Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Барымтадагы он күн


Акжол Калбаев
Акжол Калбаев

Тажикстанда кыйноого кабылган ишкер Акжол Калбаевдин ден соолугу оңоло баштады.

Аны өнөктөштөрү коңшу өлкөгө алдап алып кирип, он күн барымтада алып жатышкан. Калбаевдин ата-энеси уулу үчүн 23 миң доллар кун төлөгөнгө да мажбур болгон. Бирок ал тажик коопсуздук органдарынын көмөгү менен бошотулган.

Досум дос элек...

Акжол Калбаевдин башына түшкөн капсалаңдуу окуя мындан беш-алты жыл мурдагы мамилелерге барып такалат. Тажикстандан келген ишкер менен ал ошол кезде таанышкан:

- Набиев Набижан Абдурахманович менен 2011-жылдан бери таанышып, достошуп калганбыз. Мен аны бир күн бою Ош шаарын кыдыртып, Сулайман-Тоого алып чыгып эс алдыргам. Үйүмө жатып кеткен. Мен деле Тажикстанга барып жылкы сатып келгенде ал балдары менен мага жардам берип жүрдү. Кийин уулу үйлөнгөндө, кызы күйөөгө кеткенде чакырып ал жакка бардык, кыскасы жакын болуп жүрдүк. Ошондон бери үй-бүлөлүк катышыбыз бар.

Акжол Калбаев
Акжол Калбаев

Ошентип Калбаев тажикстандык ишкер Набиев менен достук мамиледе болгон. Экөө ал ортодо чогуу бизнес да жүргүзүшөт. Тажикстандагы “Таджирон” деген компаниянын ээси Набижон Набиев Ошто да жүк ташуучу “Голд тур Транс” фирмасын ачып иштете баштайт.

"23 миң доллар таап бересиң"

Өткөн жылдын 14-декабрь күнү Акжол Калбаев бизнес өнөктөшүнө автоунаа сатканы Тажикстанга барат. Бирок ал каргаша күтүп турганын аңдаган эмес экен:

- Жамандык оюмда жок эле Кожентке бардык. Аларды үч сааттай күтүп калдык. "Хаммерди" бир сыйра көрүп Набижан аке “диагностика кылалы, бул кымбат машине, 16 миң доллар деген оюнчук эмес, сен да күйбө, мен да күйбөйүн” деп калды. Мен макул болуп 50 километрдей барып, анан бир жерден машинени диагностика кылдырдык. Баары жакшы эле чыкты. Анан “үй жакка жүр, Ошко берчү бир белек бар эле, ошону ала кет” деп калды. Үйүнө барсам бир кылыч бар экен. Анысын алып келгенде жакын кармап, карап жаткам. Ошол кезде баласы башыма катуу бир нерсе менен бир урду. Эсимди жоготуп койдум. Өзүмө келсем буту-колумду байлап, оозумду скочтоп салышыптыр. Жанымда досум бар эле, анын да колу-бутун таңып, ар кандай жаман видеолорду тартып, “милицияга арыздансаң буларды жарыялап жиберебиз” деп коркутуп кое беришти. Анан мени алып калышты.

Кыргызстандык ишкерди 14-декабрдан 18-декабрга чейин Кожент шаарында кармашкан. Ал жерде аны сабап турушкан. Калбаев ал жерден тирүү чыгарына ишенген эмес:

- Эки күндөн кийин "үйүңө чалып акча сура" деп айтышты. Бычак такап турушкан. “Барымтада калдым, мага 23 миң доллар жөнөткүлө” деп айтасың дешти, ошентип айттым. “Карызым бар болчу, ошону төлөп беришим керек” дедим. Менден кабар барганда апамдын кан басымы көтөрүлүп, ооруканага жатып калган экен. Анан бир тууган иниңди чакыр дешти. Ал Оштон Тажикстанга мен кармалгандан үч күн өткөндөн кийин барды. Менин жылаңач, колу-бутум байланып турган сүрөтүмдү тартып, үкөмдүн өзүн кошо тартып, “акең тирүү, акчаны сөзсүз которгула” деп аны кетиришти. Интернетке таркап кеткен сүрөттөр ошолор. Милицияга кайрылсаңар акеңди өлтүрүп таштайбыз деп аны да катуу зекишти. “Майда-чүйдө чыгашага алгач үч миң доллар саласың, анан 20 миң долларды которосуң” деп айтты.

Кыйноодон кийин
Кыйноодон кийин

Калбаевди кийин Дүйшөмбү шаарына, ишкер Набижон Набиевдин үйүнө алып келишип, ал жерде дагы алты күндөй кармап турушкан. Анткени ишкердин жакындары акчаны борборго которушмак:

- Эртеси күнү менин үйүмдөгүлөр 3 миң доллар акча салышты. Ага “сага белек” деп мыскылдашып, чынжыр, кишен сатып келип, колу-бутумду байлап коюшту. 23-декабрда калган акчаны которууга акыркы мөөнөт болчу. Ага чейин мени аябай тепкилешти. Бычак менен сайгылашып, кылыч менен көзүңдү оёбуз деп мазакташты. Клеенка алып келип коюп, ошо менен байлайбыз дешти. “20 миң долларды алгандан кийин сени Ооганстанга кулчулукка сатып жиберебиз, сен үчүн бир “крузак” (Жип) же бир изумруд таш берет” дешти. Алардын мени бул жакка кайтарайын деген ниети жок болчу.

Чыр териштирилип жатат

Бирок окуяга аралашкан тажик ишкерлеринин бири тажик коопсуздук органдарына кайрылып, кыйноодогу кыргыз жараны 24-декабрда бошотулган:

- Ишемби күнү аларды уйку басып, банктан акчаны алганга үлгүрбөй калышты. Аны да бир Фархад деген тажик баланын атынан алышмак. Фархадды да коркутуп, менин жанымда сүрөткө тартып барымтага алышкан, акчаны ошол алды деп күнөөнү ага оодарып коюшмак экен. Ошентип банкка барышса, “мынча чоң сумманы бере албайбыз” деп макул болбой коюшуптур. Анан мени Дүйшөмбү шаарына алып кетишкенде Фархад акимиатка, Тажикстандын УКМКсына арызданып барыптыр. Атайын кызмат, “Альфа” Дүйшөмбү шаарында мен жаткан үйгө бастырып киришип куткарып калышты. Тажик күч кызматы кирип келгенде сүйүнүп аябай ыйладым.

Ошентип, тергөө иштерине бир сыйра көрсөтмө бергенден кийин Акжол Калбаев 30-декабрь күнү Кыргызстанга кайтып келген. Дароо кой союп, тууган-уругуна кудайы өткөзгөн. Азыр ал Ош шаарында жеке менчик ооруканада дарыланууда:

- Ал кармалган жерден эле мени урган арматуралары, кылычтары, бычак жана башка буюмдарын далил катары тажик УКМКсы алып кетти. Сен Кыргызстанга кетсең келбей коесуң деп мени да ооруп жатканыма карабай суракка алышты. Бардык көрсөтмөлөрдү бергенден кийин 30-декабрь күнү Кыргызстанга чыгып кеттим. Туугандарыма келип, кан чыгарып түлөө өткөрдүм. Кантсе да мен үчүн соңку окуя чоң сабак болгондой. Ата-энемди, балдарымды, үй-бүлөмдү барктап калдым.

Бул маалыматтарды Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин консулдук кызматынын башчысы Сардар Мусакеев да ырастады:

- Бизге Акжол Калбаевдин туугандары анын жоголуп кеткенин айтып кайрылышкан, биз да тажик бийликтеринен жардам сурап кайрылдык. Тажикстандын улуттук коопсуздук кызматына ыраазычылык билдиребиз. Анткени алар аябай ыкчам иштеп, Кыргызстандын жараны Акжол Калбаевди аман куткарып калдык. Алардын ортосунда кандай талаш болгонун мен так билбейм, ал биздин ишибиз эмес. Ал маселелерди тийиштүү кызматтар иликтеп жатышат.

Калбаевди барымтага алгандар камакта

Акжол Калбаев менен ага кыйноо көрсөткөн тажикстандык ишкер Набижон Набиевдин достугун бузган себеп табышмак бойдон турат. Калбаев бул тууралуу ачык айткысы келген жок. Учурда Набижон Набиев жана анын уулу Хаким Набиев менен кошо төрт жаран Тажикстанда камакка алынганы кабарланууда. Кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатканын коңшу өлкөнүн күч кызматтары билдирүүдө.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаев буларга токтолду:

- Акжол Калбаевдин жакындары күч кызматтарына кечирээк кайрылганы үчүн аны куткаруу кечеңдеп кеткен. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Кыргызстандын жараны Акжол Калбаевди Тажикстанда барымтага алганы боюнча коңшу өлкөнүн атайын кызматтары Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда. Азыркы кезде биздин жарандын адвокаттары да тиешелүү иштер боюнча керектүү документтерди топтоп жатат.

Вести kg сайтына чыккан маалымат
Вести kg сайтына чыккан маалымат

Калыстык үчүн белгилей кетчү жагдай, Акжол Калбаевдин аты интернетте айрым басылмаларда уюшкан кылмыштуу топтор менен да байланыштуу айтылып жүрөт. Каарманыбыз өзү анын баарын четке кагып, соңку окуяда да криминалдык боёк жок экенине ишендирди:

- Набижан Набиев УКМКда суракта отурганда мени каралоо үчүн “бул уюшкан кылмыштуу топтун өкүлү, бул бандиттер менен жүрөт” дегенге аракет кылды. Ал эми Көлбаевдер менен менин эч кандай байланышым жок, анын баары ушак. Жаманатты кылгандардын эле мен жөнүндө тараткан туура эмес маалыматы. Кадыр Досонов менен да байланышым жок. Ушул убакка чейин эч кандай криминалдык иштерге аралашкан эмесмин.

Калбаев учурда Кара-Суунун Мады айылында турат. Үй-бүлөлүү, үч кызы бар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG