Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:30

ЕККУнун Бишкек кеңсесинин макамы өзгөрдү


Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги программалык кеңсеси иштей баштады. Буга чейин борбор макамындагы эл аралык уюм өкүлчүлүгүнүн мандаты кыргыз бийлигинин өтүнүчүнүн негизинде өзгөртүлдү. ЕККУнун жаңы кеңсеси ишмердигинде көп деле өзгөрүү болбойт деп ишендирүүдө. Жаңы мандат менен ишке кирген ЕККУнун кеңсесинде кандай өзгөрүүлөр болот?

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн макамы 1-майдан тарта өзгөртүлдү. Буга чейин Кыргызстанда ЕККУнун борбору иш алпарып келсе, мындан соң программалык кеңсе катары ишмердик жүргүзөт.

Европадагы аймактык уюмдун мандаты өзгөргөнүн Тышкы иштер министрлигинен ырасташты. Министрликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиришинче, жаңы мандаты боюнча кыргыз өкмөтү ЕККУнун Туруктуу кеңеши менен макулдашты:

- Быйыл 27-апрелде ЕККУнун Венадагы Туруктуу кеңешинин жыйынында бул уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жаңы мандаты бекитилди. Кабыл алынган чечимге ылайык, ЕККУнун Бишкектеги борбору программалык кеңсе катары кайра түзүлүп, 1-майда ишин баштады. Бул кеңсе долбоорлорду аныктоо жана ишке ашыруу жаатында кыргыз өкмөтү менен тыгыз кызматташат.

ЕККУ дүйнөдөгү коопсуздук жаатында иш алпарган эң ири аймактык уюм. Кыргызстан бул уюмга 1992-жылдан тарта мүчө болсо, анын Бишкектеги борбору 1998-жылы ачылган эле.​

ЕККУнун борборунун макамы өзгөртүүлөрү тууралуу былтыр күздөн тарта айтыла баштаган. Буга Кыргызстанда июнь коогасы боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылып, издөөдө жүргөн Кадыржан Батыров сентябрь айында бул уюмдун Варшавадагы жыйынына катышып, кыргыз бийликтерин айыптап сөз сүйлөгөнү себеп болгон.

Расмий Бишкек муну кескин сынга алган жана көп узабай эле аталган уюмдун борборунун макамын төмөндөтүп, программалык кеңсеге айлантуу боюнча Венага нота жиберген эле. Мына ушундай аракеттен соң аймактык уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн мандаты өзгөрүп, ишин баштады.

Элчи: тыгыз кызматташтык күтүлөт

Эми жаңы макамда ишин баштаган эл аралык уюмдун программалык кеңсеси эмне менен алек болот жана кандай өзгөрүүлөр күтүлөт деген суроо көпчүлүктү кызыктырууда.

Программалык кеңсенин башчысы, элчи Пьер фон Аркс "Азаттыкка" комментарий берип, өкүлчүлүктүн ишинде көп деле өзгөрүү болбой турганын билдирди.

"Кабыл алынган чечимге ылайык, Программалык кеңсе Кыргызстанга колдоо көрсөтүү максатында ЕККУнун аскерий-саясий, экономика-экологиялык жааттагы программаларды иштеп чыгат, ишке ашырат жана отчет берет",-деди элчи Пьер фон Аркс.

Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек

Дале: ЕККУ Кыргызстанга керек

Тышкы иштер министрлиги ЕККУга уюмдун Бишкектеги борборунун макамын өзгөртүү жараянын баштоону маалымдаганы боюнча “Азаттык” менен укук коргоочу, Норвегия Хельсинки комитетинин улук кеңешчиси Ивар Дале (Ivar Dale) ой бөлүштү.

Ошондой эле "жаңы мандат аймактык уюмдун Кыргызстандын тиешелүү органдары менен дагы тыгыз кызматташуусуна жол ачат" деген кеңсе башчысы мурдагыдай эле кыргыз өкмөтү менен биргеликте долбоорлорду ишке ашыра берерин белгиледи.

"Жаңы мандат программалык кеңсенин ишинин натыйжалуулугун жогорулатат. Себеби ЕККУнун программалык багыттарды деталдуу түрдө аныктайт"-деп кошумчалады ЕККУнун өкүлү.

Ошентсе да Кыргызстандын ЕККУдагы мурдагы өкүлү, дипломат Аликбек Жекшенкулов уюмдун макамындагы өзгөрүүлөр Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнө таасирин тийгизерин айтууда. Эксперттин белгилешинче, мындан ары уюм көп маселени кыргыз бийликтери менен макулдашып жүргүзүшү керек болот:

- Албетте кайсы бир деңгээлде таасирин тийгизет. Борбордун жетекчиси элчи катары көп укуктарга ээ болчу. Маселен, министр же башка мамлекеттик органдардын жетекчилери менен кызматташууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Программанын жетекчисинин укуктары чектелүү болот. Экинчиден, бизде көптөгөн программалар бар. Алар мурдагыдай саясий иштер боюнча пикирин билдире албай калат.

Буга чейин ЕККУнун Кыргызстандагы борбору өлкөдөгү болуп жаткан окуяларга, анын ичинде шайлоо жараяндарына өз мамилесин билдирип келген эле.

Досым Сатпаев
Досым Сатпаев

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаевдин пикиринде, Кыргызстанда болгон өзгөрүү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө мүнөздүү. Эксперт эл аралык уюмдар акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрүнө карата саясатын көздөн өткөрүп, жаңы багыттарын аныктап жатканын билдирди:

- Кыргызстанда болгон акыркы окуялар жалпы эле Борбор Азия өлкөлөрүнө карата айрым эл аралык уюмдардын кызыгуусу төмөндөгөнүн көрсөттү деп ойлойм. Бул алардын багыттары өзгөргөнүн билдирет. Мындай өзгөрүү жалпы дүйнөдө, Европада болуп жаткан окуяларга да байланыштуу болушу мүмкүн. Маселен, Орусиянын тышкы саясаты, Украинадагы акыркы окуялар жана Евробиримдик жана Европадагы процесстерди атоого болот.

Борбор Азия өлкөлөрүндө Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун Казакстанда программалык кеңсеси иш алпарса, Тажикстанда бюро, ал эми Өзбекстанда программалык координатор катары иштейт. Учурда Түркмөнстанда гана борбору өз ишин улантууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG