Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Парламентте аялдар азайды


“Бир Бол” партиясы аркылуу беш жылга шайланып келген Лунара Мамытова жарым жылга жетпей мандатынан ажыраган.

“Бир Бол” партиясы аркылуу беш жылга шайланып келген Лунара Мамытова жарым жылга жетпей мандатынан ажыраган.

Жогорку Кеңеште гендердик тең салмактуулук сакталбай жатат. Депутаттардын үчтөн бири аялдар болушу керек деген талапка карабастан учурда парламенттин 120 мүчөсүнүн 18и гана аял киши. “Кыргызстан” фракциясында бир да аял жок. Монофракцияга айлануу коркунучу “Бир Болдун” алдында да турат.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына “Бир Бол” партиясы аркылуу беш жылга шайланып келген Лунара Мамытова жарым жылга жетпей мандатынан ажыраган. Депутаттыктан кетип жатканы тууралуу арызды “өз эрким боюнча жаздым” деп айтканы менен, арадан бир нече ай өткөндөн кийин ал депутаттык тагдырын партиянын саясий кеңеши эле чечип койгонун айтып берди:

- Ар бир саясий партияда бул акча менен көзөмөлдөнөт. Баарыбыз аны эң жакшы билебиз. Тизмеге ким кирет, ким депутат болот дегендин баарын партиянын саясий кеңеши чечет. Биздин “Бир бол” партиясында да мен кеңештин чечими менен депутат болдум, кеңештин чечими менен депутаттыктан кеттим. Соттошуу, жаман катындай болуп ары-бери жакка барып арыздануу менин принцибимде жок.

Коомдук телеканалда алып баруучу болуп иштеп, аты калың журтка таанылып калган Лунара Мамытова былтыркы шайлоо маалында “Бир бол” партиясынын жүзү болуп бергендердин бири.

Жеңишке жетүү үчүн партиялар үгүт маалында адаттагыдай эле “Гендердик тең укуктуулук”, “Аялдарга камкордук” деген сыяктуу кооз ураандарды колдонгон. 120 адамдан турган тизмесиндеги талапкерлердин ар бир төртүнчүсү кылып аялдарды жазган.

Бирок мыйзамда жазылган бул гендердик талаптын тегерегинде маселе шайлоо аяктап, парламент куралгандан кийин чекесинен чыга баштады.

Жыйынтыгында КСДПдан Ашэра Халикова, “Кыргызстан” фракциясынан Элмира Жумалиева менен Чолпон Эсенаманова, “Бир болдон” Лунара Мамытова менен Бакыт Есенбаева жана “Өнүгүү-Прогресстен” Назира Абирова, Хулкарпаша Сабирова бири мандат алгандан кийин, бири ага чейин эле депутаттык менен кош айтышкан. Ал эми “Республика - Ата Журт” эки айымын: Рада Туманбаева менен Аида Исмаилованы кетирмей болуп, бир топ ызы-чуу, соттошуудан кийин алар кайра ордунда калган.

Ошентип, азыр Жогорку Кеңеште үчтөн бири аял болушу керек деген 120 депутаттын 18и гана аял. Алардын сегизи КСДПда, бешөө “Республика - Ата Журтта”, үчөө “Ата Мекенде”. “Өнүгүү-Прогрессте” 13 депутаттын бирөө гана аял.

Кечээ жаңы куралган өкмөткө мүчө болуп дайындалып кеткенине байланыштуу “Кыргызстан” фракциясында Чолпон Султанбекова менен Таалайгүл Исакуновадан кийин жалаң эркек депутаттар калды. Монофракцияга айлануу коркунучу “Бир болдун” алдында да турат. Себеби андагы жалгыз айым Чолпон Жакупова "эгер Конституция өзгөртүлсө мандатымды тапшырам" деп айткан жайы бар.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун пикиринде, Кыргызстанда кесипкөй адистер алдыга жылбай, аялдар жогорку бийлик органдарындагы саясий соодалашуунун курмандыгы болуп калууда:

- Президент өзү баш болуп кесипкөйлүк жагынан алсыз, ылайык келбеген кадрларды жылдыра берсе муну көргөн партиялар, алардын лидерлери да эптеп кутула албай жүргөн адамдарды, аялдарды, тизмесинен чыгарып, каалагандарды жылдырып, алардын ордуна башка адамдарды алып келүүдө. Өкмөттүн ушундай алсыз курамы жылдан жылга уланып келатат.

Ошол эле маалда соңку кезде парламенттеги аялдардын санынан сапатына өтүү керек деген пикирлер да көп айтылууда.

Аида Салянова

Аида Салянова

Серепчилердин белгилешинче, бара-бара аялдар үчүн квота деген түшүнүк жоюлат, себеби аял-эркегине карабастан талапкерлер татыктуулугун шайлоочулардын алдында ар ким өзү далилдеп, электен өтүп келиши керек.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешов да мындай пикирге кошулат. Бирок депутат Кыргызстандын азыркы саясий шартында квота эрежеси керек деген көз карашта. Депутат парламентерийлер тобу менен бирге бул жаатта атайын мыйзам долбоорун да иштеп чыккан:

- Чын эле парламентте аялдар азаюуда. Бул жакшы эмес. Себеби аялдар дайыма орчундуу социалдык проблемаларды көтөрүп чыгат. Квотаны күчөтүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкканбыз, көрөбүз го, ал өтөбү же жокпу. Бирок негизи квота келечекте жок болот. Адамдардын аң сезими, түшүнүгү, саясий маданияты өзгөрөт. Мисалы, ошол эле Европа, Америкада андай жок да. Бизде аялдар парламентте болсун деп ушундай квота киргизгенбиз. Азырынча бул бизге керек.

Дастан Бекешов айтып жаткан мыйзам долбоору кабыл алынса, парламенттеги фракциялар эгер аял депутаты башка кызматка кетсе, бошогон орунга кийинки тизмедегилердин арасынан аял талапкерди алып келүүгө милдеттүү болот.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Рахат Кеңешова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин журналисти. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин бүтүргөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG