Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:54

Референдумга каршылардын талабы


2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституцияда ал 2020-жылга чейин өзгөрүлбөй турганы белгиленген.
2010-жылы референдумда кабыл алынган Конституцияда ал 2020-жылга чейин өзгөрүлбөй турганы белгиленген.

Бишкекте Конституцияны өзгөртүү демилгесине байланыштуу өлкөдө түзүлгөн соңку коомдук-саясий абалды талкуулаган жыйын өттү.

Кыргызстан демократиялык кыймылы уюштурган бул иш-чарага чакырылган президенттик администрациядан, парламенттен жана өкмөттөн өкүлдөр келген жок.

Оппозициялык маанайдагы саясатчылар жана коомдук ишмерлер басымдуулук кылган бул жыйын резолюция кабыл алып, анда 11-декабрга пландалган референдумга коюлуучу суроону өзгөртүү сунушталды.

Жыйынды ачып жатып Кыргызстан демократиялык кыймылынын (КДК) жетекчиси, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун бийликтин Баш мыйзамды өзгөртүү аракетинен улам өлкөдө түзүлгөн соңку коомдук-саясий кырдаалды талкуулоо үчүн бийликтен да, оппозициядан да өкүлдөр чакырылганын айтты.

Бирок бийликтин позициясын билдирип, Конституцияны өзгөртүү демилгесине эмне негиз болгонун айтып берген бир да расмий өкүл келген жок.

Президенттик администрация өз өкүлүн жибере албасын мурдатан эле билдирген. Ал эми парламенттегилер башкаруучу коалиция ыдыраганына байланыштуу келе албай калганын айткан.

Белгилүү саясатчылардан жана активисттерден талкууга Медеткан Шеримкулов, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Сапар Аргымбаев, Шамшыбек Медетбеков, Жеңиш Молдокматов катышты.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров азыркы конституциялык реформа башынан мыйзам жана процедуралык нормаларды бузуу менен ишке ашырылганы жатканын айтып, демократиялык баалуулуктарга коркунуч жаралганын билдирди:

- КДК умтулган, үмүт кылган демократия азыр жок. Азыр Акаев, Бакиевдин убагындагыга караганда да авторитаризм күчтүү. Мен конституциялык укук боюнча кандидаттык иш жактагам. Илимий жактан алып караганда азыркы реформа мыйзамсыз. Себеби, Конституцияны оңдойм деген демилге президенттен, президенттик аппараттан чыгууда. Ал эми азыркы Баш мыйзамда аны өзгөртүү демилгесин алып чыгууга депутаттардын гана укугу бар деп жазылган да.

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

Жыйындын башка катышуучулары да азыркы конституциялык реформа мыйзамсыз экенин, анын айынан эл арасында бийликти жана оппозицияны колдогондор ортосунда ажырым пайда болгонун айтышты.

Саясат талдоочу Бакыт Бакетаев бул саяктуу саясий талкуулар маанилүү экенин баса белгилеп, бирок конституциялык реформага каршылардын айтканынан жүйөлүү себеп таба албай койгонун билдирүүдө:

- Оппозиция өзү “президент бийликти узурпация кылып алды, премьер-министрлер жыл сайын алмашууда” деп айтып жатат. Сунушталган өзгөртүүлөр дал ошого каршы багытталып жатпайбы. Премьер-министрдин ролун бекемдөө сунушталууда. Калган өзгөртүүлөр техникалык гана мүнөзгө ээ. Дагы бир маанилүү жагдай, мурунку сегиз референдумдан кийин президенттер бийликтен кеткен эмес. Ал эми Атамбаев президент да, премьер да, спикер да болбосун айтып жатпайбы. Кетип жатат. Дагы эмне керек биздин оппозицияга?

Талкууга Ысык-Көл облусунан келип катышкан активист Кадырбек Үсөнбаев соңку окуяларды 25 жылдан бери саясий аренада орун алмашып жүргөн түрдүү саясатчылардын өз кызыкчылыгын көздөгөн оюну гана деп атоодо.

- Убагында Конституция Акаевдин үй-бүлөсү, тегерегиндеги топ үчүн жазылган болчу. Андан кийинкиси Бакиевдер үчүн. 2010-жылы революциядан кийин кабыл алынган Конституция ошол кездеги Убактылуу өкмөт үчүн жазылган. Эми Атамбаев өзүнүн жана тобунун кызыкчылыгы үчүн өзгөртөбүз дей баштаганда ортодо чатак чыкты. Элди ойлогон Конституция жок, жазыла элек. 25 жылдан бери бийликтен кетпей, тегеренип эле бир акырдан жем жегендерден элдин көңүлү калды.

Талкуу соңунда референдумга каршы күчтөрдүн резолюциясы кабыл алынып, анда бийликке сунуштар жазылды. КДК лидери Турсунбек Акун:

- Бийликтин өкүлдөрү келбей калып, монолог сыяктуу болуп калды. Менимче, алар анча маани бербей коюшту, экинчиден, башкаруучу коалиция тараганына байланыштуу айрымдар келе алган жок. Бирок талкуу абдан кызыктуу, пайдалуу болду. Негизгиси, биз эки маанилүү чечим кабыл алдык: 11-декабрга сунушталып жаткан референдумга “Конституциядан 2020-жылга чейин өзгөртүлбөсүн деген пунктту алып салууга макулсузбу же каршысызбы?” деген суроо коюлсун. Ошондо Конституция парламентте талкууланышы керек болот. Экинчиси - жакында улуттук деңгээлде “тегерек стол” талкуусун уюштурмай болдук.

Турсунбек Акун.
Турсунбек Акун.

Кыргызстанда бийликтин Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси саясий кырдаалга таасирин тийгизди. Буга чейин бир тарапта болуп келген Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн жаатташтырып, мамилесин бузду.​ Анын арты барып отуруп бүгүн коалициянын таркашына алып келди. Атап айтканда, бүгүн Социал-демократтар фракциясы "Ата Мекен" менен "Өнүгүү-Прогресс" фракциялары менен келише албай калгандыктан андан чыкканын жарыялады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG