Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:05

Парламент конституциялык реформаны тереңдетүүнү көздөсө, айрым коомдук уюмдар Баш мыйзамды алмаштыруу демилгеси менен чыгууда.

Бүгүн “Кыргыз Республикасынын Референдуму жөнүндө”, "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” конституциялык мыйзамдарды 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамга ылайыктоо долбоору парламенттик угууда талкууланууда.

Парламенттик көпчүлүк конституциялык реформаны тереңдетүү менен алектенип жаткан чакта кээ бир коомдук уюмдар Баш мыйзамды алмаштыруу үчүн референдум өткөрөбүз деген демилге менен чыгууда.

Жогорку Кеңештеги демилгечи депутаттардын айтуусунда, аталган конституциялык мыйзамдарга жаңы нормаларды киргизүү - мезгилдин талабы. Анткени “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” мыйзам 2010-11-жылы болуп өткөн парламенттик, президенттик шайлоону уюштуруу үчүн шашылыш кабыл алынган, ошол кенемтени толтурууга убакыт келип жетти дейт азыр иштеп жаткан Баш мыйзамдын негизги автору саналган “Ата Мекен” партиясынын лидери, депутат Өмүрбек Текебаев:

- Биз Шайлоо системасын, тактап айтканда шайлоо комиссияларын, шайлоочулардын тизмелерин түзүү, добуш берүүнү уюштуруу багытында радикалдуу реформаларды жүргүздүк. Бирок айрым эски адаттар калган, бүгүн ошолор жаңылоону, жаңы нормаларды киргизүүнү талап кылып атат. Практикада көрдүк, эгер шайлоо жыйынтыгына шектенген талапкер, же партия добуш берүү кагазын кайра санап чыгууну талап кылса, сөзсүз түрдө ал аткарылышы керек деген норма киргизүү зарылдыгы бар. Экинчиден, партиялык тизме менен шайлоодогу территориалдык, аймактык принцип менен партиялык системаны айкалыштыруу зарылчылыгы бар.

Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, аталган конституциялык мыйзамдардын алкагында саясий партиялардын парламенттик шайлоого катышуу укугу тууралуу да өзгөртүүлөр киргизилүүсү керек.

Ошентип “Референдум жөнүндө”, “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу” сыяктуу конституцялык мыйзамдарды 2010-жылы 30-июнда кабыл алынган баш мыйзамга ылайыктоо күн тартибинде турат.

Мыйзамчылар ушинтип апрель окуясынан кийин жүргүзүлгөн конституциялык реформаны алдыга жылдыруу менен алек болуп жаткан чакта “Элдик курултай” деп аталган коомдук кыймыл жаңы конституциялык реформа жасап, ал аркылуу Курултайлар институтун киргизүү дымагын билдирүүдө.

“Кыргызстан чоролору” коомдук уюмунун башчысы Замирбек Көчөрбаевдин айтымына караганда, кыймыл азыр референдум өткөрүү үчүн 300 миң кол топтоо максатын көздөп, 6-июнда БШКга расмий кайрылды:

- Азыркы Башмыйзамда элдин ой-пикири сунуш иретинде гана берилет деп турат. Биз болсо “эл бийлик органдарын көзөмөлдөп турушу керек” деп эсептейбиз. Ушул талап менен Жогорку Кеңешке кайрылсак, алар Башмыйзамдын 52-беренеси боюнча биздин талапты мыйзамдаштыра албайбыз деп атышат. Демек Конституцияны реформалоо зарылчылыгы турат.

Серепчилер 2010-жылы кабыл алынган Башмыйзам өлкөдөгү кырдаалды турукташтырууга шарт түзүп бергенин белгилешет. Алардын айтуусунда, Башмыйзамды кайра-кайра өзгөртө берүү өлкөнүн саясий жана экономикалык абалына тескери таасирин тийгизүүсү толук ыктымал.

Мындай пикирдегилердин бири, жаш саясат таануучу Марат Жаанбаев акыркы кабыл алынган Башмыйзамдын толук кандуу иштөөсүнө шарт түзүп берүү зарылдыгын белгилейт:

- Президент, өкмөт башчы, баары эле бүгүнкү күнү биздин өлкө өсүп-өнүгүшү үчүн саясий туруктуулук зарылдыгын айтып жатышат. Башмыйзамды өзгөртүп, шайлоо тууралуу мыйзамдарды өзгөртүп, кайра-кайра шайлоолорду өткөрүүдөн көрө, ага сарпталган каражатты өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жумшасак жакшы болмок.

Ушинтип эки жыл мурун кабыл алынган Башмыйзамды кайра алмаштырууга аракеттер кайра башталганы турат өңдүү.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG