Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:59

Алина: Грузияда бир жыл малай болдум


Акыркы жылдары Түркияга жумушка чакырган жарнамалар көбөйдү. Бул азгырык тузагына көбүнчө жаш кыз-келиндер чалынат. Бирок алардын айрымдары алданып, кулчулуктун жан чыдагыс азаптарына кабылууда.

26 жаштагы кыргызстандык Алинаны (аты өзгөртүлдү) өз эжеси кулчулукка сатып жиберген.

- Мындан беш жыл мурун эжелеримдин бири "1000 долларлык жумуш таап берем" деп Түркияга чакырткан. Аэропорттон өзү тосуп алмак, бирок келген жок. Күтүп турсам менин атым жазылган кагазды көтөрүп бир түрк келди. Мен ага ишенбедим. Түрк эжемди "аялым" деп айтты. Эжем менен телефондон сүйлөштүрдү. Үйүнө барсак эки-үч айлык эркек бала бар экен, Кыргызстанда ал жөнүндө билбейт элек да. Бизге укмуш жашайм, иштейм деп айтчу.

Тбилиси шаары
Тбилиси шаары

Алинанын эжеси эмнени көздөгөнүн ким билсин, "Кыргызстанга кетем" деген кызды билет алып берем деген шылтоо менен Грузияга алып барган. Ошол жерден эки айлык баласы менен кошо грузин үй-бүлөгө таштап кеткен. Паспорту да, акчасы да жок Алина бир жыл ичинде башынан өткөргөн оор күндөрүн мындайча баяндады.

- Аябай азап тарттым. Тилемчилик кылдым. Кудай өзү кечирсин, жаным кейип, ачка болгондо уурдаганга да мажбур болдум. Кышы-жайы бир кийим менен жээнимди өлтүрүп албайын деп грузиндердин айтканын кылып жүрдүм. Сегиз уй саап, алар берген бир литр сүттү кээде бышырып, кээде чийки эле ичтик. Грузияда мандарин, апельсин көп өсөт экен. Курсак ачканда жей берип денем жара болуп кетти. Суу ичсем деле ашказаным ачышып укмуш кыйналдым.

Алина ата-энесин сагынып, айласы кеткенде тил үйрөнүүгө мажбур болгон.

- Айылда балдардын топ ойногон жери бар эле. Ошол жерге барып жок дегенде тил үйрөнөйүн дедим. Алар мени шылдыңдашат. Айла жок. Калемим жок, жерге чыбык менен жазып грузинче сөздөрдү жаттай баштадым. Айылда бир чоң үй бар эле, ошол үйгө барып грузинче дартымды айтсам, жардам берчүдөй сезиле берчү. Бир күнү бардым. Баланы аларга берип өзүм качайын деп ойлодум. Алар мени токтотуп, эжемди издей башташты. Эжем табылды. Башка бир түрк менен келип, баласын алып кетти. Грузиндерден паспортумду алып берди. Кыргызстанга баргандан намыстанып, Стамбулга билет алдырдым. Ошентип Түркиядагы мигранттык күндөрүм башталды.

Азыр көпчүлүгү "Даңазалуу доор" деген сериалды көрүп алышып, Түркияга келсе эле жыргап кетчүдөй ойлошот.

Стамбулга акчасы, ашык кийими жок келген кыргыз кыздын бешенесине ыймандуу түрктөр туш болгон. Бейтааныш кишилер эле үйүнө алып барып, дарылап, курсагын тойгузушкан. Тил билбегендиктен башында кара жумуштарда иштеп, кийин түркчө үйрөнгөндө бир үй-бүлөнүн баласын баккан.

- Башында кыйналдым. Мен келгенде кызы жаңы төрөлгөн, азыр үчкө чыгып калды. Эми анын бөбөгүнө да каралашып жатам. Грузиядан өлгөнү келдим эле, ооруканага алып барып дарылап, психологиялык жардам да беришти. Мен аларга ыраазымын. Жакшы да төлөп беришет.

Алина сыяктуу кулчулукка кабылган кыз-келиндердин окуялары түрк медиасында көп чагылдырыла баштады. Статистикага көз салсак, алты ай ичинде Түркияга орточо эсеп менен 45 миң кыргыз жараны кирет. Алардын ичинде үч айлык визасыз мөөнөткө келип, бирок жумушсуз калгандары арбын.

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов буларды айтты:

- Азыр көпчүлүгү "Даңазалуу доор" деген сериалды көрүп алышып, Түркияга келсе эле жыргап кетчүдөй ойлошот. Адашып, бирөөлөрдүн сөзүнө ишенип келип эле кулчулукка кабылгандар болуп жатат. Ошолорго кайрылат элем, бирөөлөр менен таанышып алып жөндөн-жөн келе бербеш керек. Түркчө билбесе, бул жакта эч ким жакшы жумуш таба албайт.

Ал эми Алинаны алдап чакырып, кулчулукка кириптер кылган эжеси менен байланыша албадык.

Алина болсо Грузияда бир жыл баккан жээнин күн сайын ойлоп, сагынып жүргөнүн айтты.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG