Линктер

Соттордун декларацияда көрсөткөн кирешелери менен бирге эми чыгашалары да четинен эсептеле баштайт.

“Соттордун макамы жөнүндөгү” мыйзамга киргизиле турган бул өзгөртүүлөрдө декларацияларына киргизбеген киреше-чыгашалары үчүн сотторго жоопкерчилик каралган. Бул мыйзам долбоору мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин арттырууну караган базалык мыйзамга кошумча толуктоо иретинде парламентте талкууланууда.

Жаңы мыйзамдын жагдайлары

Жогорку Кеңеште сот тутумунда иштеген судьялардын кирешелери менен чыгашаларынын ортосундагы айырмачылыкты эсептеп, ал үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү караган мыйзам долбоору иштелип чыкты. “Кыргыз Республикасынын судьяларынын макамы жөнүндөгү” мыйзамга киргизиле турган бул толуктоолор соттордун алган маянасын жана андан башка киреше булактарын ачыкка чыгарууну көздөйт. Ошондой эле алар сатып алган мүлктөрүн жана той-ашка жумшаган чыгымдары текшерилет. Бул мыйзам долбоору каралып, экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири, парламенттин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев бул мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы маанилүү экенин белгиледи:

- Бул жерде эми бир гана нерсе, талапты койгондон кийин аны Салык кызматы менен Мамлекеттик кадр кызматы кылдат карап турушу керек болот. Анан эми мыйзамды аткаруу механизмдерин анда толугу менен жазып чыгууга мүмкүн эмес. Бирок көзөмөлдөө айырмачылыктарды анализдеп чыгуудан эле көрүнөт. Мисалы, кайсы бир судьянын жылдык кирешеси 400 миң сом болсо, бирок ал 4 миллион сомго үй сатып алса, айырмачылыктан чыккан акчаны каяктан тапты деген суроо пайда болот. Мына ошол үчүн биз бүгүн чыгашаларды каттоого алуу маанилүү деген негизде ушундай толуктоо киргизип жатабыз. Анан эми апамдан мынча миллион сом акча калган деп, көзү өтүп кеткен ата-энесин атай берген адаттар эми бара-бара өзүнөн-өзү калат. Анткени киреше менен чыгашаны салыштыруу менен көп нерсе ачыкка чыгат.

Исхак Масалиев

Исхак Масалиев

“Мүлкүн жашыргандардын мүнөзү өзгөрө элек”

Ошол эле учурда бул мыйзам долбоорун соттордун жоопкерчилигин жогорулатуу чарасы катары баалагандар менен бирге ага сын көз менен карагандар да бар. Анткени мамлекеттик кызматкерлер декларация тапшырууга милдеттендирилгени менен анын тууралыгы текшерилбейт дегендер четтен чыгат. Мамлекеттик кадр кызматынын алдындагы мекемелер аралык комиссия киреше-чыгашасы шек жараткан кызматкерлерге чара көргөн учурлар боло элек дешет талдоочулар.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова маянасы жетпесе да, башка эч кандай мыйзамдуу киреше булагы жок туруп, кабат-кабат үй салган судьялардын жоопкерчилиги каралбай жатканын айтты:

- Мисалы үчүн өткөндө кызматынан бошонуп кеткен Жакып Абдрахманов деген Жогорку Соттун судьясынын декларациясында 400 чарчы метр үйү (особняк), анан кымбат баалуу акыркы үлгүдөгү "Тойота Ленд Крузер" автоунаасы бар экени айтылды. Аны ошол судья өзү декларациясында көрсөтүп жатат. Бирок көрсөтүлгөн мүлк менен автоунаанын эле каяктан пайда болгону текшерилбей жатпайбы. Кирешең мынча болсо, акчаны каяктан таптың деп, ага бирөө-жарымы суроо берген жок да. Андан бери гезиттерге канчалаган башка дагы судьялардын кабат-кабат үйлөрү жана кымбат баалуу машинелери тууралуу материалдар сүрөттөрү менен чыгып жатат. Башкы прокуратура менен Мамлекеттик кадр кызматы мына ошого кызыгып койбогону таң калтырат. Анткени тиешелүү комиссия аны карап, мүлктүн каяктан келип чыкканын аныктап, аны түшүндүрүп бере албаса, анда Кылмыш-жаза кодексиндеги “мыйзамсыз баюу” деген берене боюнча эле ошол судьялардын жоопкерчилигин карашы керек болчу. Бирок азыркы мыйзамдык база буга жол бергенине карабастан, андай болгон жери жок да.

Клара Сооронкулова

Клара Сооронкулова

Мыйзамды натыйжалуу иштетүүнүн жолу

Мекемелер аралык комиссиянын мүчөлөрү ондон ашуун мамлекеттик мекеме-уюмдардан куралган. Мына ошондуктан бул комиссия кайсы бир аткаминердин мыйзамсыз кирешесин аныктап, коомчулукка жарыялаган учуру каттала элек. Анткени мамлекеттик кызматкерлер адатта тапкан мыйзамсыз кирешесин же сатып алган мүлкүн өзүнүн наамына жаздырбайт. Мына ошондуктан ага таандык мүлктү аныктап чыгуу кыйынчылыкты жаратат.

Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Нурханбек Момуналиев бул мыйзам чарасын аткаруу жалпы жарандар салык декларациясын тапшыра баштаганда күчүнө кире турганына токтолду:

- Биз эми келечекте мамлекеттик кызматчылардын ошол киреше-чыгашалары боюнча декларациясы менен жалпы жарандык салык декларациясын салыштырып, текшерүүнү колго алабыз. Мына ошондо мамлекеттик кызматчылар менен алардын туугандарынын ортосундагы жазылган мүлктү аныктап чыгып, анын чынында кимге таандык экенин аныктап алабыз. Мына ошондон кийин мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө жагы дагы бир топ жакшырат деген ойдомун. Мында мүлк туугандарына кандайча катталганы ачыкка чыгып, бул үчүн жоопкерчиликти караганга шарт түзүлөт.

Нурханбек Момуналиев

Нурханбек Момуналиев

Мамлекеттик кадр кызматы 2013-жылы мүлкүн жашырган аткаминерлер кызматтан четтетилип же жаңы түзүлгөн атайын “кара тизмеге” киргизиле турганын жарыялаган болчу. Бирок мына ошондон бери бул чара кайсы бир жогорку тепкичтеги аткаминерге колдонулганы белгисиз. Кыргызстанда жалпысынан жогорку тепкичтеги эки миңден ашуун мамлекеттик кызматкер бар. Мамлекеттик кызматкерлерди жана алардын жакындарынын кирешеси тууралуу декларация тапшырууга милдеттендирген мыйзам 2004-жылы эле кабыл алынган. Андан бери мындай декларациялар он жылдан бери толтурулуп, тапшырылганы менен, бир да жолу текшерилген эмес. 2013-жылы гана аткаминерлердин байлыгы тууралуу берген маалыматтарынын чын-төгүнүн аныктоочу атайын мекемелер аралык комиссия түзүлгөн.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG