Линктер

Президент Алмазбек Атамбаев өзгөртүлгөн "Өкмөт жөнүндө" мыйзамга кол койду

Эми премьер-министр үчүн коалициялык өкмөт болгонуна карабай министрди иштен алуу жеңилдеди. Ошондой эле жаңы мыйзам боюнча, өкмөт мүчөлөрүнө өз пикирин билдирүүгө чектөө салынды. Жарандык активисттер бул мыйзам өкмөттүн ачык иштөөсүнө жолтоо болорун ырасташууда.

Премьер-министрдин бийлиги күчөтүлдү

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мындан ары премьер-министр өкмөттүн кайсы бир мүчөсүн кызматтан алуу үчүн президентке жөнөткөн сунуштамасында адисти иштен алуунун конкреттүү себептери көрсөтүлүүгө тийиш.

Өкмөттүн буга чейинки иш тажрыйбасы көрсөткөндөй, жаз айларында Балыкчы-Корумду жолунун курулушу боюнча премьер-министр менен транспорт министринин ортосунда пикир келишпестик чыгып, натыйжада өкмөт башчы министрди кызматтан алуу боюнча сунуштамасын президентке жолдогон. Бирок президент премьердин сунуштамасында негиз жок деп билдирип, кайра артка кайтарган болчу.

Жарандык активист Рита Карасартова бул учурду белгилеп, жаңы мыйзам премьер-министрдин укуктарын кеңейтип жатканын белгилейт:

- Мурдагы мыйзам боюнча, өкмөт башчы кайсы бир министрди кызматтан алгысы келсе, мыйзамда көрсөтүлгөн он түйүн боюнча негиздеме берүүгө тийиш болчу. Ал эми жаңы мыйзамда алардын ар бири боюнча негиздөөнүн зарылчылыгы жок, премьер-министр бир эле негиз менен кайсы бир министрди иштен алууга президентке сунуштама бере алат. Бул премьер-министрдин кадрдык саясатын кеңейтип берет.

Унчукпаган үйдөй балээден кутулат...

Жаңы мыйзамда ошондой эле өкмөт коллегиялык орган болгон соң, министрлер пикирин билдирүүдө макулдашууга тийиш деген жобо киргизилген. Айрым пикирлер боюнча, бул жобо министрлер кабинетинин жабык болушуна жана кээ бир мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген долбоорлорду ишке ашырууда унчукпай, көз жумууга аргасыз кылат.

Тарыхый бир кырдаалдар туулган учурда министр жоопкерчиликти өзүнө алып, жооп берүүгө тийиш.

2013-жылы "Кумтөр" алтын кенин иштетүү боюнча канадалык ишкана менен кыргыз өкмөтү 50/50 пайыздык үлүш менен иштөө тууралуу жаңы келишим түзүүгө аракет кылган. Бирок ал келишимге Жогорку Кеңеш макул болбой, келишим түзүлбөй калган. Анткени ал келишимге ошол кездеги юстиция министри Алманбет Шыкмаматов караманча каршы чыгып, 50/50 пайыздык үлүштөгү келишим Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү кезектеги афера деп атаган. Эми мына ушундай бир жагдай түзүлсө, министрлер кабинетинин мүчөсү өз пикирин билдирүүгө укуксуз.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламенти боюнча комитетинин төрагасы, мурдагы юстиция министри Алманбет Шыкмаматов бул мыйзам министрлердин оюн билдирүү эркиндигине чек коерун белгилөөдө:

- Мурда бир эркиндик болсо, эми кайсы гана министр болбосун, өзүнүн бөркүндөй ишенип турган пикирлерин айта албайт. Айтса, кызматтан кетет. Министрлер өздөрүнүн пикирин айтышы керек. Анткени кээ бир маселелер боюнча, министр жоопкерчиликти мойнуна алуучу кез талап кылынат. Тарыхый бир кырдаалдар туулган учурда министр жоопкерчиликти өзүнө алып, жооп берүүгө тийиш.

Алманбет Шыкмаматов ошол эле учурда бул мыйзам министрлер кабинетинин жоопкерчилигин күчөтөрүнө да ишенгиси келет.

Оппозициялык маанайдагы саясатчы Равшан Жээнбеков жаңы мыйзам өкмөттүн президентке көз карандылыгын күчөтөт деген пикирде:

- Анткени, акыркы убактарда министрлер өкмөттөгү кандайдыр бир шектүү маалыматтарды чыгарып жиберген, массалык маалымат каражаттары аркылуу элге кайрылып, өз көз карашын билдирип турган учурлар болгон. Ошондой кырдаал мындан кийин болбосун, алар биз айткан нерсени гана айтып, айтпаган нерсени айтпашы керек деп тыюу үчүн бул мыйзамды ишке ашырып жатышат.

Кыргыз өкмөтү жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүү Социал-демократтар фракциясы тарабынан демилгеленип, парламент аны үч окуудан жактырып берген.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG