Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:54

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы стратегиясын жарыялады. Ага ылайык, фонд эсебиндеги Орусия өкмөтү бөлгөн каражаттарды насыя катары таратуудан башка инвестицияларды тартууну максат кылууда. Дарегине бир катар сын айтылып келген фонддун мындай жаңычылдыгынан күмөн санагандар арбын.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жаңы стратегиясы башкармалык төрагасы Кубанычбек Кулматов ишке дайындалгандан күндөн беш ай өткөн соң иштелип чыкты.

Стратегияда фонддун ишинин натыйжалуулугун көтөрүп, ишмердигин кеңейтүү максаты коюлган. Ага ылайык, фонд Орусия өкмөтү бөлгөн 1 миллиард доллардан башка инвестицияларды тартууну көздөөдө.

Мындай жол менен өлкөдөгү кыргызстандык ишкерлерге узак мөөнөттүү насыя берүүгө болот деп ишенет фонддун төрагасы Кубанычбек Кулматов:

Кубанычбек Кулматов

Кубанычбек Кулматов

- Фонддун ишин биз азыр башкача көрүп жатабыз. Биринчиден, биздин фонддогу акчабызга кошумча ар кыл өнүктүрүү фонддорунан арзан жана узак мөөнөттүү каражаттарды тарталы деп жатабыз. Бул биздин ишкерлер үчүн жакшы болот. Экинчиден, төрт ай аралыгында максат кылган ишти аткардык. Учурда сегиз банк менен иштешип жатабыз. Дагы эки банк менен иштешүү боюнча кагаздарды карап жатабыз. Биз алдыбызга он банк менен иштешүү боюнча максат койгонбуз, ал аткарылганы калды.

Кулматовдун маалыматы боюнча, өз ишин 2015-жылдын ноябрь айында баштаган фонд ушул убакыт аралыгында 442 долбоорго 120 миллион доллардан ашык насыя берген.

Алардын арасында бир катар тигүү, кайра иштетүү жаатында ири ишканалар бар, ошондой эле бир канча долбоор учурда фонддун кароосунда турат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын Евразия экономикалык биримдигинин шарттарына ыңгайлаштыруу максатында түзүлгөн.

Аны түзүү үчүн Орусия өкмөтү 1 миллиард доллар бөлгөн. Ал өлкөдөгү өндүрүштү жандандырууга жеңил шарттагы насыяларды бермек. Бирок бул жаатта фонд өз ишин жетиштүү деңгээлде аткарбай жатканы боюнча ар кандай сындар айтылып келген.

Быйыл жазында президент Алмазбек Атамбаев фонддун ишмердигине нааразы болуп, жетекчилигине Кубанычбек Кулматовду дайындаган эле.

Кулматовдун алдына Кыргыз-орус фондунун ишин активдештирип, кичи жана орто ишкерлерге шарты жеңил насыяларды берүү тапшырмасы коюлган.

Эми өзүнө жүктөлгөн милдеттин өтөөсүнө чыкпай туруп, Кулматовдун жаңы стратегияны жарыялаганына түшүнбөгөндөр чыгууда.

Дастан Бекешов

Дастан Бекешов

Жогорку Кеңештин Экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрага орун басары Дастан Бекешов фонд алгач өз милдетин так аткарып, анан башкага өтсө жакшы болмок деген пикирде:

- Бул туура эмес деп ойлойм. Себеби, алгач коюлган максатка жетиши керек да. Болбосо, биринчи ишиңдин жыйынтыгын көрсөтпөй туруп эле, мындай кылабыз деп башка ишти баштаган туура эмес болуп калат. Мисалы, биз чакан долбоорлорду, стартаптарды каржылагыла деп сунуштаганбыз. Бирок бул жаатта такыр иш болгон жок. Ошондуктан, биз Жогорку Кеңеште бул маселени карайбыз.

Ал эми Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулган соң солгундап кеткен соода тармагындагылардын кызыкчылыгын коргогон Базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономаревдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргыз-орус фондунун иши бир аз жанданганы менен андан насыя алам деп зарыгып күткөн ишкерлер көп эле болууда:

- Албетте, объективдүү себептерден улам берилген долбоорлор өтө узак мөөнөткө каралууда. Менин көз карашым боюнча, бул жаатта фондго кандайдыр бир милдеттенмелерди жүктөө керек. Документти кабыл алган соң ишкерлерди зарыктырып күттүрбөстөн, насыя болот же болбойт деп белгилүү бир убакыт ичинде маалымат бериши керек. Антпесе, насыя алам деп убара болгондор көп болууда.

Документти кабыл алган соң ишкерлерди зарыктырып күттүрбөстөн, насыя болот же болбойт деп белгилүү бир убакыт ичинде маалымат бериши керек. Антпесе, насыя алам деп убара болгондор көп болууда.

Ошол эле учурда Кыргыз-орус фондун Орусия каржылагандыктан аны саясий долбоор катары санагандар бар. Ошондуктан, бул фонд башка финансылык булактардан каржы табууну көздөгөн күндө деле Орусиянын атын чыгарган уюмга акча бөлүүнү каалаган донорлор болобу деген суроо коюлууда.

Экономикалык эксперт Азамат Акелеев фонддун инвестиция тартуу жаатындагы ишмердикке өтүшүн оңунан баалайт. Анын айтымында, фонддун кепилдик катары каражаты болгону үчүн чет өлкөлүк каржы уюмдарды өз акчасын салышы мүмкүн:

- Албетте, Орусия бөлгөн каржаттын жыйынтыгын кайсы бир убакыт өткөндөн кийин көрүү керек. Бирок аны менен катар башка долбоорлорду ишке ашыруу жаатында иштегени болот. Мисалы, аталган фондго Чехия өкмөтү 50 миллион евро бөлүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ал жакында кол коюлат деп күтүлүүдө.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун дарегинде Орусияда өрттөн 14 мигрант кыз-келин каза болгондон кийин сындар айтылган. Себеби, фонддун негизги милдеттеринин бири өлкөдө жаңы жумушчу орундарын түзүү болчу. Бирок фонд каржылаган 440тан ашык долбоордун канчасы ишке ашып, өлкөдө жумушчу орун түзүлгөнү тууралуу так маалымат жок.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG