Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Ош: аскердин огунан бир өмүр өчтү


Иллюстрация
Иллюстрация

Алайдагы аскер бөлүктө өзүн өзү атып алды делген жоокер аны менен кызматташ башка аскердин огунан каза болгону белгилүү болду.

Шеригин өлтүрүүгө шектелген жоокерге кылмыш иши козголуп, аскердик абакка киргизилди. Куралды калпыстык менен колдонуу өлүм алып келген учур аскерде буга чейин да катталган.

Алай районунун Гүлчө айылында жайгашкан №92 843 аскер бөлүгүндөгү окуя тууралуу куралдуу күчтөрдүн башкы штабы алгач башкача маалымат берип, катардагы жоокер өзүн өзү атып алганын билдирген. Бирок кечке жуук эртең мененки кабардын өңүтү бурулуп, 22 жаштагы аскерди өзүнүн кызматташ шериги, башка бир жоокер кокустан атып алганы белгилүү болду.

Аскерге барбагандарды "аркандоо" сунушталды

Аскерге барбагандарды "аркандоо" сунушталды

Мамлекеттик коргоо комитети аскерге барбай жүргөн аскер курагындагы жарандардын чет өлкөгө чыгуусуна чектөө киргизүү демилгесин көтөрдү.

Башкы прокуратуранын маалымат жана байланыш бөлүмүнүн прокурору Алманбет Абдыраманов буларга токтолду:

- 12-апрель күнү М.Ж. аттуу катардагы жоокер аскердик бөлүктү коргоо кызматын өтөп жүрүп, куралды колдонуу эрежесин бузуп, өзүнүн колундагы АК-74 үлгүсүндөгү автоматынан кокустан ок чыгарып алганы аныкталды. Ок анын жанында турган катардагы жоокер, өзүнүн кызматташы Т.А. аттуу аскерге тийген. Жабырлануучу Алай аймактык ооруканасына бараткан жолдо каза болгон. Окуя боюнча Ош аскер гарнизондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин алып барууда.

Шектүү делген аскер учурда Куралдуу күчтөрдүн аскердик абагына киргизилген. Ага “курал колдонуу эрежелерин бузуп, адам өмүрүнө зыян келтирген” деген айып тагылууда.

Ал эми каза болгон жоокер Абдисамат Тургунбаев аттуу жигит экенин өздүк булактар кабарлашты. Ош облустук соттук-медициналык экспертизалык бюросунда кароодон өткөндөн кийин, анын сөөгүн туугандары Сузакка, туулган айылына алып кетишти. Маркум аскердин туугандары менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Ал эми эксперттер курал колдонуудагы шалаакылык айынан аскерде өлүм алып келген факты бирин-серин эместигин, командирлер алардан сабак албай жатканын сынга алууда. Серепчи Төлөгөн Келдибаев буларга токтолду:

- Мунун бардыгы аскер тармагындагы адистердин, жетекчилердин компетентсиздигинен орун алууда. Ишине жоопкерчилик менен карашканда, ушундай кырсыктар болмок эмес. Ошол эле жоокерлерге курал берүүдөн мурда, аларга автоматты кантип кармашты, кантип сактанышты үйрөтүү керек. Курал колдонуунун эрежелерин толук үйрөткөндөн кийин гана алардын колуна автомат берүү керек. Бирок бизде мындай окуялардан сабак алынбай жатат. Кайдыгерлик жоголмоюн мындай иштер улана берет.

Жоокерлер (сүрөттүн макалага тиешеси жок)
Жоокерлер (сүрөттүн макалага тиешеси жок)

Аскердин өмүрүн алган окуя Ошто акыркы жолу былтыр сентябрь айында катталган. Анда кызматтык тартипте иштеген ефрейтор Эламан Ташбалта уулу Оштогу 01525 аскер бөлүгүндө мушташта каза болгон. Кийин анын өлүмүнө шектелип ошол эле бөлүктө кызмат кылган, катардагы жоокер Бекболот Зайырбек уулу кармалган.

Бекболоттун жакындары кийин маалымат жыйын өткөрүп, жоокер коргонуу үчүн ушундай жолго барганын, анткени ефрейтор аны күн алыс сабай бергенин айтып чыгышкан.

Маркум ефрейтор Эламан Ташбалта уулунун бир тууган агасы Алмаз Абдакимов ушундай окуяга жол бергени үчүн аскер бөлүктүн командирлерин айыптаган эле:

- Бул эмне деген мыкаачылык? Бул эмне деген бейбаштык? Тартипти сактайт кармайт деген аскер тармагында ушундай башаламандык, бейбаштыктар орун алып жатканы жеткен маскарачылык. Ушундай кылмыштар, мушташтар болуп жатканда аскер бөлүктөгү командирлер, штабдагы жетекчилер эмне кылып отурат? Мамлекетке кызмат кылам деп баргандын баары ушинтип өлүп келе береби? Анда ким балдарын аскерге жөнөтөт?

Бейөкмөт уюмдардын маалыматына ылайык, аскерде күтүүсүз өлүмгө кабылган жоокерлердин саны акыркы төрт-беш жылда 70ке чукулдаган. Алардын көпчүлүгү мушташтан каза болсо, кээ бирлери өзүн-өзүн атып же асып алган. Курал колдонуудагы калпыстыктан улам өлгөндөрү да ондоп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG