Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Бийлик ММКны өзүнө имереби?


Референдумга утурлай бийлик жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануунун, колдоосун алуунун бардык ыкмаларын колдонуп жатканы айтылууда.

Кыргызстандын Малайзиядагы мурунку элчиси Кылычбек Султанов тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Кылычбек Султанов өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи даражасындагы тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Ал август айында Кыргызстандын Малайзиядагы ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан кеткен. Бул кадамын бийликтин конституциялык реформасына каршы болгону менен түшүндүргөн.

Ошондон бери Султановдун “Супер инфо” гезити бийликти ачык, катуу сындаганга өткөн. Оппозициячыл саясатчылардын курч маектери, пикирлери байма-бай жарыяланып жаткан. Бул убагында коомчулукка деле күтүүсүз болгон.

Бирок басылманын окурмандары соңку кездери гезиттин позициясы жумшарып баратканын байкаган. Гезит ээсинин жаңы мамлекеттик кызматка барышын, аны менен катар редакциялык саясатынын өзгөрүшү саясий соодалашуу болду деген талкууларды жаратты.

Султанов: Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршымын

Султанов: Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршымын

Кылычбек Султанов: Президент Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөрүп чыкты. Бул нерсе менин позицияма каршы экенине байланыштуу арыз жаздым. Мамлекет башчы менен пикирим туура келбей калган учурда кызматка жабышып, үн катпай отура берүүнү туура көргөн жокмун.

Кылычбек Султанов ушул тушта чет жерде жүргөндүктөн өзүнөн түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок. Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова редакциялык саясат өзгөрөрүн бышыктады. Бирок ал бир тараптуу эмес, бейтараптуу, калыс болот деп ишендирди:

- Ортодо кайсы бир телеканалдар бир тараптуу маалымат берүү багытына өтүп кетишти. Башкача айтканда, бийликтин гана багытын берип, коомдогу башка пикирлерге орун бербей жатышты. Ошондуктан “Супер инфо” коомчулукка ар тараптуу маалымат жеткирүү зарылчылыгынан улам ошол кезде бир тарапты - оппозициянын багытын алууга аргасыз болду. Себеби, мамлекеттик телеканалдар, гезиттер бийликтин багытын кеңири чагылдырып, ал эми оппозициянын пикирин элге жеткирбей жатышты. Ошондуктан ал учурда бир тараптуу болуу аргасыздыгы келип чыкты. Бирок биз бир тараптуу болуу туура эмес экенин билебиз. Андыктан маалымат берүүнүн стандарттарына келишибиз керек. Биз кайта турган жол ушул. Башкача айканда, багытыбыз ар тараптуу, бейтараптуу болот.

Берилбеген эфир

Бир тараптуулук дегенде адатта Коомдук биринчи каналды эстешет. Бул партияга доомат арткандардын бири, Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышып жаткан “Таза Кыргызстан” партиясынын лидери Марат Иманкулов. Ал Коомдук телерадио корпорациясын атайлап эфир бербей жатат деп айыптады:

- Чагым салган айым жалгыз турса деле партия экиге бөлүнүп алыптыр деп биз жакта 20 адам турганына карабай бизди эфирге киргизбей коюшту. Бул жөн эле шылтоо болду. Анын баары атайын жасалды. Баары бийликтин буюртмасы менен жасалды. Кечээ мен бизге түз эфирге чыга турганга убакыт бергиле деп кат жаздым. Бирок рекламаңарды, үгүт материалдарыңарды бергиле деген шылтоолорду айтып жатышат. Мен болсо катыма жооп бергиле, түз эфир дегенден кийин түз эфир беришиңер керек дедим. Азырынча жооп келе элек. Булардын бизге эфир бере турган түрү жок окшойт.

Биз окуя тууралуу Коомдук телерадио корпорациясынын жетекчиси Илим Карыпбековдун өзүнөн түшүндүрмө сурадык. Ал “Таза Кыргызстан” партиясы өз ич ара пикир келишпестигин чечип алышы керек деп эсептейт:

"Кара жашик" кайттыбы?

"Кара жашик" кайттыбы?

Коомдук каналдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү Тынчтыкбек Чоротегин аталган телеканалдын башчысы Илим Карыпбековго буга чейин материалдардын мазмуну боюнча эскертүү берилгенин, бирок ал сабак болбой жатканын белгиледи:

- Марат Иманкуловдун 5-10 эсе катуу оппозициялык пикири бар, көп жылдык оппозициялык тажрыйбасы бар адамдар деле КТРден чыгып жүрөт. Болгондо да түз эфирден чыгышат. Азыр мурдагыдай заман жок. Бир саясатчыны чыгарбай койсок, алар ошону менен эле телеканалдарга чыга албай, же болбосо сүйлөгөнгө аянтчасы жок калган маал эмес. Биз дагы аны абдан жакшы түшүнөбүз. Бирок ар бир нерсенин өзүнүн тартиби бар да. Мисалы Марат Иманкулов аларга эфир берилбей калганын атайын бийлик уюштурган провокация деп айтып жатат. Чагымбы же чагым эмеспи, айтор талашып-тартышып чырылдап жатышат. Ушинтип чырдашып атса мен аларды кантип түз эфирге чыгара алам? Мен сиздердин радио аркылуу деле айтып коеюн, ал киши 20 мүнөт убактысын ала алат. Өзүңөрдүн жарнамаңарды бергиле, үгүт материалдарыңарды бергиле, биз ошону чыгарып берели деп жатабыз. Ичиндеги талаш-тартышты токтотуп алып бизге келишсин, мен каалаган учурда түз эфир берем.

Парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты Жылдыз Мусабекованын пикиринде, бийликтин журналисттерге жасаган мамилесине карата айтылган сындын басымдуу бөлүгү негизсиз:

- Мисалы Акаевдин мезгилинде эки-үч эле гезит бар болчу. Биз ошол кездерде оор кырдаалда иштегенбиз. Бүгүн болсо бөлүп-жарып жатат деген дооматтарга калыстык менен караш керек. Ошол кездеги КТР менен азыркы кездеги КТРдин айырмасы албетте асман менен жердей. Азыр эми каалагандардын баары эле кирип барып сүйлөп жатпайбы. Кээде демократия десе эле ээн ооздукка дагы жол берип жатабыз.

Кайсы бир мамлекеттик органдарга кире албайсың же мамлекеттик иш-чараларга чакырылбай каласың. Же баары бүткөндөн кийин билесиң. Ушундай кысым болуп жатат.
Кайыргүл Урумканова

Журналист Кайыргүл Урумканова калем ээлери бир катар себептерден улам өзүн өзү чектеген көрүнүшкө көңүл бурду:

- Ар бир ММКнын артында ар кандай күчтөр турат. Мамлекеттик телеканалдардын кожоюну Ак үй болсо, жеке каналдардын да кожоюндары бар. Ал кожоюндардын саясатка мамилеси, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн, ошонун баарын алардын эфиринен көрсө болот. Андан сырткары бийлик сын айткан журналисттердин артынан түшүп алып жатпайбы. Бийликтин колундагы натыйжалуу чара - бул аккредитацияны алып коюу болуп калды. Кайсы бир мамлекеттик органдарга кире албайсың же мамлекеттик иш-чараларга чакырылбай каласың. Же баары бүткөндөн кийин билесиң. Ушундай кысым болуп жатат. Анан ушундайларга илинип калбайлы деп айрым журналисттер өзүн өзү чектегенге өттү.

Жалпыга маалымдоо каражаттары менен бийлик мамилесин чагылдырган соңку окуя ушул айдын башында катталды. Президент Алмазбек Атамбаевдин 1-декабрдагы маалымат жыйынына катталган айрым журналисттер тизмеден чийилип калган. Атамбаев айрым журналисттер тизмеден атайлап өчүрүлгөнүн бышыктаган жана айрым журналисттер кесибинин талабына жараша иш алып барбайт деп сындап да өткөн.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG