Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

25-мартта Бишкекте кыргыз жана орус эксперттери Манастагы Транзиттик борбордун тагдыры, кыргыз-орус мамилесине байланыштуу талкуу жүргүздү. Орус эксперттери Транзиттик борбор чыгарылыш керектигине басым жасаса, кыргызстандыктар андай чечим эмнеге алып келерин байкап көрүүгө үндөштү.

"24.kg" маалымат борборунда уюштурулган талкууга Орусиянын Борбор Азия жана КМШ боюнча айтылуу эксперттери Алексей Власов, Аджар Куртов, Андрей Грозин, Леонид Бондарец катышты. Кыргыз тараптан Мурат Бейшенов, Элмира Ногойбаева, Мурат Сүйүнбаев, Зайнидин Курманов, Жумакадыр Акенеев жана Марс Сариев болду.

Орус эксперттери: Кыргызстан айтканын аткарсын


Орус эксперттери негизинен Кыргызстан Транзиттик борборду чыгаруу боюнча айтылган сөзүн аткарыш керек дегенге басым жасашты. Маселен, Алексей Власов "Манас" маселеси Орусия үчүн ишеним маселеси деп атады. Анын пикиринде, Орусиянын мындай бүтүмгө келүүсүнө, буга чейин кыргыз бийлиги "Манастан" АКШнын аскердик базасын чыгарабыз деп бир нече жолу айтып, бирок аны аткарбаганы себеп болгон.

Аджар Куртов Транзиттик борбордун чыгышына күмөн бар дейт. Ал "Манасты" жарандык багыттагы жүк ташуучу борборго айлантуу демилгесине токтолуп, андай долбоор Кыргызстан Бажы жана Евразия экономикалык биримдигине киргенде гана ишке ашарын белгиледи. Ошол эле учурда жүк ташуучу борбор болуу үчүн атаандаштык күчтүү экенин айтып, Казакстан Алматы, Өзбекстан Навои аба майданын даярдап жатканын эске салды.

Андрей Грозин база маселесинин кандай чечилишине жараша Кыргызстандын имиджи түзүлөт дейт:


- Бул база чыгарылат деп көп жолу айтылган. Айтылганда да жогорку деңгээлде айтылган. Азыр Алмазбек Атамбаев сөзүнөн кайта турган болсо, анда кайсы бир деңгээлде жүзүн жоготууга барабар болот. Экинчи жагынан акча маселеси турат. Бул эки нерсени кантип жалгаштырууга болоорун билбеймин. Республика өзүн-өзү ушундай абалга кириптер кылды. Эми бычак мизинде турган бул абалдан кандай чыгууну Кыргызстан өзү чечиш керек.

Грозиндин пикиринде, Кыргызстан кандай чечим кабыл албасын Москва өткөн жылы күзүндө жетишкен келишимдерди аткарат. Бирок сөзүнө турбаган өнөктөш менен мамиле дурус болбойт. Грозин ошондой эле көп вектордуу саясат жүргүзүү мүмкүнчүлүгү тарып баратат деген пикирин ортого салды.

"Башкача чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк бар"

Кыргызстандык эксперт Мурат Бейшенов базаны чыгаргыла деп демитүү туура эместигин белгиледи. Ал өткөн жылы эле Кыргызстан 240 млн. доллар алганын, андай акча Орусиядан да, Казакстандан да келбегенин эскертти. Бейшеновдун пикиринде, Транзиттик борборду калтыруу же чыгаруу маселесин Москва менен Вашингтон кеңешип, аны чечүүдө Кыргызстанга жардам бергени дурус. Ошол эле мезгилде Транзиттик борбор дагы кайсы бир мөөнөткө калуусу туура дейт Бейшенов:

- Эмне үчүн жабыш керек. Баарын бүтүрүш керек?! Менин оюмча, башкача чечим кабыл алууга да мүмкүнчүлүк бар. Биз базаны жапсак, АКШ, НАТО рахмат айтып калбайт. Алардын экономикалык жактан кысым көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрү бар. Эң кызыгы Тажикстан, Казакстан база качан чыгаар экен, бизге келер бекен деп күтүп отурушат. Ульяновск да күтүп турат. 100 млн. төлөгүлө, келе бергиле деп турат.

Мурат Бейшеновдун айтымында, кыргыз жетекчилиги кезинде базаны чыгарабыз деп ойлонулбаган билдирүү жасап, анан чыгарбай коюу менен Кыргызстандын имиджине сокку урду, азыр да ошондой ойлонулбаган билдирүү жасалды.

Серепчи Элмира Ногойбаева Транзиттик борборго байланыштуу чечимди Кыргызстан имидж маселесине эмес, улуттук кызыкчылыгына карап кабыл алыш керектигин белгилесе, Мурат Сүйүнбаев Кыргызстандан чыгарылган база Тажикстан же Өзбекстанга жайгашарын, бул Орусиянын кызыкчылыгына туура келер-келбесин да талдап көрүүнү сунуштады. Анын пикиринде, Кыргызстанда АКШнын базасы турганына карабай Бишкек Орусияга ыктаган бойдон калууда. Ал эми башка өлкөлөр андай саясат жүргүзбөсүн эскертти.

Жумакадыр Акенеев болсо, кыргыз бийлиги Транзиттик борборго байланыштуу чечим кабыл алганын, ошондуктан база 2014-жылы чыгарыларына бекем ишенерин айтты. Ал эми финансылык жоготуулар ички резервтен толтурулат дейт Акенеев.

2001-жыл 11-сентябрда Нью-Йорк, Вашингтон шаарларындагы масштабдуу террордук чабуулдардан кийин Кошмо Штаттар “ал Каида” уюмунун жетекчиси Усама бин Ладенди табуу же жок кылуу максатын коюп, Ооганстанда антитеррордук операцияны баштаган. Операция башталаар алдында Кошмо Штаттар башында турган эл аралык антитеррордук альянс түзүлүп, ал КМШ мамлекеттеринин да колдоосун алган. Мына ошол колдоонун негизинде 2001-жылдын декабрында "Манас" аба майданына антитеррордук коалициянын аскерлери жайгаштырыла баштаган.

Базанын чыгарылышына Орусия кызыкдар болуп жатканы саясат таануучулар тарабынан такай белгиленип келген. Мына ошол божомолдорду тастыктагандай 2009-жылы февраль айында президент Курманбек Бакиев Москвада "Манастагы" АКШнын базасы чыгарылыш керектиги жөнүндө билдирүү жасаган.

Бирок Москвадан кайтып келген Курманбек Бакиев базаны чыгаруу боюнча чечимди өзгөртүп жиберген. Натыйжада 2009-жылы июнь айында жаңы келишим түзүлүп, база Транзиттик борбор деп аталып калган.

Азыркы президент Алмазбек Атамбаев болсо бийликке келгенден бери “Манас” аба майданындагы Транзиттик борбор боюнча эки тараптуу макулдашуу узартылбай турганын айтып келет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG