Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Парламенттин ар бир кадамына көз салуу керекпи?


Жарандык коом өкүлдөрү "Парламентаризм үчүн" жарандык кеңешин түзүп, Жогорку Кеңештин ишин көзөмөлдөөнү максат кылууда.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунованын айтымында, түзүлгөн жарандык көзөмөл кеңеш парламентти айкындуулукка, сапаттуу мыйзамдарды чыгарууга чакырат.

- Парламенттин иши тууралуу толук маалыматты өз учурунда алып турганга аракет кылабыз. Ал механизмдер бар, бирок ошолорду иштетиш керек. Биздин максат ушундай. Мындан тышкары парламентте көтөрүлгөн демилгелер Баш мыйзамга ылайык болушу керек. Ошондой эле кабыл алган регламентти депутаттар сактап, ошол боюнча иштеши керек. Ал регламентте жакшы процедуралар бар. Бирок аны булар өздөрү бузуп коюп жатышат. Мисалы, башка депутат үчүн добуш берип жатышат. Жаңы регламентте ага уруксат жок.

Парламентаризм үчүн жарандык кеңештин катарына 15тей бейөкмөт уюм жана бир канча активист кирген. Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигине караштуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Марс Черикчиев айрым мыйзамдар сапатсыз болгондуктан ишкерчиликке тоскоол болуп жатканын, ошондой эле парламент терең талданбаган айрым демилгелерди жана комиссияларды түзүп келатканын мисал тартты.

- Мисалы, өкмөттүн Каржы полициясын реформалоосу боюнча айтсак болот. Жогорку Кеңеш “андай реформа болбойт, кайра карап чыккыла” деп жатат. Бир эле Каржы полициясын реформалоодо ушунчалык тоскоолдук болууда.

Ошол эле кезде жарандык коом кыргыз парламентин көзөмөлдөө иши өлкө багыт алган парламенттик демократияны өнүктүрүүгө салым кошот деп ишенет. Динара Ошурахунова:

- Ушул парламентти таратыш керек деген ар кандай сөздөр болуп жатат. Бирок биз парламентти таратканга каршыбыз. Эгер бул парламент тарап, башка адамдар келгенде деле эч кандай өзгөрүү болбойт. Ушундай эле адамдар келет.

"Парламент баарына ачык эле"

Эл өкүлдөрү болсо, парламент өз ишмердигин ачык-айкын жүргүзүп жатканын белгилөөдө. Жогорку Кеңештин төрага орун басары Төрөбай Зулпукаров ар бир депутат буга чейин деле элдин жана шайлоочулардын алдында отчет берип келатканын белгилеп, "депутаттар жыйынга катышпайт, бири-бирине добуш берет" деген сындарды четке какты.

- Ар бир депутат өз электоратынын алдында жоопкерчиликтүү. Алардын атынан сүйлөп, аларга отчет берет. Ал эми, мисалы, эртең парламентте жалпы жыйын болот. Ал жерде жүйөлүү себептер менен 13кө жакын депутат келе албайт. 11 депутат Санкт-Петербург шаарында иш сапарда жүрөт.

Жарандык коомдун эл өкүлдөрүнүн ишмердигин көзөмөлгө алуусунун артында ар кандай күчтөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүн деген депутаттар да жок эмес. Ал эми “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Токон Мамытов бүгүнкү кыргыз парламенти тарыхый миссияны - парламенттик башкаруу системасын ийгиликтүү түптөп жатканына токтолду.

- Азыр жаңы Конституция болуп, мамлекет да жаңы, эл да башкача болуп, өзгөрүүлөр чоң болуп жатат. Ушундай тарыхый шартта парламент менен президентке иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек.

Токон Мамытов жарандык коомду парламентти эмес, аткаруу бийлигинин ишин көзөмөлдөөгө чакырды.

- Алар жергиликтүү бийликти, губернаторлорду, министрлерди, өкмөттү көзөмөлдөшпөйбү. Мына ошол жакта кадр, акча каражаты, жер байлыгы жана башка маселелер турат.

Буга чейин бейөкмөт уюмдар жыйынга катышпаган депутаттардын тизмесин бербегени үчүн парламентти сотко берген. 11-майда Бишкек шаардык соту жарандык коомдун өтүнүчүн канааттандырып, андай депутаттардын тизмесин берүүгө Жогорку Кеңешти милдеттендирген болчу.

Кыргызстан 2010-жылдагы апрель окуясынан кийин референдум аркылуу Баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкарууну тандап алган. Бирок талдоочулар Кыргызстанда парламенттик башкаруу системасы бекемделе электигин, убакыттын өтүшү менен кайра президенттик башкарууга өтүү ыктымалдыгы да жок эместигин белгилеп жүрүшөт.

XS
SM
MD
LG