Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Алайкуунун ээнсиреген үйлөрү


Алайкуу
Алайкуу

Акыркы жылдары Алайкуудан көчүп кеткендердин саны арбыды. Мунун айынан айылдардын ичи суюлуп, бош калган үйлөр көбөйдү. Жергиликтүү эл бул көрүнүшкө өрөөндөгү социалдык шарттардын чечилбегени себеп дешет.

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндөгү айылдарда эшик-терезеси мыкталган бош үйлөрдү кадам сайын кездештирүүгө болот. Айыл деген аты эле болбосо көчө толо балдар көрүнбөйт, ар жерде топтошуп, кеп салган карыялар да аз. Анча-мынча эле үйдүн морунан түтүн булаганы болбосо айыл ээн.

Күйөө-Таш айылында үйүнүн алдында күнөстөп отурган байбиче айыл ичи жылдан жылга суюлуп баратканын айтты:

- Абышка-кемпирлер эле калдык. Жаштар болсо кетти. Жакын турган үйлөрдүн бир даары бузулуп, айыл ичи кыйла суюлду. Алыска кете албаган бизге окшогондор эле калды. Кээ бирлери үй-жайларын сатып кетишти. Эсенчилик болсо, кайра келип каларбыз деген үмүт менен жүрүшөт да.

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алайкуу: Гезиттин ордун Твиттер басты

Алыскы Алайкуу жергесинде телефондон Твиттерге катталып, смс аркылуу маалымат алуу жайыла баштады. Сыналгы, гезит жетпеген элеттиктер үчүн кадимки эле социалдык түйүн эң ыңгайлуу маалымат булагына айланды. Бул саамалык көбүнчө айылдардагы саясатчы аксакалдар арасында популярдуу болууда.

Алайкуулуктардын көпчүлүгү Ошко, Бишкекке андан ары Орусия, Казакстанга биротоло көчүп кеткен. Буга өрөөндөгү жаратылыштын катаалдыгынан башка да толгон-токой көйгөйлөр себеп.

- Алайкууга кыйын эле болду, айланайын. Шаар жеринде жаштар бар. Иштеп, акча тапса болот. Бул жакта кыйын да, иш жок, базар-учар жок. Той-тамашада, өйдө-ылдыйда аялдардын сандыгына эле күч келет. Жакын ортодо базар болсо, бирдемеңди көтөрүп барып сата коёсуң.

Бирок Күйөө-Таш айылынын башчысы Тилек Жаркынбаев мурдагыга караганда азыр Алайкууну чангандардын агымы токтоп калды деди:

- Бул жерде жалаң кетпегендер калдык. Азыр кетүүнү каалагандар 100 кишиден бир-экөө эле. Кетпейбиз дегендер - атасынын жалгыз баласы же мага окшоп бир туугандардын эң кичүүлөрү, анан талааны көрүп билип, көңүлү калып келгендер. Ушулар гана айылда оокат кылып жатышат.

Деген менен айылдан азыр да чыгып кетсем дегенде эки көзү төрт болгон келиндер четтен чыгат. Алардын бири Күйөө-Таш айылынын жалгыз акушери Бурганбү Кожоева Алайкуудан көчө турган күндү күтүп жүргөнүн жашырбайт.

- Мен азыр деле кетким келип жатат. Бирок ал жакта үйүбүз жок да. Бизден башкалары кеткен. Бизге энебизди таштап коюшкан. Энебизди таштай албай биз жүрөбүз. Балдар чоңоюп, окуп-чокуп калышса, карыганда кетет окшойбуз.

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнү бийик тоолуу, жаратылыш шарты катаал жер. Кагаз бетинде 30 миңдей эл жашайт деген өрөөндө мал чарбасынан башка кирешелүү бир дагы тармак жок.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG