Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Өзгөн: мэр менен ишкердин жер талашы


Өзгөн
Өзгөн

Өзгөн шаарынын борбордук паркы шаар мэри менен жергиликтүү ишкерлер ортосундагы талашка айланды.

Шаардык алты ишкер мурунку мэрдин тушунда паркты иштетүүгө уруксат алганын айтса, калаа башчысы эч кандай уруксаты жок эле ишкердик болуп жатат деп, бакты кайтарууга аракет кылууда.

Өткөн жылы Өзгөн шаарындагы “Тынчтык” эс алуу багын иштетүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан сынак өткөн. Сынактан алты ишкер жеңүүчү деп табылган. Ушундан соң бак Өзгөн шаарынын мурунку мэри Надырбек Каримов тарабынан ишкерлерге 15 жылга ижарага берилген. Аны оңдоп-түзөөгө киришкен ишкерлердин бири Сухбатулло Узгенбаев оңдоо иштерине кыйла акча коротконун айтууда.

- Мурунку мэрдин тушунда конкурс болгон. Алты ишкер утуп чыгып, бакты тазалап, иретке келтире баштаганбыз. Ага мен 3 миллион сом жумшадым. Келишим боюнча 10 миң сомдон ижара акы төлөгөнбүз. Быйылкы сезонго даярданып, жолдорду түздөп, гүл тиге баштаганбыз. Анан эле Архитектурадан кишилер келип, "курулушту токтоткула, буга силердин уруксатыңар жок" деп усталарга кыйкырып кетиптир. Ошонун эртеси бул жердеги ижарачылар чогулуп, мэрге бардык. Мэр чыгып, силердин документиңер жок деди. Мурунку жылы сынак болгон, биз тандалганбыз. Бирок ошол кездеги мэр депутат болуп кетип, ижарага токтом чыкпай калып кеткен болчу да.

Аталган эс алуу багы Өзгөн шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык мекеме болуп эсептелет. Ижара акы бактын өзүнө түшүп турган. "Тынчтык" багынын эсепчиси Тажикан Тажимаматова иштин чоо-жайы тууралуу буларды айтты:

- Мэрия ижарачыларга токтом чыгарып беребиз дешкен. Бирок ушул күнгө чейин токтом чыккан жок. Азыркы мэр мына ошону шылтоо кылып, биздин келишимди жокко чыгарып, мэрия менен келишим түзөсүңөр, мен айткан шартта иштейсиңер, болбосо иштебейсиңер деп жатат.

Өзгөн шаарынын азыркы мэри Саипжан Пратов болсо ишкерлердин доосун четке кагууда. Шаар башчысы "Тынчтык" эс алуу багын алты ишкер өз башынча ээлеп алган деп эсептейт:

- Бул сөздөрдүн баары ушак. Алар ошол беш-алты кишинин кызыкчылыгы үчүн эле ушунча сөздү көбөйтүп жатышат. Сынак өткөнү тууралуу документ же келишим жок, ижарага берилгени тууралуу токтом чыккан эмес. Мен бактын пайдасы баарына бирдей болсун, шаар да ишкерлер да пайда көрсүн деген максатты көздөп жатам.

Шаар мэри минтип ишкерлерден мыйзамдуулукту гана талап кылып жаткан арада ал сөздөрдү төгүндөгөн видео тарады. Ал тасмада Өзгөн шаарынын азыркы мэрине окшош киши "Тынчтык" багын алууга мурунтан аракет кылып жүргөнүн айтканын көрүүгө болот.

- Эй бала сенин агаңа мен 25 миллион сомдук долбоор жазып киргем. Бул бакка силерге окшоп эки же үч миллион эмес 25 миллион сом жумшарымды айткам. Ошондо бербей силерге бердиби? Жалган болсо айткыла!

Алты гектарды жерди ээлеп жаткан Өзгөндөгү "Тынчтык" эс алуу багы шаардагы эң көрктүү жайлардын бири. Май айынан тарта ал шаардагы эл эң көп барган жайга айланат. Бакты ижарага алдык деген ишкерлердин алды 2-3 миллион сомго чейин акча салган. Колу жипсиз байланган ишкерлер жайкы сезонго чейин ишти бир жаңсыл чечүүнү облус бийлигинен суранышууда. Ишкерлерден бак талашкан Саипжан Пратовдун Өзгөн шаарына мэр болгонуна алты ай толду.

XS
SM
MD
LG