Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:03

“Азаттыктын” "Арай көз чарай" талкуусунда бойго жетелек кезинде кыз баланы күйөөгө берүү көрүнүшү талкууга алынды.

Талкууга Жалал-Абаддагы “Каниет” кризистик борборунун жетекчиси Жанна Саралаева жана адеп-ахлак темасы боюнча берүүлөрдүн автору, журналист Бейшенбек Бекешов катышты.





“Азаттык”: Укук коргоочулар акыркы убактарда 15-16 жаштагы секелек кыздарды күйөөгө берүү же ала качуулар көбөйүп баратканын айтып, добулбас кагышууда. Кыздарды турмушка эрте берүүгө негизинен эмне себеп болууда?

Саралаева: Биринчиден, социалдык себеп. Анткени көп балалуу үйдө чоңоюп калган кызды багуу керек, аны мектептен ары окутууга акчасы жетпейт. Мындан тышкары кызды кичинекей чагынан “сен башка үйдүн бүлөсүсүң” деген түшүнүктү кулагына куюп, "ошол бүлөгө эрте мүчө болуп барышың керек" деп да үйрөтүшөт.

Бекешов: Бул маселе тууралуу айтканда кыргыздын улуттук салттарын, канчалаган кылымдар бою келе жаткан каадасын жамандоого аракет сезилип турат.
Өзүңөр, эркектер тандайсыңар, кыздын өңү-түсүн, бой-сымбатын, ата-энесин, атүгүл байлыгын тандап, анан ала качып кетип атасыңар.

Бүгүнкү күндөгү кыргыз кыздарынын абалын кыргыздын салты же дини, турмуш образы жараткан жок. Бүгүнкү кыргыз кыздарынын жүрүш-турушу ушул укук деген нерсенин азабынан чыкты.

Укук талашууга келгенде адегенде укукту аныктап алуу керек. Кыздын эң биринчи укугу – жар болуу, экинчиси - эне болуу укугу. Бул кудайдан берилген. Окуу, иш же коомдон бир орун алуу кийинки орунга калышы керек.

Кыз баланы эркек менен тең деп көчөгө чыгарып жиберет, качан эле кыз эркек бала менен тең эле? “Кыз бала кулагы менен сүйөт” дейт, бир күнү болбосо башка күнү бир балээге кабылат, "карышкырларга" илинет да тагдыры бузулат. Бардыгы эмес албетте, көпчүлүгүнүн ушинтип тагдыры, бактысы талкаланып, психологиясы, кулк-мүнөзү бузулуп, ушул күнгө келип атат.

Саралаева: Мен башкача эсептейм. Коом бир эле аял кишиден же кыз баладан түзүлбөйт, коомчулукта эркектер да бар. Эгер биз кызды кичинекей кезинен эле тыйып, жакшы болсун дей берсек деле коом оңолуп кетпейт. Анткени кыздарды бузуп, жаман жолго, сойкулукка бургандар - эркектер. Анткени алардын ошого талабы болуп жатат, кыздарды ошолор түртүп жатат.
Кээ бир ата-эне бар, кыздарын 15-16 жашында эле даярдап коет. Кээ бирөөлөр 30 жашка келип деле даяр эмес. Эптеп-септеп жүрүшөт.

“Бузулуп кетпесин” деп кызды күйөөгө эрте берип койгону менен бул маселенин баары чечилип калбайт. Кыз 13-14-15 жашында үй-бүлө курууга али даяр эмес. Физиологиялык түзүмү да, психологиясы да туура келбейт. Үй иши, мамиле түзүү да чоң тажрыйбаны талап кылат, буга да убакыт керек.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, сиз "кыз баланын биринчи укугу жар болуу, эне болуу" деп айтып атасыз. Бирок ушул укук ага толугу менен берилип атабы? Анткени ага үйлөнгөн күйөөсү зөөкүр же аракеч чыгат, же болбосо кайын журту келген келинден үй-чарба иштерин жасай турган гана кызматкер көргөн учурлар да арбын болуп, ажырашууга алып келген учурлар аз эмес.

Бекешов: Күйөөгө кетип аткан кызды сүргүнгө кетип бараткандай кабыл албаш керек. Ал кыз ошол бүлөнүн тукум улоочусу, ошол үйдүн келечектеги ээси катары барат. Кыз алганда да карайт да, базардан уй алганда деле карап алып атпайбы. Кызды жөн эле бөктөрүп алып келип аткан жок да, аны кадимкидей кудалашып, бары-жогун карап, чыгым болуп, кызга да калың төлөп, экинчи ажырашкыс болуп, чыгым болуп алышы керек. Кызды энеси тарбиялабаган болсо, кайын энеси тарбиялайт.

Саралаева: Бейшенбек мырза, сиз кыздарды уйга теңегениңиздин өзү өтө осол иш. Мына бул да коомдун аялга, кызга болгон мамилесин так, ачык көрсөтүп турат.

Биздин кризистик борборго жашы жете электе турмушка чыгып, укугун билбегендер көп кайрылышат. Ошонун айынан бүгүнкү күнү жаш келинди алган соң анын никесин расмий түрдө каттоого эч ким кызыкдар эмес, бул да алардын укугунун тебеленгени.

Бир жолу ошондой расмий никеси жок келиндин кайын энеси ачык эле айтты: “ЗАГС деген беш мүнөттүк иш, мен келинимди 1-2 жыл сынашым керек, оокат кыла алабы, бала төрөй алабы, мына ушул сындардан өткөндөн кийин, расмий никени беш мүнөттө алып берип коем” деп. Баласы болсо жаш кызды үйүнө отургузуп коюп, Орусияда иштеп жүрөт. Мына бүгүнкү биздин коомдун кыздарга кылган мамилеси.

“Азаттык”: Совет доорунда жетилүү курагы 18 жаш болчу. Кыргызстандагы быйыл кабыл алынган Үй-бүлөлүк кодекс боюнча кыздардын жетилүү курагы 17 жаш деп эсептелинет. Бирок ошол 17 жаштагы кыз турмушка чыгып, бир үй-бүлөнү түптөөгө, бала төрөп эне болууга, ал эле эмес, кайын журттун кызматын кылууга даярбы?

Бекешов: Ал үй-бүлөгө жараша. Кээ бир ата-эне бар, кыздарын 15-16 жашында эле даярдап коет. Кээ бирөөлөр 30 жашка келип деле даяр эмес. Эптеп-септеп жүрүшөт. Мен иштеген ЭлТР телеканалында отуз чакты кыз бар, аларга ата-энеси бербеген тарбияны толуктап биз берип, күйөөгө берип атабыз. Баары четинен күйөөгө кетип атат, ал тургай алды бала төрөп, кайра келип ишин улантып жатышат.
Кыз 13-14-15 жашында үй-бүлө курууга али даяр эмес. Физиологиялык түзүмү да, психологиясы да туура келбейт.

Саралаева: Үй-бүлө курууга даярбы дегенде эмнени түшүнсө болот, бул да чоң маселе. Жалаң эле идиш-аяк жууп, оокат жасоо эмес. Укуктун баарын үйрөтүп, кыздарыбызды бузуп жатабыз деген сөздөр айтылып атат. Көбүнчө эрте күйөөгө тийген кыздар дал ошол укугун билбейт, билбегени үчүн күйөөгө тийүүгө макулдугун берип жатышат.

Сузакта бир нече айыл бар, кыздарын 8-класстан тартып эле күйөөгө берип жатышат. Алар балалуу болушат, бирок көп жашабай алар көчөдө калып атышат, анткени “ажырашып атат” деп айта албайсың, аларды кайын журту же күйөөсү жөн эле айдап жиберет. Анан бизге кайрылышат, же алган билими жок, үйрөнгөн кесиби жок, же укугун билишпейт. Расмий никеси да жок, баласына алимент да өндүрүп ала алышпайт. Бул маселенин баарын үйрөтүп, жол көрсөтүп отуруп биз көрүп атабыз, кыздардын өз укугун билбегенинен ушул маселелер чыгып атат. Баласы жетим калат, өзү психологиялык жактан басынып отуруп, коомдон сүрүлүп калууда. Бул бүтүндөй бир муундун оорусу, жарасы.

Бекешов: Кыз бала эч качан эркек менен тең болгон эмес. Эркектен башкача, ой-жүгүртүүсү да, акыл түзүмү да башкача. Ошондуктан кызды көчөгө койо берип, “бар, өзүң күйөө тап” деп айтпаш керек. Кыздын камын көрүш керек, окутуш керек, тарбия бериш керек. Кыздын жоопкерчилиги эң биринчи ата-энеде, эркек бир туугандарында. Укук коргоочулар бул түшүнүктү талкалап бүттү.

“Азаттык”: Совет доорунда, өзгөчө 1960-80-жылдардагы Кыргызстанда, “уулум окубаса мейли, кызым окуп, диплом алсынчы”, - деген түшүнүк жайылган эле, ата-эненин көңүлүн бийлеп калган. Азыр андай болбой атканы, тилекке каршы, кыз балдардын укугу тебеленишине алып келип атпайбы?
“Кыз бала кулагы менен сүйөт” дейт, бир күнү болбосо башка күнү бир балээге кабылат, "карышкырларга" илинет да тагдыры бузулат.

Бекешов: Мен дайыма “эгер силердин алдыңарда күйөө менен окуу турса, күйөөнү тандагыла” деп айтып келем.

Саралаева: Сиз айткандай кыргыздар илгертеден эле кыздарын тарбиялап келген. Бирок ошол тарбияланган кыз тарбиясы жок күйөөгө тийип калып, кордук көрүп, запкы жегени канча?!

Бекешов: Ошону тандагыла деп атпайбызбы, кудалашып бергиле, карагыла, уйду кандай тандаса, кызды деле тандайт да. Күйөө баланы да тандашы керек.

Саралаева: Тандатпай атпайсыңарбы? Күйөө баланы тандоого мүмкүнчүлүк бербей жатасыңар! Өзүңөр, эркектер тандайсыңар, кыздын өңү-түсүн, бой-сымбатын, ата-энесин, атүгүл байлыгын тандап, анан ала качып кетип атасыңар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG