Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Деңизден бакыт издеген кыргыз жаштары


Жумуш издеген жаштардын изи Жер Ортолук деңизинен тартып, Кариб аралдарына чейин жетти. Аларды бир жагынан жогорку маяна кызыктырса, экинчи жагынан жер кезүү мүмкүнчүлүгү өзүнө тартууда.

Борбор калаада жаштарды деңизге саякат жасоочу круиз кемелерине жумушка орноштурган ишканалардын иши кызып жаткан кези. Май айынан тарта Европанын жана Американын ири круиз лайнерлери мухитке сапарга аттанат. Кардарларга кызмат көрсөтүү үчүн кошумча күчтөр талап кылынат.

23 жаштагы Элдар Саалиев түйүнчөгүн түйүп, жакындары менен коштошуп жаткан маалы. Ал май айынын башында Мальтага жөнөп кетет. Жер Ортолук деңизинде кеме менен саякаттап жүргөнүн элестетип, толкунданып турганын жашырбады:

- Немистердин Mein Schiff кемесинде официант болуп иштей турган болдум. Деңизге алгачкы жолу чыгам. Сегиз айга кетип жатам. Алдыда кызыктуу күндөр күтүп турат деп ишенем. Официанттын жумушу мен үчүн оор деле эмес.

Анткен менен Элдарга бул орунга илешүү оңой болгон эмес. Талапкерлер милдеттүү түрдө англис тилине кошумча түркчө, кытайча же немисче билүүсү шарт. Ошондуктан да узак сапарга тобокел деп жөнөп жаткан жаштардын баары колунда диплому бар, жогорку билимдүүлөр. Арасында бул жактагы туруктуу жумушун таштап же жергиликтүү ишканалардын сунушун четке кагып кетип жаткандар да кездешет.

Элдар да айлыгы 30 миң сомдук жумушка алымсынбай, интернеттен гана көргөн жайларга жөнөп жатат:

- Университетти котормочу адистиги боюнча быйыл эле аяктадым. Эки-үч ишканага кабыл алышкан. Бирок үч айда тапкан акчаны ал жакта бир эле айда табасың. Ага кошумча экзотикалык жерлерди көрөсүң. Алгач жумуш берүүчүлөр менен скайп аркылуу англис тилинде маектешип, 2-турда немисче сүйлөштүк. Андан ийгиликтүү өткөндөн кийин Украинанын Одесса шаарына барып медициналык кароодон өтүшүбүз керектигин айтышты. Мунун баары бир топ убакытты жана каражатты талап кылды.

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Шанхайда кафе иштеткен Эламан

Кытайга билим алууга барган чет өлкөлүк студенттерге виза менен окуусунан тышкары кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган.

Бактысын деңизден издегендерге Бишкектеги бир нече агенттиктер кызмат көрсөтөт. Элдар “Круиз Консалт” агенттигине кайрылган. Алар кардар менен круиз компанияларынын арасында ортомчулук кызматын аткарат. Бир жыл аралыгында элүүдөй улан-кызды деңизге аттандырганга жетишкен.

Жаштардын Кара деңиздин боюндагы Одессага барып ден соолугун текшертүүсү да теги жерден эмес. “Круиз Консалттын” өкүлү Өмүрбек Элчибековдун айтымында, чет элдик компаниялар Кыргызстандан алынган медициналык справкаларды жаратпайт:

- Бул жактан кургак учук менен ооруган адам деле куландан соо деген справка жасатып алса болорун алар деле билишет. Алар деңиз рыногунда көп жылдан бери ийгиликтүү иштеп келаткан беделдүү компаниялар болгондуктан, аброюна тыкыр көңүл бурушат. Эгер жумушка талапкерлердин денесинде татуировка же пирсинг болсо, жумушка албай коюшу толук мүмкүн. Анткени кеменин коноктору көрүнүктүү, бардар адамдар. Биз жөнөтүп жаткан жаштар талапка ылайык болушу үчүн аларды дыкат даярдайбыз. Чет тилинен тышкары мурда соттолуп-соттолбогону, адамдык сапаттары кандай экендигине да карайбыз.

Деңизге аттандырган ишканаларга лицензия керек болгондуктан “Круиз Консалт” Украинанын порттук шаары Одессадагы “Воланс” деңиз агенттиги менен кызматташат.

Жапониянын Нагасаки шаарынан чыккан “Принцесс Круиз” кемеси Чыгыш-Кытай деңизин жиреп Шанхайга сапар алды. Ичинде тейлөө кызматында иштеген кыргызстандык жети жаран бар. Алардын бири Чыңгыз Ажиев барда официант. Кардарларынын басымдуу бөлүгү кытайлар. Чыңгыз кытай тилин мыкты билгендиктен, алардын тилин таап, кошумча чай пул "өөнөп" келерин жашырбайт:

- Колуңа айлыгың тийгенде, ага чай пулдары кошумча болуп отуруп, иш учурундагы кыйынчылыктарды унутуп коесуң. Бош убакытта палубага чыгып, чалкып жаткан деңизди көргөндө чарчаганыңды унутасың. Жаңы дем менен ишке киришесиң. Азыр Шанхайга баратабыз. Ал жерде кемеге жаңы кардарлар чыгат. Алар менен Тайбейге жөнөп кетебиз. Жумушум кызыктуу. Кыргызстанда жүрө берсем мунун баарын кайдан көрмөк элем. Үч айдан кийин келишим мөөнөтү аяктайт. Кайра эле кайтып келем деп чечип койгом.

Чыңгыз мекенине келе элек жатып, Элдар деңиз сапарына алгачкы ирет аттанып жатса, Жазгүл Тургунбекова алты айга созулган сапардан кайтып, эми кийинки кезегин күтүп турган чагы. Кемеде жумуш жеңил болбогонуна карабастан, деңизге чыгып келгендер сөзсүз түрдө экинчи ирет барууга аракет кылышат:

Жазгүл Тургунбекова
Жазгүл Тургунбекова

- Жумуш жеңил эмес. Бирок Кыргызстандан баргандар кабагым-кашым дебей иштей беришет. Анын үстүнө маянасы жогору, портторго токтогон сайын шаар кезсең болот. Мен Италия, Испания, Франциянын порттук шаарларында болдум. Андай кезде жумуштун оордугун деле эстен чыгарасың. Кыргызстанда көпкө кармалбайм го. Чакыруу келери менен эле жөнөп кетем. Мурда иштеп кеткен, тажрыйбасы барларга бир топ жеңилдиктер каралган. Бизди сынаксыз эле алышат. Биринчи барганымда барда иштесем, эми карьералык өсүштү күтүп жатам.

Чет өлкөлүк жаштарды жумушка алууга деңиз компаниялары өздөрү да кызыкдар. Кыргызстандыктарды деңизге алгачкы болуп жөнөтүп баштаган “Ворк лэнд” ишканасынын жетекчиси Махабат Токомбаеванын айтымында, кыргыз жаштарына суроо-талап жогору:

- Чынын айтканда, биздин балдар башка улуттарга салыштырмалуу жоопкерчиликтүү келип, иштин майын чыгара аткарышат. Биздин ишкананын үч жылдык иш тажрыйбасында кайрылгандардын дээрлик баарын эле жөнөттүк. Ден соолугу эле талапка жооп бербей калбаса, тилди мыкты билбесе да кыска аралыкта өзүбүз үйрөтүп, жөнөтүп жатабыз. Мисалы, бир орунга индонезиялык, малайзиялык жана кыргызстандык талапкер болсо, акыркысынын мүмкүнчүлүгү жогору болот. Анткени биздикилер ак эмгегинин арты менен кадыр-баркка ээ болушкан.

Аталган ишканалардын өкүлдөрү маалымдагандай, жаштар арасында бул жумушка кызыккандардын аягы суюлбай келет. Кайрылгандардын баары жаштык дем менен тобокелге барышат.

Кыргыз Республикасынын жарандарын анын чектеринен сырткары жумушка орноштурууга байланышкан иштерге уруксатты өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы берет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG