Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

90 депутат кайра парламентке келгиси келет


Жогорку Кеңеш бүгүн кворум топтой алган жок. Ага ылайык сессия болбой калды.
Жогорку Кеңеш бүгүн кворум топтой алган жок. Ага ылайык сессия болбой калды.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин ишин баштаганы турат. Бирок 2-сентябрда депутаттар отурумга келбей коюп, сессия болбой калды. Азыркы 120 депутаттын 90у кайра шайлоого аттанууда.

Ушундан улам коомчулукта үгүт иштери учурунда Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иши аксабайбы, парламенттин трибунасы үгүт үчүн пайдаланылбайбы деген өңдүү суроолор жаралды.

Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын аягына чыгышына бир айча гана убакыт калды. Парламенттин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин жетекчиси Айнуру Алтыбаеванын ырасташынча, депутаттардын дээрлик баары шайлоого аттанганы менен, иш ыргагы мурдагыдай, эч өзгөрүүсүз улана бермекчи:

- Баш мыйзамыбызда жана Шайлоо жөнүндөгү мыйзамда азыркы депутаттардын ыйгарым укуктары кийинки чакырылыштагы депутаттар алгачкы жыйынга чогулганда гана токтойт деп жазылган. Парламенттик өлкөдө бир күн, атүгүл бир саат да бийлик жок болбошу керек. Ошондуктан ушундай мыйзамдар жазылган. Ага ылайык депутаттар талапкер болсо да ыйгарым укуктарын аткара беришет. Алардын айлыгы, кызматтык унаасы, кыскасы баары калат, баары мурдагыдай эле болот.

Анткен менен мыйзамдагы мындай жобону сынга алгандар бар. Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы, юрист Мукар Чолпонбаев муну Баш мыйзамдагы алешемдик деп атады жана дагы башка карама-каршылыктар бар экенин белгиледи:

- Конституцияда мындан сырткары бир топ кемчиликтер бар экен. Бул жалпы кемчиликке кирип кетет. Депутаттарга бул мыйзам менен жол берип койгон. Баш мыйзамда шайлоо боюнча карама-каршылык бар. Биз алардын баарын айтып эле калып калабыз. Айла жок. Конституциянын 2-беренесинде беш эл аралык принцип жазылган. Ал шайлоонун демократиялык принциптери деп аталат. Бирок ошол эле Конституциянын 70-беренесинде эле шайлоо пропорционалдык негизде өткөрүлөт деп көрсөтүлгөн. Анан Шайлоо кодексин кабыл алгандан кийин ошол беш принциптин баары жокко чыгып калды. Анан ушундай шартта демократиялык шайлоо тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Шайлоодон мурун анын принциптерин демократиялык нукка буруу керек. Азыр менин колумда Конституциянын ичиндеги шайлоого байланыштуу карама-каршылыктардын анализи турат.

Жогорку Кеңешке такай каттап жүргөн журналисттер кээде сессия өтчү зал жарым бөксө болуп каларын, кворумдун жоктугунан комитеттердин жыйыны үзгүлтүккө учураганын көп эле жолу көрүшкөн. Мунун айынан айрым бир мыйзамдарды талкуулоо үзгүлтүккө учураган.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын төрайымы Динара Ошурахунованын баамында, тарап кетерине бир ай калганда талапкер депутаттар парламентти үгүт иштерине пайдаланууга аракеттенишет:

- Өздөрүнүн жумуштарын бүтүрүп кеткенден кийин гана талапкер болуп, үгүт жүргүзсө логикалуу, баарыбызга түшүнүктүү болмок. Баягыда шайлоонун датасын антебиз-минтебиз деп талашып отуруп 4-октябрга белгиленди. Парламент болсо каникулга кетип калып, ишин аягына чыкпай калды. Эми алар дагы бир ай иштейт. Азыр эми 90дон ашык депутат шайлоого барганы жатат. Алар эми депутаттык укугунан пайдаланышат да. Алар өз жумуштарын бүтүрүп, үгүт жүргүзө берсе болот. Депутат болгондон кийин ага баардык ММК ачык болуп өзү, өзүнүн иши тууралуу көбүрөөк айтканга, үгүт жүргүзгөнгө мүмкүнчүлүк түзүлүп калып жатат да. Ошондуктан алар мындай жагдайды пайдаланат жана парламентке келип иштемиш болот.

Ошурахунова шайлоого барчу айрым депутаттар башка партияга кошулуп кеткенин, мындай учурда фракциялардын жана коалициялык көпчүлүк-азчылыктардын иши боюнча да бир катар суроолор жараларын кошумчалады:

- Айрымдары фракциялардан чыгып, парламентте эмес партиянын өкүлдөрү болуп калышты. Алар эми кимдин кызыкчылыгын коргоп, кимдин талабын көтөрөт? Ошо өздөрү чыккан фракцияныкынбы же жаңы кирген партиясыныкынбы? Ушул жери түшүнүксүз. Азыр кызыктай абал болуп жатат. Анан үгүт башталгандан кийин алар парламентте такай отуруп иштебесе деле керек. Иштесе деле үгүт менен алектенишет.

Жогорку Кеңештин азыркы курамы беш партиядан турат. Серепчилердин божомолу боюнча, кийинки чакырылышта деле дагы ушунча сандагы партия утуп келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG