Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:53

Воронеж: Чолпонбай жалгызсырабайт


Воронеждеги кыргыз конок үйү
Воронеждеги кыргыз конок үйү

Москвадан 500 чакырым алыстыкта жайгашкан Воронеж шаарында иштеген кыргызстандыктар Советтер союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелигинин жанына кыргыздардын конок үйүн тургузууга бел байлашкан.

“Мурас” коомдук уюмунун жетекчиси Калыбек Назарбаев кыргыз үйү кыргызстандык мигранттардын күчү менен курулуп жатканын айтты:

- Воронежде жашаган кыргызстандыктардын сыймыктанганы эле ушул Чолпонбай атабыз. Анын эстелиги Селяново айылында Дондун жээгинде турат. Ошол жакта мурун бир бала бакча болуп, кийин ал имарат каралбай калган экен. Жергиликтүү шаардык администрацияга кайрылып, имаратты бизге берүүнү өтүндүк. “Кыргыз-орус достугун чыңдаган улуттук маданий үй кылалы” деген ниетибизди алар колдошту. Ошондон кийин бул жакта иштеген балдар тыйын чогултуп, эски имаратты оңдоп-түзөп, чатырын жаптык. баш-аягы 1 миллион 137 миң рубл кетти.

Кыргызстандыктар үйдү оңдоо учурунда
Кыргызстандыктар үйдү оңдоо учурунда

​Башкы демилгечи “Мурас” коому Воронежде он бир жыл мурун түзүлгөн, анда мүчөлүктө 260 кыргызстандык турат. Кыргызстандыктардын коому шаардык маданий жана спорттук мааракелерге активдүү катышып келет.

Назарбаев кыргыз конок үйүн куруу демилгеси жапа тырмак көтөрүлгөнү менен учурда акчалай колдоо керек болуп жаткандыгын белгиледи:

Чолпонбай Түлөбердиев
Чолпонбай Түлөбердиев

- Биз 11 жылдан бери майрам сайын Чолпонбай атабыздын эстелигине келебиз. Бирок ушул жакта кыргыздар жолукчу үйдүн жоктугу өкүндүрөт. Үйдү ишке киргизип, кыргыздардын улуттук кийимин, буюм-тайымдарын илип, каада-салт, тарыхыбызды сактап калалы деген эле ниет.

Алыстан мекендештер келгенде конок үйдө тосуп алсак жаман болбос эле. Былтыр эле иштетели дегенбиз. Азыр экономикалык кризиске байланыштуу мигранттардын маяналары азайып кетип, иш токтоп калды. Ошон үчүн кайрылып жатабыз. Көп түкүрсө көл болот дейт. Балким бириксек, бүтүп калабы деген үмүт.

Калыбек Назарбаев
Калыбек Назарбаев

Воронежде жалпысынан 500дөй кыргызстандык эмгектенет. Көбү соода-сатыкта, курулушта жана коомдук транспортто иштейт. Шаарда өзүнчө кыргызстандыктар соода кылган базар түзүлгөн. Анда Кыргызстандан алып келинген кийим-кече, азык-түлүктөр сатылат.

Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушта Селявное айылынын тушунда душмандын амбразурасын төшү менен жаап, курман болгон. Ага 1943-жылы Советтер союзунун баатыры деген наам ыйгарылып, сөөгү Дондун жээгинде коюлган. Воронеждин өзүндө баатырдын атындагы орто мектеп жана музей иштейт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG