Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Ош күндөлүгү: Эл кайда көчөт?


Тимур Калдосов үйүн кайра куруп алды, Эрнист Нурматов тарткан сүрөт.
Тимур Калдосов үйүн кайра куруп алды, Эрнист Нурматов тарткан сүрөт.

Бүгүн Оштун айрым тургундары мурда жашаган үйлөрүнө баргандан коркуп, ар жерде жан сакташууда.


Жаштын таш капкан тилеги

Тимур Калдосов жаңы үйлөнгөн. 26 жаштагы адис алты бир туугандын улуусу:

- Кесибим инженер-физик. Ош мамлекеттик университетинде кибернетикалык-маалымат технологиялар факультетин бүткөм. Алты бир тууганбыз, үч карындашым бар. Бир иним мектепте окуйт.

Тимур бүгүн 8 бүлөсү менен эки бөлмө көмүр сактаган жайда жан сактайт:

- Атамдар алты киши, мен келинчегим менен туруп жатабыз. Железо-бетон заводунун көмүрканасында жашайбыз. Мен келинчегим менен бир тырнактай бөлмөдө жашап жатабыз, атамдар экинчи бөлмөдө турушат.

Жарым жыл мурда Тимурдун турмушу да, пландары да бөлөк эле. Орусияда иштеп, акча топтоп келип, Оштун мурдагы Привокзальный, азыркы Турсунбаев көчөсүндө эки кабат үй салган. Июндагы коогалаңда анын үйү күйүп, бардык пландары менен кошо күлгө сапырылып калды:

- Үйдү жаңы эле бүтүп, тоюн бергени жатканбыз. Бүт пландарыбыз бузулду. Үйүбүз өртөнүп кетти. Карындашымдын бүт себи даяр эле, аны турмушка берем деп атам баарын камдап койгон. Сеп кошо өрттөндү.

Тимурдун көчөсүндө көпчүлүгү өзбектер, анча-мынча кыргыздар жашашчу, коогалаңда мына ошол саналуу кыргыздын бардыгынын үйү кыйракан болду:

- Мен жашаган көчөдө төрт кыргыздын үйү күйдү, кыргыздардын гана үйлөрү өрттөндү.

Тимурдун атасынын үйүн курууга эл аралык уюмдар жардамдашты, Эрнист Нурматов тарткан сүрөт
Коогалаң алгач башталганда Тимурдун үй-бүлөсүн куткарууга атайын куралдуу күчтөр киргизилет. Бирок Тимурдун атасы 50 жаштагы Залимбек Калдосов "өз үйүмөн кайда кетем" деп калып калат. Ал көчөгө кол салганы келген союлчандардын сүрмө тобун артка кайтарган, бирок кийин кырылыш башталып, бутуна ок жейт да, коңшулары эле үйүн өрттөп жибергенде түңүлүп, качат:

- Атыш болуп кеткен. Атам "бул чайханада силер да түштөнөсүңөр" деп атып, кыргыздардын баарын кетирген. "Мында мына биз, кыргыздар да барбыз" деп кыргыздарды артка кайтарган. Бирок атышуу башталып кеткенден кийин, аны итерип салышкан. Кыргыздардан өлөт, өзбектерден да өлөт. Ошондо жанын ала качып, качкан.

Тимур Калдосов бүгүн үйүн бүтүп калды, бирок али көчүп бара элек...

Айрымдар үйүнө баргандан эмнеге коркот?

Ошто коогадан берки жарым жылга чукул мезгил аралыгында, турмуш тынчып, аздап эл аралаша баштады. Бирок эртели-кеч, айрыкча шаардын жака-белинде ар ким колдон келсе, өзүн коопсуз сезген аймактан чыкпайт.

- Дүкөндөрдө элдер аралаш эле, керек-жарак алганы барышат, же соода кылып жүрүшөт.

Максуда Айтиева - Оштогу медиа борборунун жетекчиси. Анын айтымында, турмуш кадимки нугуна кире баштаган менен, улуттук сегрегациянын белгилери сакталып кала берип жаткандыгын эскертти:

– Оштун Западный деп аталган району бар, ал жердеги базарда алуучулар да, сатуучулар да жалаң кыргыздар. Ал эми Он-Адырда жаңы уюшулган базарда сатуучулар да, алармандар да өзбектер. Бул аргасыздан, эл өз көйгөйүн өзү четип алган көрүнүш болуп жатат. Алар ошол жерлерде өздөрүн коопсуз сезишет.

Айтиева өз үйүн, өлөң төшөгүн таштап качкандар да азыр кыш алдында ар жерде кала берип жаткандыгын эскертти. Ал Оштон 25 чакырым аралыктагы Он-Адыр айылынан качып чыккан бир нече үй-бүлөнү мисалга тартты. Бул тургундар бүгүн убактылуу лагерде жашап жатышат. "Азаттык" менен 26-ноябрдагы маегинде Айтиева аларды Он-Адырга кайтаруу далалатында анын аялдар уюмдары боюнча кесиптештери өз алдынча аракет көрүп жаткандыгын бышыктады:

- Алар менен мен иштеген "Аялдардын коопсуздук үчүн" тобу (бейформал уюшма) бир-эки жолу жолуккан. Он-Адырдагы өзбек аялдар, коло-коңшулар менен ошол чыгып кеткендерди жолуктуруп, тегерек үстөлгө отургузган. Алар кадимкидей эле сүйлөшүп, коңшулары "келе бергиле, коркунуч жок, капа кылбайбыз" деп айтышты. Бирок кыргыздар кайра барганга даабай жатат. Ичтеринде коркуу сезими кала берип жатат.

Бийликтин так аныктанган планы жок

Элдерди ынтымакташтыруудагы бул жөрөлгө - жарандык коомдун колго алаарлык, бирок үзүл-кезил аракети, ал эми бийликтердин бул жаатта ишмердиги кандай болуп жатат? Мен ушул суроо менен Ош, Жалал-Абад облустарында июнда жок кылынган үйлөрдү калыбына келтирүү боюнча Мамлекеттик агенттиктин жетекчисине кайрылдым. Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн түштүктүн башкы куруучусу, себеби өкмөттүн долбоорлорун да, эл аралык донорлордун ишмердүүлүгүн да Сатыбалдиевдин агенттиги тейлейт. Ал "Азаттыкка" бул маселени көтөргөндү туура көрбөгөн кыяста сүйлөдү, анын сөзүнөн мен үйүнө кайта албай ара жолдо калган оштуктарга карата мамлекеттин анык-такталган саясаты бар экенине да ынанындуу ишендирме ала алган жокмун.

Жантөрө Сатыбалдиев: Бул маселени биз жергиликтүү бийлик менен чогуу чечебиз. Алардын тизмесин жергиликтүү бийлик тактап, жакында бүтөт, ошондо маселе оңунан чечилет.

"Азаттык": Оңунан чечилет дегениңиз, демек алар кыргыздар отурукташкан аймакка көчүрүлөбү?

Жантөрө Сатыбалдиев: Мен сизден суранам, суроону мындай койбогулачы. Биз шаардык бийлик менен чогуу карап, коопсуздук жагын карап туруп, бардык маселени чечебиз.

"Азаттык": Үйлөрүнө баргандан корккон тургундарга үй берилеби же алар ошол жерде калышы керекпи?

Жантөрө Сатыбалдиев: Менин жеке пикиримде, шаардын тургундары баары өз үйлөрүнө барыш керек. Мамлекеттик, шаардык бийликтер жана тийиштүү органдар алардын коопсуздугун камсыздашы керек. Ал эми такыр эле барбай тургандар болсо, алардын тизмесин тактап, ошого жараша иш алып барабыз.

Аралаш аймактарда кан аз төгүлүп, үйлөр сакталып калганын эске алганда, сегрегацияга жол бербөө - жалпы Оштун кызыкчылыгындагы иш болуп саналат. Бул тууралуу журналист Максуда Айтиева мындай пикирде:

- 1990-жылы да, быйылкы жаңжалда да кыргыздар менен өзбектер аралаш жашаган жерлерде үйлөр анча өрттөнгөн жок, анткени алар бир бирине жардам берип, чогуу коргонушту. Ошондуктан кимдин үйү кайсы жерде болсо, үйдү калыбына келтирип, ошол жерде жашаганга мүмкүнчүлүк түзүш керек.

Бирок Айтиеванын айтымында, азырынча бийликтер коопсуздукту камсыздоо боюнча комплекстик чараларды көрүүгө чамасы жетпейт жатат.

Тимур кайра курган үйүнө кайтып барууга бел байлай элек

Айткандай эле, биздин каарманыбыз Тимур Калдосов да үйүн кайра куруп бүтүп калган менен, ал жакта келинчеги, ата-энеси менен көчүп барып, жашоо тууралуу бир бүтүмгө келе элек:

- Тууган-урук бар экен, өкмөттөн 200 миң сом карыз алдым. Аны менен үйдү бүтөйүн деп калдым. Бирок ал жерде жашай аламбы, жокпу көзүм жетпейт. Ушунча жыл чогуу жашап, эч кимге жамандык кылган жок элек. Же сен өрттөдүң деп бирөөгө айта албайсың. Бешенеге жазганды көрө жатаарбыз...

Тимурдун качып кеткен коңшулары да бүгүн ар жерде жан сактап жүрүшөт. Алар башында көп кабаттуу үй берет деген ишеним менен квартирага чыгып, үйлөрүн кайра курган эмес, бирок андай батирлер биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлерге жана жаракат алгандарга берилери маалым болот. Ошону менен алар кыш алдында жалданма батирлерде калып калышты.
XS
SM
MD
LG