Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:59

"Атамекенчилер" иштен кете баштады


Кыргыз өкмөтү юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева ишиндеги алешемдиктер үчүн кызматтан алынганын билдирди. Муну менен акыркы бир айда эле кызматтан кеткен "атамекенчилердин" саны төрт адамга жетти.

Премьер-министр Айбермет Кутуевадан кийин Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчи орун басары Марат Таировду да күтүүсүз иштен алды. Экөө тең өкмөткө Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын квотасы менен келгендиктен бул саясий куугунтук катары талкууга жем таштады.

Президент Алмазбек Атамбаев Эгемендик күнүндө сүйлөгөн сөзүндө аталган фракциянын лидери Өмүрбек Текебаевди катуу сынга алган болчу.

Кыргыз өкмөтү 7-сентябрда эки күн мурун иштен алынган Айбермет Кутуева боюнча көлөмдүү түшүндүрмө таратты. Анда Баш мыйзамды өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорго Конституциялык палата гана баа бере аларын, ал эми Юстиция министрлиги экспертиза өткөрүү менен гана чектелери айтылган. Мындан улам Кутуева Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыкканы үчүн иштен алынды деген жоромол негизсиз деп белгиленген.

Шайлоо өнөктүгү, 30-сентябрь, 2015-жыл
Шайлоо өнөктүгү, 30-сентябрь, 2015-жыл

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу юстиция министринин орун басары ишиндеги кемчиликтер үчүн кызматтан алынганын билдирди. Анын кабарлашынча, Кутуевага ушул жылдын башында ошол кездеги премьер-министр Темир Сариев катуу сөгүш берген.

Андан кийин жазында Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин ошол кездеги жетекчиси, Социал-демократтар фракциясынын депутаты Галина Скрипкина Кутуева боюнча азыркы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго кат жөнөткөн дейт Чыңгыз Эсенгул уулу:

- Анда юстиция министринин орун басары Айбермет Кутуева ээлеген кызмат ордуна ылайык келээр-келбеси жөнүндө маселени кароону сунуштаган. Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун 2016-жылдын 10-майындагы буйругу менен тапшырылган милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Кутуевага эскертүү берилген. Өкмөт башчынын Кутуеваны юстиция министринин орун басары кызматынан бошотуу тууралуу чечимди анын Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ченемдик-укуктук актылар долбоорун иштеп чыгуу жана мыйзам долбоорлорун экспертизалоо боюнча башкармалыктын ишин тескегендиги менен байланыштыруу мүмкүн эмес. Ал ээлеген кызматынан өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн бошотулган.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 6-сентябрда Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жетекчи орун басары Марат Таировду да кызматтан алды.

Алмамбет Шыкмаматов
Алмамбет Шыкмаматов

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматов экөө тең өкмөттүн айрым бир аракеттерин колдобогонуна байланыштуу иштен алынганын билдирди:

- Айбермет Кутуева Конституцияны өзгөртүү боюнча мыйзамдарды колдой турган долбоор жазуудан баш тартканы үчүн кетти. Ал эми Марат Таиров Экотехинспекцияда курулуш тармагын тейлеген орун басар болчу. Интернет булактары аркылуу бизге жеткен маалымат боюнча Көчмөндөр оюну үчүн курулган ат майдан эки-үч эсе кымбат баада курулган деген тыянак чыгарганы үчүн кызматтан кетти деп жатышат. Азыр эми ал майданга 30 миллион доллар, же андан да ашык акча кетти деп жатышпайбы. Бул деген 50 мектептин акчасы да. Ал акча тууралуу эми коомчулук комиссия, журналисттик иликтөөлөр аркылуу кеңири маалымат алса керек. Экөө тең биздин партиядан көрсөтүлгөн кесипкөй адистер болчу. Буга чейин алардын ишиндеги кемчиликтер бар деген сөздөр болгон эмес, демек жакшы эле иштеп жатышкан.

Өткөн айда “Ата Мекен” партиясынын кадры деп саналган Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов кызматтан өз эрки менен кеткен. Ал бул кадамын Баш мыйзамга өзгөртүүгө каршы экени менен түшүндүргөн. Тышкы иштер министрлиги болсо бул элчилик баары бир жабылышы мүмкүн болчу дегендей түшүндүрмө берген.

Мамлекеттик кызмат атадан калган энчи эмес. Керек болсо өкмөт кызматтан кетип жатат.
Чолпонкул Арабаев

Андан кийин дагы бир “атамекенчи”, Мамлекеттик миграция кызматынын статс-катчысы Канат Азиз да иштен алынган болчу. Бул партиянын кадрларынын биринин артынан бири иштен бошоп жатканы саясий куугунтук тууралуу талкууга жем таштады.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов мындай дооматтарды четке кагып жатат:

- Эми ар кандай сөздөр айтыла берет. Бирок аткаруу бийлиги - жамааттык орган. Өкмөт кимди алып, кимди коёрун өзү билет. Анан Конституция, же референдумга байланыштуу иштен алынып жатат деген туура эмес го. Кайдагы саясий куугунтук. Андай заман өткөн да.

Мамлекеттик кадр кызматынын мурунку башчысы Чолпонкул Арабаев жооптуу мамлекеттик кызматта иштегендердин кызматтан алынышы-коюлушу боюнча түшүндүрмө берди. Ага ылайык, министрдин орун басарлары иштен алынса укугун коргоп соттошо албайт:

- Юстиция министринин орун басары, Экотехинспекциянын жетекчи орун басары дагы саясий кызмат болуп эсептелет. Премьер-министрдин буйругу менен дайындалат. Бул саясий кызмат болгондон кийин кызматтан алынса сотко кайрылганга эч кандай укугу жок. Экинчиден, “мени саясий куугунтук кылып кубалап жатат, мен андай-мындай болдум эле” деп, кандай негизде кеткенин булар өздөрү айтышы керек. Эми алар айтып чыкпай жатса, кемчиликтер болсо керек. Марат Таировду мен көптөн бери билем, ал татыктуу эле иштеп жаткан жигит. Юстиция министринин орун басары Кутуева болсо жаш кыз экен, аманчылык болсо дагы деле кызматка келет. Мамлекеттик кызмат атадан калган энчи эмес. Керек болсо өкмөт кызматтан кетип жатат. Дагы далай мамлекеттик кызматкерлер келип-кетет. Үчүнчүдөн, албетте эми такшалып, ишке көнүп калган кадрларды кетирүү алдыга жылууну аксатат. Бул жагы да бар.

Азыр жогорку кызматта “Ата Мекен” партиясынын үч гана өкүлү - социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин орун басары Нурбек Сыдыгалиев калганы айтылууда.

XS
SM
MD
LG