Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:19

Тагай Раимкулов союз таркагандан калган ак койлорун көбөйтүп отуруп азыр 2 миңден ашырды. Учурда койлорунун жүнүнөн эле анын жеке чарбасына жылына 300-400 миң сом киреше түшөт.

Раимкулов өзүнөн ашканынан райондук ооруканага, айылдык мектепке жана колунда жокторго каралашып турат. Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндөгүлөр аны Тагай бай деп коюшат.

Тагай Раимкулов небереси менен кой кайтарат. Жашы 70тен ашса да ал азыр күндүз талаада, түнкүсүн короодо:

- Кыргызда сөз бар, “ырааты тизеден, мээнети белчеден” деген. Кой багыш оңой дейсиңби? Түнү менен жанынан чыкпайсың. Уйку жок. Бирөөлөрдү жалдап кайтартам. Анан өзүм ат минип алып кыдырып карап турам. Бул короону өзүм карайм. Карышкыр деген балээ бар. Аны менен кармашыш керек, болбосо мээнетти алат.

Учурда Тагай байдын 2 миңден ашык кою бар. Миңден ашыгын өз короосунда кармаса, калгандарын балдарына бөлүп берип койгон.

Айтканга оңой болгону менен, мал туягын ал канча кыйынчылыктар менен көбөйттү. 50 жылдык тажрыйбасында кой багуунун жолдорун, көбөйтүүнүн сырларын толук үйрөндү.

Жайкысын коюн ургаачы-эркек кылып экиге, кышкысын төрткө бөлүп багат.

Ал эмес азыр “Элита-1” породасындагы ак коюна башка койлорду такыр аралаштырбайт. “Көп сырлар ушунда жатат” дейт чабан:

- Баарын чогуу кайтарсаң койлорду кочкор кууп койот. Бир короого батпайт. Биз куутту ноябрь айында койобуз. Койдун баары эрте жазда тууйт. Козулардын бири да өлбөйт. Эгер жайда кууп койсо, күздө же кышта тууп койот да, козулардын тумшугун, оозун үшүк алып кетет.

Союз таркаган жылдары Тагай Раимкулов мамлекеттен ак койлорду ижарага алып иштеткен.

Тагай Раимкуловдун небереси
Кой башына төлөнчү эт планын ал башка малын союп аткарып жатып, бир аздан кой ажыратты. Ошентип отуруп азыркы чарбасы түптөлдү:

- Алгач бизге койду ижарага берди. “Ар бир койдун башына 4 жарым килодон жүн, 25 килодон эт бересиң” деди.

Эт тапшырганга келгенде өзүмдүн уйларымды, аттарымды союп тапшырдым. Чарбага ылайыксыздарын бүт өткөрүп бердим. Ошентип атып бир жылда 50 козу ажыраттым, экинчи жылы 75 төл кириш болду, үчүнчү жылы 150 төл бөлүп алдым. Ошентип көбөйүп кетти.


Тагай Раимкуловдун чарбасында койлорунан сырткары 50дөн ашык жылкы, 40тан ашык уй бар. Кышкысын 60 машине чөп жыят.

Киши келсе да, келбесе да алардын үйүнөн эт үзүлбөйт.

Тагай байдын байбичеси Бүажар Думпуева уул-келини менен соолук койлорду, башкача айтканда ургаачы кой короону багат:

- Мейман келсе эле союлат. Күндө келсе күндө бирден кой союлат. Ашкандарын өзүбүз жейбиз. Кээде этсиреп калганыбызда өзүбүзчө деле союп жей беребиз. Каалаганда жейбиз, каалабаганда жок. Азабы бар ошончолук, жыргалы бар. Биз мында уул-келиним менен соолук койлорду карайбыз. Кичинекей неберем кайтарат койлорду.

Раимкуловдун койлорунун жүнүнөн эле анын чарбасына жылына 300-400 миң сом каражат түшөт.

Тапканынын бир бөлүгү менен Кара-Кулжа райондук ооруканасын жана кургак учук эмканасын ысык тамак менен камсыз кылат.

Жылына Көк-Арт айылдык мектебинин жана үй-бүлөлүк медициналык борборунун ремонтуна, отун-суусуна жана тамак-ашына каралашып турат. Колунда жокторго да кез-кезде бирден-экиден кой берип жардамдашат.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG