Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:10

Ошто "кытай дубалы" пайда болду


Оштогу кытай конулдугу
Оштогу кытай конулдугу

Кытайдын Оштогу консулдугу жөө адамдар баскан жолго дубал тургузду. Ошол эле учурда кытайларга ижарага берилген жер убагында Ош айыл чарба техникумуна караштуу болчу деген кептер тарады.

Бишкекте кытай элчилигинин короосундагы жардыруудан кийин Оштогу кытай консулдугу өзү жайгашкан имараттын жанындагы жөө адамдар баскан жолго бийик дубал тургузду.

"Кытай дубалы" эми калаанын борбордук бөлүгү болгон Ленин көчөсүндөгү асфальтка келип такалды. Шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгынын башчысы Ажимурат Жолдошов ал жерге имарат курууга уруксат берилгенден баштап мыйзам бузулганын айтууда:

- Негизи кытай консулдугу мыйзам бузбады. Алар ошол жердин мурунку долбоорунда көрсөтүлгөн чектен чыккан жок. Ал жер 2002-2003-жылдары менчикке өтүп кеткен. Имарат кантип курулуп калгандыгы, кимдер тараптан уруксат берилгени тууралуу азыр жооп бере албайм. Анткени бардык документтер архивге өтүп кеткен. Ал жер кандайча менчиктештирилгени, эмне себептен архитектуралык талаптар сакталбай туруп, курулушка уруксат берилгени тууралуу архивдеги материал менен таанышкандан кийин гана жооп бере алам.

Оштогу "буулган" жолдор

Оштогу "буулган" жолдор

Ош шаарында жөө басуучу жолдорго өзүмбилемдик менен ашкана же дүкөн куруп алуу кадимки көрүнүшкө айланды. Калаа бийлигинин жолду ээлегендерди тыйганга чамасы жетпей жатат.

Сөз болуп жаткан имарат Ош шаарынын борбордук аянтына канатташ, калаа борборундагы Ленин көчөсүнөн орун алган. Жеке менчик, беш кабаттуу имарат Оштогу айыл чарба техникумунун окуу корпусу менен спорттук аянтчасынын ортосунда турат. Ал жерди аталган окуу жайдын директору Сейитбек Аматов 2002-жылы мыйзам чегинде менчиктештирип, азыр кытай консулдугуна беш жылга ижарага бергенин айтууда.

- Ал жердин окуу жайга такыр тиешеси жок. Окуу жайдын жери такыр башка жакта. Алар баары мыйзамдуу.

Бирок көп жылдан бери шаарда жашап, иштеп, эски-жаңы өзгөрүүлөргө күбө болуп жүргөн Абдылда Капаров ал жердин менчикке кеткен тарыхын мындайча баяндап берди.

- Ал жер мурда спорт паркына карап турган. Анан ошол бактын бир четин айыл чарба техникумуна спорттук аянтча керек деп бөлдүрүшкөн. Эми ошол спорт аянтына деп бөлүнгөн жердин жол жагын кыркып алып менчиктештирип алышкан да.

Ош шаардык мэриясы болсо кытай консулдугу өзү жайгашкан имараттын жанындагы жөө адамдар баскан жолду бетон дубал менен тосуп алганын эрөөн-терөөн көрүшпөйт. Калаанын муниципалдык менчикти башкаруу жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Мирлан Исраилов консулдуктун жанында эч кандай жөө басуучу жол жок болчу деп чыкты.

- Кадырбаев шаарды башкарып келаткан 2014-жылдан бери шаарда бир карыш да жер сатылган жок. Тескерисинче, биз мыйзамсыз менчиктештирилген бир нече жерлерди артка кайтардык. Анан 2002-жылы сатылган жерге азыркы мэр жооп бербейт.

Деген менен Ош шаарынын борбордук бөлүгүндө эле жөө басуучу жолдор өз алдынча ээленип кеткен жүздөгөн мисалдар бар. Мындай жолдордун айрымдарына ири имараттар да курулуп калган.

Оштогу айыл чарба техникумуна тиешеси жок жерди менчиктештирдим деген Сейитбек Аматов болсо окуу жайды 25 жылдан бери башкарат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG