Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:04

Жаңы мыйзамды жамынган кызыкчылык


Ош шаары
Ош шаары

Өкмөт токой, жайыт жана турак жай фонддоруна таандык жерлерди пайдалануу шарттарын өзгөртүүнү караган мыйзамды демилгеледи.

Бир топ адистер өкмөт учурдагы мыйзамдардагы чектөөлөрдү алып салуу менен жерди ишкер чөйрөнүн кызыкчылыгына карата пайдаланууга жол ачканы жатат деп тынчсызданышууда. Бул өзгөртүүлөрдүн кээ бир ченемдерине парламенттин тиешелүү комитетинин айрым мүчөлөрү да каршы чыгышты.

Жаңы мыйзам чектөө ченемдерин жокко чыгарат

Өкмөт “Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун быйыл күзүндө парламенттин кароосуна жөнөткөн. Буга ылайык, Жер кодексине, Турак жай кодексине, Токой кодексине, Жарандык кодекске, “Жер тилкелерин которуу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө” өңдүү онго чукул мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.

Калича Умралиева
Калича Умралиева

Укук коргоочу Калича Умралиева өкмөт өзүнүн токтомун мына ушундай жол менен мыйзамдаштырууга барып жатканын сынга алды:

- Өкмөт буга чейин №756-токтомун бекиткен. Ал токтом азыркы аракеттеги мыйзамдарга каршы келип жаткан. Анан эми мына ошол токтомду оңдоо үчүн мыйзамдарды ага карата шайкеш келтирүү аракети жүрүп жатат. Бул өтө тескери иш болду. Буга чейин мурда парламент көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жерлерди өздөштүрүүгө чек койгон мыйзам кабыл алган. Азыр эми мына ошол өзгөртүүлөрдүн бири менен аны жокко чыгарганы жатышат.

Токойлорду “тооруган” мыйзам

Бул мыйзам долбоору жайыт жана токой жер аянттарын башка максатта өздөштүрүүгө уруксат берүү тартибин жөнөкөйлөштүрүүнү көздөйт. Ага ылайык, кен байлык чыккан жайыттарды же токойлорду иштетүүгө уруксат берүү укугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарылат. Депутаттык жумушчу топтун иликтөөсү боюнча токой аянттарындагы кендерди иштетүүгө эки жүздөн ашуун лицензия берилип кеткен.

Бул мыйзам долбоору өкмөттүн уруксаты жок эле мына ошол токой чарба жетекчилери менен инвесторлордун ортосунда түзүлө турган келишим аркылуу аны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү карап жатат. Мындай болбойт.
Мирлан Бакиров

Парламенттин агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Мирлан Бакиров мында кен казуучу компаниялардын кызыкчылыгы бар экенин жокко чыгарбайт:

- Мен мына ошол сунушталган өзгөртүүлөрдөгү токой фондусуна караштуу жер аянттарын трансформациясы жок эле кен байлыгын казып алуу үчүн иштетүүгө каршымын. Бул мыйзам долбоору өкмөттүн уруксаты жок эле мына ошол токой чарба жетекчилери менен инвесторлордун ортосунда түзүлө турган келишим аркылуу аны өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү карап жатат. Мындай болбойт. Жер аянтында чыккан кенди иштетип, аны кайра оңдоп берип, ал жер кайра эле токой чарба багытында кала бериши керек деген жобо талаш-тартыш жаратып жатат. Буга Токой кодекси жол бербейт. Мында чоң карама-каршылыктар бар.

Жер аянттарын “жекеге” алуу планы барбы?

Мындан сырткары Жер кодексине жана Турак-жай кодексине өзгөртүү киргизүүнү караган бул мыйзам долбооруна мамлекеттик жана коомдук кызыкчылык үчүн үйлөрдүн астындагы жер аянттарын алууга уруксат берген жоболор киргизилген. Ошондой эле жер аянттарын бир категориядан экинчисине өткөрүү укугун жергиликтүү кеңештерден алып, аткаруу бийлигине өткөрүү жагы каралган. Буга чейинки жерди пайдалануу тартибин караган мыйзам актыларына ылайык, бул маселе жергиликтүү кеңештердин артыкчылыктуу укугу болуп келген.

Буга эч качан жол бербөө керек. Биздин учурубузда жанагы жерди өздөштүрүүнү чектеген ченемдер бекеринен киргизилген эмес. Мына ушуга окшогон талап-тоноодон коргоо үчүн иштелип чыгып, колдонууга кирген эле.
Алманбет Матубраимов

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Алманбет Матубраимов мында жерди жең ичинен соодалоону көздөгөн максат бар экенине токтолду:

- Булар кетердин астында жердин бардыгын трансформациядан өткөрүп же өткөрбөй туруп эле башка бирөөлөрдүн жоопкерчилиги менен аягына чейин эми бүтүрүп салалы деп калышкан турбайбы. Көз боёмочулук аркылуу парламентти убактылуу колдонуп, ошол максатты жүзөгө ашырууга аягына чейин белсенип калышкан окшойт. Муну ишке ашыруу үчүн трансформациялоо укугун дагы башка бир көз каранды жетекчилерге берип жеке кызыкчылыктарын көздөп калышкан экен. Буга эч качан жол бербөө керек. Биздин учурубузда жанагы жерди өздөштүрүүнү чектеген ченемдер бекеринен киргизилген эмес. Мына ушуга окшогон талап-тоноодон коргоо үчүн иштелип чыгып, колдонууга кирген эле. Анан эми ошонун бардыгын булар кайрадан өзгөртүп, жерди жең ичинен сатып, башаламандыкка бара жатышкан тура.

“Жерди пайдалануу чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун негиздемесинде өкмөт пайдаланылбай жаткан жер аянттарына инвесторлорду тартуу максаты бар экенин жашырбайт. Бирок андагы экологиялык зыяндын кесепеттери тууралуу сөз жок.

Өкмөт аппараттынын агроөнөржай комплекси боюнча бөлүм башчысы Алмаз Жээналиев жер мыйзамдарына өзгөртүүгө болгон зарылчылыкты төмөндөгүчө негиздеп берди:

- Ал жерде көп ченемдер сунушталып жатат. Алардын бири жер мыйзамдары боюнча кээ бир ыйгарым укуктарды райондук деңгээлге чейин түшүрүп, берүү жагы каралган. Бул боюнча коомдук угуулар болот. Биз өкмөттө эч канчан кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөбөйбүз. Анан калса биздин бөлүм Жер кодекси жана Жер ресурстары багытындагы мыйзамга өзгөртүүлөр боюнча гана сунуштарды бергенбиз. Анан биз кен казуу, алтын казып алуу сыяктуу тармактарга байланыштуу ченемдер боюнча эч нерсе дей албайбыз. Себеби алардын бизге тиешеси жок.

Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча комитет бул мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алып, экинчи окуудан добуш берүүгө жөнөтүүнүн астында кайра артка кайтарган болчу. Аны кайрадан толуктап, коомдук угуудан кийин гана парламенттин кароосуна киргизүү жагы чечилди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG