Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:55

Дин адептүүлүккө үндөйбү? Үндөсө эмне үчүн коомдо динчилдер көбөйгөнү менен адепсиздик, кылмыштуулук азайбай жатат?

Бул суроолорду "Азаттык" Жусуп Баласагын атындагы КУУнун профессору Жолборс Жоробеков жана Кыргыз-түрк "Манас" университетинин профессору Жамгырбек Бөкөшев менен талкуулады.

"Азаттык": Азыркы учурдагы коомдогу адеп-ахлактын, адептүүлүктүн деңгээлин канчалык деп баалар элеңиз?

Жамгырбек Бөкөшев: Биз өткөөл коомдо жашап атабыз. Аны толук өздөштүрүп, бир нукка түшө элекпиз. Мындай учурда элден ыйман кетет, пейил өзгөрөт, эски жаңыга алмашат. Адам да, коом да кыйналат. Башкача айтканда, адам жаңы турмушта өз ордун тапкыча, анын жашоосуна байланышкан көйгөйлөр боло берет.

Азыр чоң атасы небересин өлтүрүптүр, агасы карындашын зордуктап коюптур деген үрөй учурган окуялар болуп атпайбы.

"Азаттык": Адеп-ахлактын, абийирдин калыптануусу, уят-сыйыттын ойгонушу үчүн дин кандай ролду аткарат? Дин адамдык жогорку сапаттардын ойгонуусуна жол ачабы?

Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, дин коом менен адамдын ортосундагы мамилени жөнгө салуу же тескөө үчүн келип чыккан түшүнүк. Адамдын ыйманын, пейилин түз жолго салууда чоң ролду ойнойт.

"Азаттык": Кыргыз коомунда намаз окуган, динчил үй-бүлөлөр көбөйдү. Бирок бул ажырашкан жубайлардын санын азайта алган жок. "Адал тамак жейбиз, пайызсыз насыя алабыз" деген менен деле алдамчылыктын күнү тууп жатат. Намаз окуган, ажыга барган саясатчыларыбыз болсо деле саясат тазарып кеткен жери жок да...

Жолборс Жоробеков: Албетте, дин адамды жакшы жакка үндөшү керек. Бирок бүгүнкү күндө Кыргызстанда дин боюнча чоң бир аалымдардын, адистердин жетишсиздиги байкалууда. Ушунун айынан диниятчылардын адеп-ахлакка, жакшылыкка болгон үндөөсү, абышкалардын "жакшы жүргүлө, жакшы тургула" деген насаатынан ары кетпей жатат. Бул үгүттөр чындап айтканда, бүгүнкү жаштарды кызыктырып, өзүнө тарта албайт.

Жаштар намаздын маанисин деле терең түшүнбөйт. Албетте жума намазга барат. Бул балким жакшы көрүнүштүр, бирок анын негизин бүгүнкү күндүн талабына ылайык түшүндүрүү өтө кыйын. Ошондуктан чубалжып жүдөө кийинген, сакал-муруту өскөн биздин жаштар көбөйүүдө. Бизде адамдар диндин формасы менен гана жашап атышат.

"Азаттык": Демек муну үстүртөн, формалдуу гана динчилдик десек болобу?

Жолборс Жоробеков: Албетте. Себеби, булар динди жок эле дегенде катып калган, эч бир өзгөрбөгөн нерсе катары көрүшөт да.

Жамгырбек Бөкөшев: Бизде диний мекемелер да, ага баргандар да көбөйүп жатат. Бирок ошол эле маалда диндин сырткы формасы гана сакталып, маанисине көңүл бурулбай калууда. Кайсы динди тутунбасын адам Кудайга чын ыкласы менен ишенип, жакшылык кылганга жакшылык кайтат, күнөө кылган анын азабын тартат деген түшүнүк менен жашаса, тескери жолго барбайт.

Курандан бирдемени жаттап алып, турмушка келгенде тескери иштерди кылган туура эмес. Мисалы, соода кылып атканда сатуучу динчил экенин көрсөң "алдабайт го" деп ойлойсуң. Бирок алар кээде пенделик кылып, алдап койгон учурлар да болот. Ошондо көңүлүң сууп, "мусулман болуп туруп кантип ушуга барды" деп иренжий түшөсүң.

Жолборс Жоробеков: Көрдүңүзбү, коомдо эч нерседен коркпогон адамдардын тобу пайда болуп жатат. Кандайдыр бир чоң ишеним менен жашоо керек, ошондо коомдо жанагыдай терс көрүнүштөр аз болот эле.

Жамгырбек Бөкөшев: Албетте, арам тамак жебеш керек, уурулук кылбаш керек, өлтүрбөш керек деген насааттар жакшы. Мына, жумасына жалпы Кыргызстан боюнча мечиттердин ар бирине жүздөгөн адамдар барат. Молдокенин колунда микрофон бар. Бул деген чоң идеология, чоң күч. Ошол молдокелер 20-30 минута лекция окуйт. Бирок ушул убакыт ичинде купулга толчу, жан дүйнөңдү агартчу сөз айткан молдокелер жетишсиз. Көбү эмнени билсе, ошону гана айтып, жума намазын баштайт.

"Азаттык": Жамгырбек агай, сиз мусулманмын деген адамдар кээде алдап коюп атканын айттыңыз. Жолборс агай да буга токтолуп өттү. Кээ бир адамдар ушундай ыплас ишке динди курал катары атайын колдонуп жаткан жокпу? Айталы, кылмыш тобуна мүчө, бирок беш маал намаз окуганын бетке кармагандар же "дин жолундамын" демиш болуп, элди алдап соода кылгандар бар дегендей...

Жамгырбек Бөкөшев: Кээ бир учурда адамдар динди атайын пайдаланып, кызыл кулактык же көз боёмочулук кылышы да ыктымал. Мисалы, саясатчы намаз окуйм демиш болуп шайлоочулардын добушун алуу үчүн же дагы бир башка кызыкчылыгы үчүн ошондой кадамдарга барышы мүмкүн.

Мына Жолборс Жоробекович молдокелерди айтып атат. Алардын арасында да такыба жүргөндөрү да бар. Бирок айткан сөзү менен жасаган иши дал келбегендер да четтен чыгып атпайбы. “Чала молдо дин бузар” деп ушулар исламга көө жабууда. Муфтияттагы иштер, же болбосо дин өкүлдөрүнө байланышкан чыр-чатактар мусулман баласын иренжитет да.

"Азаттык": Жыл сайын квота бөлүнүп, саясатчыларга да ажыга барып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мисалы, Жогорку Кеңеште эки жерде намазкана бар. Азыркы учурда саясатчылардын динге берилип, намаз окуганы, ажыга барып келгенден кийинки адеп-ахлагы башкаларга үлгү болушу мүмкүнбү? Ошол эле парламенттеги башка саясатчыларга дегендей...

Жолборс Жоробеков: Эгерде мен динге ишенсем, анымды эч кимге реклама жасабай, беш убак намазымды тынч окуп жүрүшүм керек. Бирок бизде саясатчылар андай болбой атпайбы. "Мен беш убак намаз окуйм" деп элдин көңүлүн алуу максатында керек да, керек эмес да жерде айтылып атпайбы.

  • 16x9 Image

    Маметбек Мырзабаев

    "Азаттык" менен кызматташкан авторлордун бири. Ислам изилдөө илимий институтунун директору, дин социологиясынын доктору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG