканаларды неге текшеришпейт? Бизди чоң жолдо сойкулук кылып жүргөнүбүздө кармап алышкан жок го. Баарыбыз айылдан чыкпаган аялдарбыз", - деп ыйлайт дагы бир келин.

Мындай оор тагдырдан улам аялдардын көбүнүн үй-бүлө очогу бузулган. Өзүнүн гана эмес, баласынын дарты менен да алпурушуп жаткан айымдардын наристелеринин алды жети, арты төрт жашка чыгып калган:

- Бардыгыбыз үйсүз көчөдө калдык дегенден алысмын. Арабыздагы айрым аялдарга жакындары моралдык жана материалдык жардамын аяшпайт. Тилекке каршы мен андайлардын катарында эмесмин. Карапайым эле дыйкандын кызымын. ВИЧ жугуп калганы анык болгондон кийин күйөөм жана кайын журтум мени төркүнүмө алып барып ташташты. Төрт жылдан бери ата-энемдин үйүндө турам.

Оорунун айынан үй-бүлөсүнөн да ажырап отурган энелер алардын укугу мамлекеттик деңгээлде корголбой жатканын айтышты. Булардагы оору деле 2007-жылы балдарга массалык түрдө ВИЧ жуккан кезде аныкталган. Бирок ошол кездеги комиссия 30 чакты аялдын баласына илдет энеси аркылуу жукканын айтып, балдары үчүн пособие аз өлчөмдө чегерилгенин оорулуу аялдар билдиришти. Учурда алар балдары үчүн үч миң сом жөлөк пул алышат:

- Дарыгелердин шалаакылыгы менен ВИЧти жуктургандарга берилчү акча беш миң сомдон жогору. Бизди ачык эле экиге бөлүп жатышат. Биздин деле балдарыбыз ошолор сыяктуу эле оорушат. Тиешелүү органдардын кызматкерлерин кайра текшерүүгө жөнөтүшүн талап кылабыз.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовго кайрылганыбызда, ал жөлөк пулдарды көтөрүү боюнча сунуш өкмөткө жиберилгенин, ал жактан жооп күтүлүп жатканын билдирди:

- Ал айымдардын айткандары, коюп жаткан талаптары негиздүү. Бул маселе Жогорку Кеңеште талкууланган. Аларга берилчү жөлөк пулду көбөйтүү боюнча өкмөткө сунуш жибергенбиз, бирок жооп келген жок.

Арманын угаар кишиге зар болгон айымдар тез арада комиссия түзүлүп, текшерүү жүргүзүлбөсө, оорулуу балдарын жетелеп, Ак үйдүн алдына нааразылык акциясына чыгышмакчы.

XS
SM
MD
LG