Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:32

Ибраимов: Президентке жардамчы болуш оор


Калык Ибраимов
Калык Ибраимов

Философия илимдеринин кандидаты Калык Ибраимов 1992-1997-жылдары Аскар Акаевдин кыргыз тилиндеги докладдарын, кайрылууларын, сөздөрүн даярдоо боюнча жардамчысы болгон.

“Азаттык”: Сизди эгемен Кыргызстандын башына биринчи келген Аскар Акаевдин эң ишенимдүү жардамчысы, сөздөрүн, докладдарын өтө кылдат даярдаган адам дешчү эле. Кантип тандалып барып калдыңыз?

Калык Ибраимов: Биз совет учурунда окудук, китеп менен чоңойдук. Дүйнөлүк адабият, философия, тарых ааламын таанууга аракет кылдым. Кийин Салижан Жигитов агай менен Илимдер академиясында чогуу иштеп калдым. Ал киши бир күнү “эмне окуп атасың?” деди. Мен орустун дүйнөгө таанымал астофизиги Шкловскийдин “Вселенная. Жизнь. Разум” деген жаңы китебин окуп аткам. "Сен көрүнгөндү окубай, өзүңө тиешелүү адабиятты окубайсыңбы", - деп тамашалаган. Ошол билим, даярдык Акаев сыяктуу интеллектуал киши менен иштешкенге жардам берди окшойт.

Сексенинчи жылдардын этегинде ал киши Илимдер академиясынын президенти болуп турган кезде чоңдорго карата мамлекеттик тилде сүйлөө, жазуу талабы көтөрүлүп калган. Ошол кезде докладдарын Салижан агай даярдап жүрүптүр. Бир күнү агай мени Акаевге ээрчитип барып “мына, бул Калык. Менин бөлүмүмдө иштейт. Менден да кыйын. Ленин комсомолу сыйлыгын алды жаңы эле. Ушул жигитти алыңызчы. Мен карып калдым” деп кирди. Ошентип сөздөрүн даярдоого жардамдашып жүргөндө президент болду. Салижан агай да кеңешчи болуп кетти артынан. Анан мени чакырышты.

“Азаттык”: Президенттин докладдарын даярдоо оорбу?

Архив. 27-октябрь, 1990-жыл
Архив. 27-октябрь, 1990-жыл

Калык Ибраимов: Оор эле болот. Мисалы, биздин убакта президент жыл сайын парламентке келип, элге кайрылуу жасачу. Аны даярдаганга бүт аппарат катышчу. Президент өз сунуштарын айтат. Анын негизинде концепция иштеп чыгып, анан доклад жазууга киришчүбүз. Бирок докладды ийине жеткире турган азыркы тил менен айтканда спичрайтер болчу. Мен жардамчы деп аталчумун, бирок негизги ишим ошол доклад жазуу болчу.

“Азаттык”: Ошол сиздин тексттин канчасын жараксыз деп тапчу эле?

Калык Ибраимов: Кээде оңдоп, түзөп, сунуштарын кошумчалап кайта иштөөгө берчү.

“Азаттык”: Президент элге чыкканда тексттен чыгып кетсе эмне болот? Кандайдыр бир шарттар барбы?

Калык Ибраимов: Болбойт. Ага президент өзү кол коет. Басма сөзгө чыгат. Доклад окуп атып, депутаттарга кошумча пикирлерди айтса – эрки. Бирок алар докладга кирбейт.

“Азаттык”: Мурда мамлекет башчылардын кайрылууларын, сөздөрүн жакындары, мисалы, Ельциндикин кызы даярдайт деп айтылчу эле. Акаевдин жакындары, мисалы, Бермет же Майрам Акаевалар киришчү беле?

Калык Ибраимов: Жок. Мен алардын киришкенин байкаган эмесмин.

“Азаттык”: Ошо сиз айтып аткан спичрайтерлик кесиппи же өнөрбү?

Калык Ибраимов: Өнөр. Аны даярдаш да кыйын. Өмүр бою өзүнөн өзү даярдалып келген шык болуш керек. Азыркылар өтө сабатсыз болуп кетишти. Мамлекет башчынын элге айтып аткан сөздөрүн даярдаган кишиде ар тараптуу билим болушу керек. Саясий билим болуш керек. Мамлекет башчыга элге туура эмес сөз айттырып койсо кандай болот?

“Азаттык”: Кеңештериңизди Акаев укчу беле? Кандай кеңештерди берчү элеңиз?

Калык Ибраимов: Укчу. Мисалы, биз президент элге кыргыз тилинде кантип кайрылышы керек дегенден баштаганбыз. Ал кезде “товарищи!” дегенден башка кайрылуу жок эле. Азыр эми көнүмүш болгону менен “Агайын туугандар!”, “Кадырлуу калайык калк!”, “Эл-журт!” деген кайрылуулар ошондо калыптанган.

Бир мисал айтайын, улуттук валюта – сомду киргизүү чоң маселе болгон. Эл түшүнбөй, парламент каршы болуп турган. Киргизбесек каржылык кыйроого учурайбыз деген коркунуч бар болчу. Аны ачык айтууга болбойт эле. Парламентте кыргызча сүйлөө талабы катуу туруп, ал кездеги депутат Камбаралы Бобулов агайыбыз эмне үчүн мамлекеттик тилде сүйлөбөйсүң деген айбаты бар эле.

Экономикалык, каржылык терминдерди пайдаланып, нукура кыргызча доклад жасоо – чоң жоопкерчилик болчу. Акаев кыргызча жасабасак болбойт деди. Мен даярдап келип берсем президент “тим эле прозадагы ыр болуп калыптыр” деп катуу мактады. Ошентип, доклад депутаттарга жагып, улуттук валюта колдоого алынып кетти.

“Азаттык”: “Жандоочу кийик аттырат” деп коет го. Акаевден кийин үчүнчү президент иштеп атат. Алардын сөздөрүн өздөрү даярдабасын сиз жакшы билесиз. Эмнени байкайсыз? "Ка-ап, минтип эле койсо болмок" деп өкүнгөн учурларыңыз болобу?

Калык Ибраимов: Көбүнчө элге чыкканда оозеки сүйлөп жүрүшөт. Мен деле муну туура деп ойлойм.

“Азаттык”: Оозеки сүйлөгөндө деле кайсы жерде кандай сүйлөш керек дегенге кеңеш берүү укугуна ээби спичрайтерлер?

Калык Ибраимов: Кайсы жерде кандай маселелерди айтыш керек деп сурап калса, албетте, айтасың да.

“Азаттык”: Кандай дейсиз, мамлекет башчыга кеңешчинин, жардамчынын эң ишенимдүү болгону маанилүүбү же билими, акылыбы?

Калык Ибраимов: Билимдүү да, таза да адам керек. Ошол адамга мамлекет башчы өзү ишениши керек.

“Азаттык”: Акаев сизге бардык маселелерде ишенчү беле?

Калык Ибраимов: Баары деп айта албайм. Бирок кеңешчү, ишенчү. Кийин кетейин деп сурансам мени менен чогуу кетесиң деп кетирбей койгон.

“Азаттык”: Бирок, жети жылдан кийин кеттиңиз. Эмнеге?

Калык Ибраимов: Менин ордума келчү кишилер президент аркылуу эмес, башкалар аркылуу кетиришти.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG