Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:54

ВИЧ жуккан балдар окубай калабы?


"Азаттыктын" архивинен: Балдарына ВИЧ жуккан энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл, Ош шаары
"Азаттыктын" архивинен: Балдарына ВИЧ жуккан энелердин митинги, 14-ноябрь, 2011-жыл, Ош шаары

Дарыгерлердин шалаакылыгынан ВИЧ жуктуруп алган балдарды Ошто мектепке кабыл албай жатканын алардын энелери айтып чыкты.

Энелердин билдиришинче, балдардын оорусу башка окуучуларга жугуп калышы мүмкүндүгүн айтып, мектеп жетекчилери алардын документтерин эшик сыртында калтырууда. Ал эми шаардык билим берүү башкармалыгы мындай дооматтарды четке кагууда.

5 жылдан бери көрбөгөн күндү көрүп, баласынын азабын тартып келаткан Салиманын (аты өзгөртүлүп берилди) уулу быйыл 7ге чыкты. Сентябрдан окууга берип, кичинекейин катардагы билимдүү жигит кылып өстүрөм деген эненин тилеги таш каап отурат. Баласынын оору экени билинип калгандыктан шаардагы мектептердин бир канчасынын эшигин каккылап жүрүп киргизе албай койду:

- "Орун жок" деген шылтоо менен баламды такыр албай койду. Мурда бала бакчага да албай коюшкан, азыр эми мектепке албай жатышат. Бир канча мектепке бардым, ар кимиси ар кайсыны айтат. Айрымдары "башка балдардын ата-энелери каршы, балдар ойноп атып, мурду канап кетсе, же башка болсо жугуп калбасын деп, ошого кабыл ала албайбыз" деп ачык айтышты. Анысы аз келгенсип оору жукпаган балдарымды да албай жатышат. Бул боюнча шаардык мэрияга да бардым, алар да жардам бере албай койду.

Бир эле мектептерде эмес, көчөдө ары-бери басканда да дискриминацияга кабылган балдар менен энелер өткөрүп жаткан күндөр азапка толгон. Айылдаштарынын ар кандай сөздөрүнөн тажап, шаарга көчүп келсе да бул кысым аларды ээрчип жүрөт. Жолдошу таштап кеткени бир азап болсо, элдин күңк-мыңк кептери ага экинчи азап болуп турат:

- Мындай сөздөр бардык жерде айтылат. Маршруткада баратсам да сөз кылып аткандарын көп угам. "ВИЧ жуктуруп алган балдардын көбү быйыл мектепке барышат экен, балдарыбызды өзүбүзчө эле мугалим жалдап алып окутат окшойбуз" деп калышат. Адамдар алигиче бул дарт чогуу ойногондон, чогуу жүргөндөн, же өбүшкөндөн жукпай турганын билише элек. Биздин балдарга кыйын эле болчудай.

Расмий маалыматтарга ылайык, Ош шаарында жана облусунда ВИЧ илдетине кабылган 300дөй бала болсо, быйыл алардын 100дөн ашыгы мектепке барат. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн оору экенин билдирбей окууга киргени жатышса, билинип калгандары ушинтип өз укуктарын талашып жүрүшөт.

Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Гүлайым Машрапова азырынча аларга бул боюнча арыз келип түшпөгөнүнө токтолду:

- Бул боюнча менде маалымат жок экен. Эгерде шаардагы мектептерге документ тапшырган балдардын арасында ВИЧке кабылгандар да болсо алардын иштеринин баары мыйзам чегинде каралат. Бирок азырынча бизге «мектептер кабыл албай жатат» деген арыздануулар жок.

Балдарына ВИЧ жуккан энелердин митинги, 16-ноябрь, 2011-жыл
Балдарына ВИЧ жуккан энелердин митинги, 16-ноябрь, 2011-жыл
Канткен менен бул көйгөй наристелер бала бакчага барган мезгилден бери уланып келатат. Бала бакчалар кабыл албай койгондуктан энелердин көбү балдарын үйлөрүндө чоңойтушкан. Өткөн жылы Ошто нааразылык митингин өткөрүшкөндө да алар бийликтерге кулак кагыш кылышкан болчу:

- Биздин балдарды бала бакчалар такыр албай жатышат. Оору жукпаган балдарыбызды да албай коюшту. Мамлекет ВИЧке кабылган балдарды окутуу боюнча атайын программа кабыл алып, аны ишке ашырсын. Соо наристелерибизге дарт жуктурган дарыгерлер тезирээк жоопко тартылсын.

2007-жылы Ноокат районундагы ооруканада балдарга массалык түрдө ВИЧ илдети жуккан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, 2008-жылы тогуз медицина кызматкери жоопкерчиликке тартылып, кийин мунапыс аркылуу жазалары жеңилдетилген болчу. Бирок ошондон бери дагы дарыгерлердин ийнеси аркылуу наристелерге оору жуккан фактылар токтобой келатканы кеп болууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG