Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:02

7-апрель ыңкылабынын бир жылдыгы белгиленди. Кубатбек Байболов коррупциялык шектүү иштердин бетин ачууну улантты. Парламенттеги тирешүүлөрдүн эпкини көчөгө да чыгыш мүмкүндүгү байкала баштады.

Жашыруун тыңшоолор жаңжалы

7-апрелден кийин Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынган. Ал Конституциянын 29-беренесинин 2-пунктунда “ар бир жаран телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүн жашыруун жүргүзүүгө укуктуу” деп жазылган.

Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболовдун маалыматы боюнча, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет миңдеген адамдарды, анын ичинде депутаттар, жогорку даражалуу чиновниктердин телефондорун мыйзамсыз, жашыруун тыңшап турат. Байболовдун айтымында, андай фактылар УКМКнын түздөн-түз жетекчиси президент Роза Отунбаевага да белгилүү.

Телефондорду тыңшоолорго байланыштуу жаңжал УКМКны реформалоо талабын кайрадан күн тартибине алып келди.

Жергиликтүү активисттер УКМК реформаланмайын Кыргызстанда системдүү өзгөрүү болбойт деген пикирде. “Демократия жана атуулдук коом үчүн” өкмөттүк эмес уюмдардын коалиция жетекчиси Динара Ошурахунова:

- Эң негизгиси УКМКда реформа жасалмайын биздин система өзгөрбөйт.

Бул УКМК бийликти колдоп, бийликтин буйругун аткарып жүргөнүн токтотмоюн биз эч качан системабыз өзгөрдү, парламенттик система орноду дей албайбыз. Ошондуктан УКМКнын маселеси Байболов айта электе эле козголуш керек эле. Эми Байболов айткандан кийин сөзсүз каралыш керек. Парламент комиссия түзүп, ошол маселелер кайра жабылып калбай, аягына чейин изилдеп чыгышыбыз керек.

Жашыруун тыңшоолорго жана башка коррупциялык иштерге байланыштуу жаңжалдарды парламенттин депутаттык тобу иликтей турган болду. Ал топту “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов жетектейт. Топтун алдында турган маселелер тууралуу ал буларды билдирди:

Өмүрбек Абдрахманов
- Биз негизинен он маселени иликтейбиз: Бабановдун 730 млн. сом салык төлөбөгөндүгү, казактын паспортун алып жүргөндүгү, “Альянс” ишканасын "Газпромго" сатканда салык төлөгөн-төлөбөгөндүгү, "Мегакомдун" инвесторлорунан 50 млн. доллар сураганы, Валерий Хондун арызы каралат.

Андан сырткары УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин Суталиновду койо бергени, “Альфанын” иш козголгон жоокери Бабараимовду террорчуларга каршы жөнөтүп, анын өлүмү, андан сырткары телефондорду жашыруун тыңшоолор боюнча иликтейбиз.

Өмүрбек Абдырахманов депутаттык топ он жумуш күндүн ичинде мына ушул маселелерди, андан сырткары “Дастандан” 2 млн. доллардан ашуун каражаттын жоголушун да тактап, Жогорку Кеңешке маалымат берерин кошумчалады.

"Дастандын" долларлары....

“Дастан” ишканасынын каражаты парламенттик шайлоо учурунда Социал-демократиялык партияга жумшалганын Байболов билдирип чыккан эле.

7-апрелде КСДПнын лидери, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев бул дооматтарга өз жообун кайтарды:

- Байболов 2 млн. долларды “Дастандан” алды деп уялбай айтып атат. Кудай турат, Кубат аке менен акыркы жолу сүйлөшкөндө ал мага "Алмаз, Кыргызстандын келечеги жок, мен бүт мүлкүмдү сатып туруп кетип калам" деп айткан. Кубат аке, кетсең жөн кетпейсиңби. Элибизди бөлүп-жарбай жөн кетпейсиңби. Мүлкүңдү чогултуп алдың. Кет да, элди бузбай.

Мына ушундай маанайдагы сөздөр Кыргызстандагы саясий тирешүүлөр абдан курч мүнөзгө өтө баштаганынан кабар берет.

Парламент чогулууга батынбай...

1-апрелдеги мушташтан кийин парламент пленардык отурумга чогулууга даабады. Бейшемби күнү пленардык отурумдун болбой калышы 7-апрель ыңкылабын эскерүү менен түшүндүрүлдү. Бирок жума күнкү жыйындын өтпөй калганы башка ойлорго түрткү берди.

Белгилүү болгондой 1-апрелде “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров менен “Республика” фракциясынын мүчөсү Алтынбек Сулайманов мушташа кеткен. Ага чейин Камчыбек Ташиев төрага Акматбек Келдибековдун бөлмөсүндө фракциялашы Бахадыр Сулаймановду ур-токмокко алганы маалым болду. Парламенттеги мына ушундай абал пленардык отурумду кийинки аптага которууга аргасыз кылгандай.

Талдоочулардын баамында, ар башка фракциялардын депутаттарынын ортосундагы мушташ араң турган коалициянын тагдырына да таасирин тийгизет. Дал ошондуктан өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев “кээ бир күчтөр төңкөрүш жасоонун алдында турат” деп ачык айтты.

Атамбаев “Ата Мекен”, “Ар-намыс” жана “Ата Журт” фракцияларынын дарегине оор айыптоолорду айтып салды:

- Демократия, парламенттик республика деген саясатчыларды көрүп атабыз. Ошол эле демократия, парламенттик республика аларга саясий оюндар үчүн керек экен. Бизге мамлекеттин, элдин турмушун оңдош керек. Мамлекеттүүлүк сакталып калыш үчүн керек.

Азыр да саясий оюндар жүрүп жатат. Ошон үчүн парламентте кечээ күнү жетинчи кабатта отургандар бизди сындап бакылдап жатат. Парламенттеги кээ бир партияларды, кээ бир саясатчыларды карасаң артында Камчы Көлбаев, Азиз Батукаевдин кулактары көрүнүп турат. Бакиевдин, Максимдин кулактары көрүнүп турат.

Талдоочулардын баамында, эгерде “Ата Журт” фракциясы коалициядан чыгуу чечимин кабыл алса, анда КСДП жана “Республиканын” лидерлери парламенттен сырт жакта нааразылык акцияларды уюштурууга өтүшү мүмкүн. Анткени “Ата Журт”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” менен түзүлө турган жаңы коалиция үчүн Байболов жарыяланган коррупциялык кыңыр иштердин бетин ачууга ыңгайлуу шарт түзөт. Бул азыркы коалициянын негизги оюнчулары “Республика” менен КСДПга өтө эле опурталдуу болуп калат.

Башка күчтөр эмне дейт?

Кырдаалдын мына ушул багытта, көчөгө чыгып кетүү коркунучуна байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирүү менен чыкты. Анын пикиринде, Кыргызстандын абалы кризистик эмес, туңгуюк абалга келип турат.
Эл коррупцияны жоготууну, бийликке келген адамдардын таза иштеп беришин күтүп жатат.


Мына ушундай кырдаалда парламенттеги күчтөр тирешип, кырдаал көзөмөлдөн чыга баштаса, анда Ынтымак курултайы чогулууга тийиш. Анткени бул курултайга өлкөдөгү бардык айыл өкмөт, шаарлардан, жарандык активисттерден делегаттар шайланган.

Ал эми “Ак шумкар” партиясы 7-апрелден кийин саясий активдүүлүгүн кескин күчөтөөрүн билдирүүдө. Аны тастыктагандай бул партия Байболовдун коррупциялык билдирүүлөрү тыкыр иликтениш керектигин талап кылды.

7-апрель макстына жеттиби?

Мына ушундай саясий күрөштүн фонунда Кыргызстан 7-апрель ыңкылабынын бир жылдыгын белгиледи. Бир жыл мурун өкмөт үйүнүн алдындагы ок атуулардан 87 бала каза тапкан. Бул иш боюнча соттук териштирүүлөр дагы эле жүрүп жатат.

7-апрелден кийин 10-июнда түштүктө улут аралык калайман чыгып, жүздөгөн адамдардын өмүрүн алды.

Кыйчалыш кырдаалга карабай Кыргызстанда жаңы Конституция кабыл алынып, өлкө парламенттик башкаруу системасына багыт алды. Бирок бул система өлкөнү өнүгүү, туруктуулук жолуна сала албаганын саясатчылар моюнга алып жатышат.

Саясатчы жана дипломат Ишенбай Абдуразаков жаңы система өзүнөн-өзү натыйжа бербейт, ал жемиштүү иштеши үчүн системаны туура пайдалана билүү зарыл деп эсептейт:

- Бул мамлекетти башкаруунун ар кандай формалары болот. Алдыга чыгып кеткен өлкөлөр парламенттик система иштеп атканы үчүн эле прогресске жетишти дегендик эмес. Алар ошол системага акырындан, эволюциялык жол менен келишкен.

Бул система чын эле өзүнүн натыйжалуу жактарын далилдеди. Бирок ал система автоматтык түрдө өнүгүүнү камсыз кылбайт. Ошол системаны туура колдонуш керек. Ошон үчүн биздеги саясий элита бышып жетиш керек. Өздөрүнүн саясий маданияты, билими болуш керек. Анан эң негизгиси алдыңкы өлкөлөргө жетиш үчүн шарт түзөлү деген ниет менен иштеш керек. Бийлик өзү да тазаланыш керек.


Бийликтеги коррупциялык жаңжалдар эл ишенимин кетүүсүнө алып келип жатканын Абдуразаков белгилеп, 7-апрель ыңкылабынын максаттарын турмушка ашырууда багытыбыз туурабы деген суроолорго мындай жообун берди:

- Кандай баратабыз? Мына башталышынан эле, кээ бир кадамдарынан көрүнүп калат, туура баратабызбы же жокпу деген. Эми ошол жагын карасак буларда жасаган иштеринде чийкилик көп болуп жатат.

Эл коррупцияны жоготууну, бийликке келген адамдардын таза иштеп беришин күтүп жатат. "Балык башынан сасыйт" деген сөз бар, эгерде бийлик башында турган адамдар таза болсо, калган коомго да жакшы таасирин тийгизет эле деген тилек бар болчу. Эми азыр карасак, ошол азырынча такыр болбой жатат. Бирок ушуну менен баары ушундай болуп кете берет деп айтуу да туура эмес
.

Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери ачык саясатчылардын катарында турган Жыпар Жекшеев 7-апрель ыңкылабына карата мындай оюн айтты:

- Биринчиден, ыңкылап болуп жөн эле бийлик алмашпастан, жаңы системаны орнотуу аракети жүрдү. Мисалы, парламенттик башкарууну киргиздик. Парламенттик башкарууга эч кандай тажрыйбасы жок Кыргызстан аябай чоң сыноо, чоң кыйынчылыктарга дуушар болду. Азыр да парламент толук кандуу ишин алып бара албай, улам бир тайсалдап, улам кыйынчылыктарга дуушар болуп жатат. Анын көпчүлүгү алардын саясий маданиятынын жетишпестигинин далили болуп турат.

Саясат талдоочу Элмира Ногойбаева 7-апрелдеги ыңкылап кайсы бир деңгээлде максатына жетти деп эсептейт:

- Менин оюмча кээ бир деңгээлде ишке ашты. Бизде авторитардык бийликтин омурткасы сындырылды. Бул оң жагы. Ал эми кемчилиги - өлкөнү жаңылоо жолуна салууну колдон чыгарып жибердик. Кээ бир системдүү иштерди жүргүзбөдүк.

Өткөн жылы 7-апрелде калктын козголуп чыгуусу үчүн эмне түрткү болду деген суроо коомчулукта жок эмес. Азыркы мезгилден туруп караганда да мурунку бийлик көтөрүлүштүн чыгуусуна бардык шарттарды өзү түзүп бергени көрүнүп турат.

Биринчиден, маанилүү мамлекеттик объекттерди коррупциялык жолдор менен менчиктештирип, бийликти узурпациялоого бекем багыт алган. Бул Конституцияны өз ыңгайына карай өзгөртүү, бир туугандарын, уулдарын негизги мамлекеттик кызматтарга коюу жана мамлекеттин финансы, коопсуздугун алардын колуна тапшырылуусу менен тастыкталып турат.

Экинчиден, оппозицияны саясий жараяндан четтетип, таасирлүү саясатчыларды айыгышкан каршылашына айлантты. Бул көрүнүштөр калктын кыжырын кайнатып, ал эми Евгений Гуревич сыяктуу чет өлкөлүктөрдүн бийликтин өнөгүнө айлануусу жарылууну тездетти.

7-апрелдеги жарылуу жана андан кийин кабыл алынган Конституция бийликти монополизациялоого чек койду. Жең ичинен кеткен энергетикалык жана башка объекттер мамлекетке кайтарылды.

Бирок ал коррупцияга жана экономикалык каатчылыкка чек койо алган жок. Тескерисинче, бюджеттин тартыштыгы кескин көбөйүп, президент, өкмөт башчы карыз сурап дүйнө кыдырып кетти.

Апрель ыңкылабынан кийин Убактылуу өкмөт жетекчилеринин өз билемдиги, банктардын уячаларынан миллиондогон акчаларды каалагандай калчоосу, коррупциялык жаңжалдар, эң негизиги коалициялык өкмөттүн бир багыттуу жана натыйжалуу ишинин жоктугу эл ичинде көңүл кайт болууну күчөтүүдө.

Бул өз кезегинде өлкөдө туруктуулуктун орношуна терс таасирин тийгизүүдө. Туруктуулукка ишеним жок жерде инвестициянын келиши жайлап, тескерисинче бизнесин жыйып кеткендер көбөйөрү белгилүү.
Тилекке каршы Кыргызстанда азыркы кезде ушундай көрүнүштөр орун алууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG