Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:06

Өзбекстанда жашап жүрүп, кийин Кыргызстанга кайтып келген кайрылмандар пенсиясын бул жерден ала албай кыйналып жатканын Социалдык фонддун төрагасы билдирди.

Алардын көпчүлүгү 2010-жылкы июнь коогалаңынан кийин көчүп келген. Ош облусунун Кара-Суу районуна жакында көчүп келген Каримовдордун үй-бүлөсүндө чоң энеси бүгүнкү күнгө чейин пенсиясын Өзбекстанга барып алууга аргасыз. Анткени аны Кыргызстанга которуу кыйынчылыкка туруп жатканын келини Рааткан Каримова “Азаттыкка” айтып берди:

- 2010-жылкы уруштан кийин көчүп келгенбиз. Кайненем өмүр бою пахтада иштеп жүрүп пенсияга чыккан. Ошол пенсиясы үчүн Өзбекстанга барыш чоң көйгөй. Чек ара мурдагыдай эмес, өзүңүздөр билесиздер. Эптеп өтүп барып, кээде үч айдыкын, кээде андан көп болуп кетет, чогултуп алып келет. Эми ошону эптеп Кыргызстанга өткөрүп алсак жакшы болот эле. Кыргыз өкмөтү Өзбекстандын өкмөтү менен сүйлөшүп, ушул жагынан биздин маселелерибизди чечип берүүсүнө аябай үмүттөнөбүз.

Каримовдордун үй-бүлөсүндөй болуп Кыргызстанга көчүп келген өзбекстандык кыргыздардын көпчүлүгү 2010-жылкы июнь коогасынан кийин тарыхый мекенине кайтып келген. Алардын арасында кыргыз жарандыгын, андан кийин паспорт алгандары бар. Андай массалык түрдө көчүп келгендер Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында отурукташкан, ошондой эле азыраак санда Чүйгө келип жайгашкандар бар .

Өмүр бою Өзбекстанда иштеп жүрүп, пенсияга чыгып, анан бул жакка көчүп келген пенсионерлердин акчасын Кыргызстанга которуу өкмөттүк деңгээлдеги маселеге айланууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Социалдык фондунун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиев “Азаттыкка” билдирди:

Өзбекстанда пенсия алып жүрүп, Кыргызстанга келип, биздин жарандыкты алган пенсионерлердин иш кагаздарын өзбек өкмөтү бизге бериши керек. Бирок ар кандай себептер менен биздин жазган расмий суроо-талаптарыбызга жооп бербей келе жатышат. Ошондуктан бул маселе боюнча Тышкы иштер министрлигине кайрылдык, алар эми Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги менен чогуу аракет кылса, жылыш болоор деген үмүт бар.

Соцфонд төрагасынын айтуусунда, 1996-жылга чейин Кыргызстанга көчүп келип, жашап, иштеген этникалык кыргыздарда маселе жок. Алар үчүн Кыргызстандын бюджетинен пенсия толугу менен төлөнөт. 2000-2010-жылдардын аралыгында келген карыялар да кыргыз жарандыгын алган учурда пенсия менен камсыз болушат, бирок Социалдык фондго которгон төлөмдөрүнө жараша азыраак өлчөмдөгү пенсия коюлат:

- Пенсияга чыгаарына аз калганда Кыргызстанга көчүп келип, бул жактан пенсияга чыгам дегендер болсо, алар эмгек китепчесин жана башка архивдик документтерин Социалдык фондго апкелүүсү керек. Ошого жараша бизден конвертация кылынып, сомго которулуп, пенсия чыгарылат. Албетте, Социалдык фондго акча которбогону үчүн минималдык пенсия коюлат.

Өткөн жылы Кыргызстанга кайтып келип, кыргыз жарандыгын алып, паспортко ээ болгон этникалык кыргыздардын саны 4500дөн ашты. Алардын тең жарымы – 2103 жаран Өзбекстандан кайтып келген кайрылмандар. Ал эми жыл жаңыргандан берки убакта КР мамлекеттик каттоо кызматынан кыргыз паспортун алган 415 этникалык жарандын баары Өзбекстандан көчүп келгендер. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынан “Азаттыкка” билдиришти.

Кайрылмандар пенсиядан башка да чечилбей жаткан маселелери бардыгын айтышат. Анын ичинде балдар үчүн берилүүчү жөлөкпул, Өзбекстанда калган турак-жайын сатуу боюнча көйгөйлөр бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG