Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:44

Бүгүн кыргыз коомчулугу "Супара" этнокомплексинде Кыргызстандын алгачкы демократтарынын бири, публицист, ишкер Табылды Эгембердиев менен коштошту.

Коштошуу зыйнатына расмий өкүлдөр баштаган калктын калың катмары катышып, маркумдун жеке адамдык сапаты, улуттук экономикага, маданиятка жана туризмге кошкон салымы белгиленди.

Эл акыны Шайлообек Дүйшеев коштошуу митингинде жаназага келгендерге кайрылгыс болуп кеткен досу Табылды Эгембердиевдин жан дүйнөсүн ачып, инсандык өзгөчөлүктөрүн айтып берди:

- Сен акылдуу болчусуң. Сергек болчусуң. Жаш баладай таза, ошол эле учурда өтө татаал да болчусуң. Кирем дегендин баарына жүрөгүңдүн эшигин ача берчү эмессиң. Калп, жалган, жасалма жашагандарды, эки жүздүү адамдарды, кыргызга жакшылык кылбаган жанбактыларды жиниңдей жек көрчүсүң. Сага жагыш, сенин жүрөгүңө кириш дээрлик мүмкүн эмес эле. Сен жаш баладай ак көңүл, кирсиз, таза, кыйын элең. Бирок бала экен деп алдап кетүү, сага жагыш андан да кыйын болчу. А бирок жаккан кишиңди эч качан жүрөгүңдөн чыгарчу эмессиң. Ошол жүрөгүңдөгү киши мен болгонума бир чети сыймыктансам, бир чети таң калам. Өмүр азайган сайын дос да улам азая берет экен. Сенде да, менде да дос аз эле...

Дүйшеев маркумдун байлык, бийлик кубалабаган, адамдарга кызматына, мансабына карап мамиле кылбаган сыпаа мүнөзүнө токтолуп, таза ишкерлик менен таза байыган, улуттук суусундукту дүйнөлүк стандартка ылайыктап, элге сунуштаган биринчи кыргыз болгонун белгиледи.

Белгилүү түрколог, профессор Кадыралы Коңкобаев маркумду кыргыз демократиясындагы жана өнүрүшүндөгү кыргыз жигитинин үлгүсү катары сыпаттады:

- Кыргызга “Шоро” деген компаниясы аркылуу бренд түзүп берди. Ар бир кыргыз дебейин, эгер бир пайыз кыргыз өз мекени үчүн Табылдыдай жаратман болсо, биздин эл бакубат жашоого жетишет эле. Мен “Азаттыкта” иштеп жүргөндө Табыке менен “Кыргыз кандай болуш керек” деген темада көп сүйлөшөр элек. Эгембердиев сексенинчи жылдардан кийинки курч, эркин публистиканын баштоочусу болгон. Ошол учурда анын жазгандары кыргыз интеллигенциясынан баштап карапайым кыргызга чейин түшүнүктүү болуп турган.

Кадыралы Коңкобаевдин айтымында, Эгембердиев өз эмгеги менен кыргыздар ааламдашуу мезгилине кантип ылайыкташуу керек экенин көрсөтүп, өз улуту үчүн заманбап жашоо философиясын жаратып кетти.

Жаш ишкерлер ассоциациясынын координатору Искендер Ормон уулу болсо, Эгембердиевдин өзгөчө феномени бүгүнкү сөөк коюуга келген калктын катмарынан да билинип турганын айтты:

- Жаназага келген адамдарды карасаңыздар. Кайсы улут экенине карабай, кайсы маданиятты же динди карманганына карабай топурак салууга келишти. Ар кандай көз караштагы адамдар келип ушул жерден жолугуп жатышат. Демек, Табылды Эгембердиев кыргыздын асылдыгын жалпы адамзатка жеткирип, аларга өзүнүн инсандык тазалагы, бийиктиги менен жага алган.

Табылды Эгембердиевди акыркы сапарга узатуу боюнча уюштуруу иштерин жетектеген биринчи вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев маркумду өзүнүн устаты катары эсептээрин айтты.

- Табылды агай катардагы бизнес өкүлү эмес. Ал Кыргызстан өз алдынчалыкка кадам таштап жатканда өзүнүн мекенчилдиги менен кыргыз жаштарына чакырык таштаган. Мен ошондо студент болчумун. Анын ошол кезде айткан сөздөрү бизге руханий багыт катары эсте калды. Жаштарга үмүт жандырган. Өзүңүздөр билесиздер, ал саясатка кирген жок. Бирок өзүнүн эмгекчилдиги, таамай сөздөрү, кайраттуулугу менен баарыбызга үлгү болуп келди. Анын ичинде менин да агайым эле.

Сарпашев, мындан сырткары, Табылды Эгембердиев өз ишмердүүлүгү менен канчалаган адамдарга шык берип, жеке өзү миңдеген адамдарды жумуш орун менен камсыз кылып, аларга мүмкүнчүлүк түзүп бергенин кошумчалады.

Табылды Эгембердиевдин сөөгү жаназада 65 жаш деп эсептелип, Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөнгө коюлду. Ал 16-майда Бишкекте узакка созулган оорудан улам каза болгон эле.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG