Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:26

Адам укуктары жаатында абал оор бойдон калууда


Адам укуктары өзгөчө июндагы коогалаңдан кийин одоно бузула баштаганы кабарланды.
Адам укуктары өзгөчө июндагы коогалаңдан кийин одоно бузула баштаганы кабарланды.

Кыргызстанда адам укуктары жаатында кырдаал оор бойдон калып жатканы тууралуу Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда айтылды.

“Кыргызстандагы саясий кырдаал: көйгөйлөр жана келечек” деген аталыштагы жыйында кандуу июнь окуясынан кийинки укук бузуулар, кыйноолор жана мыйзамсыз кармоолор дале уланып жатканы белгиленди. Ал эми Кыргыз бийлиги адилет жана тең укуктуу коом куруп жатканын, бул жараян оорчулуктар менен коштолуп жатканын ырастоодо.

Ош облусундагы адам укуктары боюнча борбордун жетекчиси Жеңишбек Төрөевдин айтымында, мыйзамсыз кармоо жана кыйноолор июнь айынан кийин басаңдаганы менен, такыр токтоп калган жок.

- Эгер Ош облусу тууралуу сөз кыла турган болсок, тынч жашоонун орун алып келе жаткына карабай кырдаал оор бойдон калууда. Бизге келген эки миңден ашуун жарандардын кайрылууларына таянганыбызда, мыйзамсыз кызматтан четтетүү, мыйзамсыз кармоо, камоо уланууда. Тартип коргоо органдары мындай арыз, даттанууларга тиешелүү мамиле жасабай жатат. Азыр июндагы окуядан кийин бул жаатта кырдаал басаңдады, бирок тилекке каршы дагы деле бар. Ошол эле учурда кыйноо, басмырлоо менен коштолуп, өз максатына жетиш үчүн акча алуу да болуп жатат.

Ал эми эл аралык “Хюман Райтс Вотч” укук коргоо уюмунун өкүлү Рейчел Денбердин айтымында, мындай кыйноолорго көбүнесе этникалык өзбектер туш болууда. Алардын айрымдары өз укуктарын коргоонун жана даттануунун логикаларын билбейт.

- Биз Кыргызстандагы кесиптештер менен бирге адам укуктары жаатындагы абалды караганда июнь айында көптөрү кыйноолордун, кысымдын негизинде көрсөтмө беришкен. Ал тургай акча берген учурларын таптык. Көрсөтмө берип жатканда жанында адвокаттары да жок болгон, жасабаган ишин жасадык деп билдиришкен. Мындай учурлардын айрымдарын документтештирдик. Бул тууралуу биз август айында жарыялаган отчетубузда белгилегенбиз. Азырга чейин кыйноого, сабоого учураган жагдайлар бар, бул уланууда. Кээ бир адамдар өз арыздарын алып кетип жатышат. Анткени алар кийинки жашоосунан коркушат.

Аракет бар, жылыш байкалабы?

Адам укуктарын коргоо жаатында иштеген эл аралык жана жергиликтүү уюмдар мындай жагдайлар барып-барып дагы бир окуянын жаралышына түрткү болорун белгилешүүдө. Анткен менен кыргыз бийлиги адам укуктарын сактоого жана акыйкат коомду түзүүгө толугу менен аракеттер көрүлүп жаткандыгын ишендирип келет. Президенттин администрация башчысы Эмил Каптагаевдин пикиринде:

- Биз, кыргыз эли, мамлекетти түзүүчү элбиз. Бирок мамлекет үчүн да, башка элдер үчүн да жоопкерчилик бизде. Өзүбүздүн жоопкерчилик өзүбүздө. Ошону сезе билип бардык элди, башка этносторду бириктирип, бир эл катары калыптанышыбыз керек.

Эмил Каптагаев
Эмил Каптагаев мамлекет акыйкат сот системасын түзүүгө аракет кылып жатканын белгиледи. Буга мисал катары кыска убакыттын ичинде ондогон соттордун кызматтан четтетилишин айтты.

- Демократияга, акыйкаттыкка жетиш бир учурдун эле иши эмес, муну алып тиги жакка коюп койгондой. Биз буга абдан көпкө чейин жылышыбыз керек. Анткени адамдарды, ошол эле милицияларды, сотторду бир күндө өзгөртө албайбыз. Милиция деле, сот деле адам. Эң негизгиси бизде азыр саясий эрк бар. Биз тазаланышыбыз керек, биз адилеттүү, таза коом курушубуз керек. Мына апрелден бери жасалып жаткан иштер ушул багытта жүрүп жатат.

Жыйында өкөдөгү туруктуулукту камсыз кылуунун бир механизми катары адам укуктарын коргоо аталды.

XS
SM
MD
LG