Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Орусиядагы журтташтардан миллион


Кыргызстандык мигранттар Бишкектеги учак кырсыгында набыт болгондордун туугандарына жардам катары 1 миллион рублдан ашык каражат чогултушту.

16-январда Бишкектин четинде кыйраган учактын кесепетинен жабыр тарткандарга Москвадагы кыргыз жамааты өткөргөн түлөөдө 200 миң рубль, “Мекенчил мигранттар” бирикмеси 300 миң рублдан ашуун, Кыргызстандын диний башкармалыгынын өкүлчүлүгү 300 миң рубль, “Боордоштор” тобу 230 миң рубль чогултушту.

Көздөн учкан жардам

22-январда Москвадагы кыргыз жамааты учак кырсыгында набыт болгондорго куран окутушуп, түлөө өткөрүштү. Кыргыз жамаатынын биримдигине Москвадагы казак, өзбек, тажик жана башка диаспоралары да катышып, колдоо көрсөтүштү.

Уюштуруучулар тобунун мүчөсү Толкунбай Акматов жардамга чогулган каражаттын бир бөлүгү жыл башында Саратов аймагында жол кырсыгында каза тапкан мекендештердин үй-бүлөлөрүнө да бериле турганын айтты.

- Жыл башында “кырсыктардан сак бололу” деп кыргыз диаспорасы, коомдук уюмдар жана бирикмелер биригип түлөө өткөрөлү деген ой менен жумушчу топ түзүлгөн. Анан эле Саратовдо жол кырсыгы, анан Бишкекте учак кырсыгы болуп кетти. Ошентип, 22-январда түлөө өткөрдүк. Жалпысынан 200 миң рубль акча чогулду. Элчилик, ИИМдин өкүлчүлүгү жана атын атагысы келбеген мекендештердин атынан жети кой союлду. Жамиля Бегиеванын да эмгеги чоң, түлөө анын кафесинде өттү. Жумушчу топ макулдашты, эки адам атайын учуп барып, Саратовдо жана Дача айылындагы кырсыкта каза болгондордун туугандарынын колуна тапшырып келишет.

“Мекенчил мигранттар” бирикмесинин өкүлү Тилек Бекишев демилгечи топ өз алдынча өткөргөн түлөөдө мигранттар тарабынан 300 миң рублдан ашык каражат топтолгонун кошумчалайт.

- Биз патриот балдар биригип, кафени ижарага алып, азык-түлүгүн сатып алып өз атыбыздан куран окуттук. Бир жарым миңдей адам келди. Кечки саат төрт-бешке чейин турдук. Элден 331 миң 196 рубль топтолду. Кыргызстанда ишеничтүү адамдарыбыз бар, алар аркылуу жабыр тарткандарга берилет.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын расмий өкүлү Бакыт Тополоңов Москванын борбордук мечитинде да мекендештер чогулушканын белгилейт.

- Жума күнү Орусиянын мусулмандар дин башкармалыгы Рамил Гайнутдинов жана анын жардамчылары кыргыз элине көңүл айтып куран түшүрүштү. Кечээ болсо бизде окуган кыз-уландар көз жумгандарга куран окудук. Ошондой эле 300 миң рубль акчалай жардам чогулттук. Эми Кыргызстанга жөнөткөнү турабыз.

Журтташтар жардам берет

Журтташтар жардам берет

Четтеги кыргызстандыктар жардам берүү акцияларын уюштурууда. “Манас” аба майданынын жанындагы учак кырсыгынан каза тапкандардын саны 38ге жетти.

Орусиядагы мекендештердин “Боордоштор” кайрымдуулук тобу кырсык болгон күндөн тарта жабыр тарткандарга жардамга каражат чогулта башташкан. Негиздөөчүсү Жылдыз Осмонова кайрымдуулукка башка чет өлкөлүк мекендештер дагы кошулганын айтат.

- Жалпысынан 229 миң рубль чогулду. Орусиянын Москва, Санкт-Петербург, Дудинка, Омск шаарларындагы боордошторубуз жөнөтүп жатты. Казакстан, Британиядан дагы жөнөткөндөр болду. 15 рублдан баштап, 15 миңге чейин салып жатышат. Бир жерде иштеген мекендештер чогулуп, жалпы жамаат деп жөнөтүп жатышат. Бул кайрымдуулукка кошулган, колунан келип турса аянбаган бардык мекендештерге ыраазычылык билдирем. Алыскы жердеги боордоштордун аманаты бир тыйынына чейин жеткирилип, отчёту социалдык тармактарда жазылат.

Москвадагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери өткөн жумада 100 миң рублдан ашык каражат чогултуп, Бишкекке жөнөтүшкөнүн маалымдашты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG