Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:02

“Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова 17-февралдан 20-февралга чейин Италияда адам укуктарынын сакталышына арналган атайын жыйынга катышып келди.

Укук коргоочу жыйында баяндама жасап, Кыргызстандагы парламенттик башкаруу системасы, адам укуктарынын абалы, сот реформасы тууралуу маалымат берген.

- Төлөйкан айым, жыйын тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеңиз?

- Италиянын адам укугунун сакталышына жана зомбулуксуз демократия деген мамлекеттик эмес конгрессине ар бир мамлекеттерден шериктеш мүчөлөр бар. Алардын арасында мен дагы ошол зомбулуксуз адам укуктарын колдоо үчүн бул уюмга мүчө болуп катталганмын. Эки жылдан ашып калды, мүчөлөрдүн арасында дүйнө жүзүндөгү демократияга салымын кошкон көп инсандар бар. Ошол үчүн Кыргызстандын, кыргызстандыктардын адам укугунун сакталышына жана демократияга умтулуусунун тажрыйбасы тууралуу жана кандай иштер болуп жатканы тууралуу мен баяндама жасап, маалымат бердим.

- Сиздин докладда европалык парламентарийлерден адам укугун коргоо, демократия тууралуу кыргызстандык кесиптештерине көмөктөшүүнү өтүнгөн экенсиз, кандай жооп болду?

- Менин бул сунушумду абдан жакшы кабыл алышты. Анткени ошол жыйынга жакында эле Кыргызстанда болуп кеткен Хорватиянын ЕККУдагы өкүлү да катышты. Ал киши да мени менен сүйлөшүп, Казакстандагы президенттик шайлоодо дагы келерин билдирди. Алар Кыргызстанга жардам берүүгө кызыкдар, биздеги шартты да жакшы билишет, жакшы түшүнүшөт. Италиянын адам укугунун сакталышына жана зомбулуксуз демократия деген мамлекеттик эмес конгресси аркылуу эки-үч жылдан бери Кыргызстандагы акыбал тууралуу маалымат берип келе жатабыз. Кыргызстан парламенттик башкаруу системасына өткөн соң, бул система күчтүү болушу керек, анткени Борбор Азия чөлкөмү боюнча Кыргызстан гана ушул системага кадам жасады.

Президент Роза Отунбаева аял катары да, дипломат катары да быйылкы жыл аягында мамлекет башчылыктан өз эрки менен баш тартып, башкаларга үлгү боло алат деп айттым. Эгерде президент Роза айым быйыл президенттик шайлоого барбай, декабрда кызматын өткөрүп берсе, бул дагы эркектер үчүн, саясатчылар үчүн чоң бир тажрыйба, үлгү болуп калат. Анткени өзүнүн сөзүнө турган жана ушундай транзит өлкөнү укуктук форматка алып келип, оордуктарга, конфликттерге карабай, адам укугун жана демократияны түптөп атканы Курманжан Датка ападан кийинки чоң салым болот. Муну аял киши жасап атканы биз үчүн аябай урматтуу, ошол эле учурда Кыргызстандын келечеги үчүн абдан жакшы. Мындай болсо дүйнөлүк коомчулук бизге жардамын дагы аябайт.

- Жыйында июнь окуясынан кийин Кыргызстандагы адам укугунун абалы тууралуу кандай сөз болду?

- Июнь окуясы – бул трагедия, ал артынан абдан көп оорчулуктарды алып келди. Ар бир кыргызстандыкты бул окуя психологиялык, моралдык-материалдык жактан аябай катуу кыйынчылыкка кептеп, жыйырма жылдай артка кетирди. Июнь трагедиясындагы, андан кийин кыйноого кабылган адамдардын бүгүнкү күндө мурдагы совет доорунда түптөлүп калган сот системасынын паракорлугу, милициянын зомбулугу, коопсуздук кызматынын кыйноосуна туш болуп жатканы тууралуу айтылды. Мен өз докладымда бул аталган органдардын жакшы бир реформаланып чыга албай жатканын, бул үчүн стратегиялык жардам керектигин айтып, жакшы жардам берүүсүн сурадым. Кыргызстандык укук коргоочулардан июнь коогалаңында кыйноого калган адамдарга соттук процесстер ачык өтүшү зарылдыгын, анда адам укугунун сакталуусу тийиштигин да баса белгилеп айттым. Анткени сотту реформалоого да толгон-токой каражат керек. Ошондуктан, жарандык коомсуз жана журналисттик көзөмөлдөөсүз сот процесстерин реформалоого жатпайт. Мурдагы реформалар да кагаз жүзүндө гана калып, ага бөлүнгөн каражаттар бирөөлөрдүн капчыгына кеткен деп айттым.

Эң башкысы – июнь окуясына байланыштуу соттолуп жаткан укук коргоочу Азимжан Аскаровдун тагдыры жалгыз эле анын тагдыры эмес, бул деген бүткүл укук коргоочулардын тагдыры. Анткени БУУнун алдында дагы атайын резолюция бар, ал укук коргоочуларды жактайт. Бул европалык системада да бар, ошондуктан, Азимжан Аскаровдун сот процесси айрым европалык элчилердин да көзөмөлүндө болуп жатат. Ошол үчүн Азимжан Аскаровдун соту ачык, ал айыпталып жаткан иш боюнча өтүп жаткан 127 күбөнүн баары сөзсүз түрдө сот процессинде өзүнүн маалыматын бериши керек. Сот жараяны болсо бейтарап, жабыр тарткан жакка да, айыпталуучуларга да бирдей укукта өтүшү керек. Анткени бир жактуу болгондо сөзсүз түрдө мыйзамсыз жана акыйкатсыз чечимдер чыгып калып жатат. Июнь окуясынан кийин 40 чакты киши эң жогорку жазага чегерилип, өмүр бою эркинен ажыратылды. Ошондуктан, алардын саны көбөйүп атканы, сот чечимдеринин бир тараптуу болуп атканы –жаңыдан гана демократияга кадам шилтеп жаткан системага, Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, бизге сот системасын түп-тамырынан реформалоо зарылдыгын, ал эми Азимжан Аскаровдун соту тең укуктуу болуусун көзөмөлдөөсүн өтүндүм.

- Төлөйкан айым, сизге чоң рахмат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG